Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-июну № 84
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын - айыл өкмөттөрүнүн башчыларын шайлоону 2012-жылдын 26-июнуна дайындоо жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-бөлүгүнө, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Там айылдык аймагынын, Аксы районунун Ак-Суу айылдык аймагынын, Талас облусунун Бакай-Ата районунун Шадыкан айылдык аймагынын, Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылдык аймагынын, Алай районунун Жаңы-Алай айылдык аймагынын, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна айылдык аймагынын айыл өкмөт башчыларын шайлоо 2012-жылдын 26-июнуна дайындалсын.
2. Айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет).
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоолорду өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун.
4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |