Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 8-июну № 86
"Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссиялар жөнүндө"
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, каттоо кызмат органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, шайлоо комиссиялардын, калктын эсебин ишке ашыруучу мекемелердин, уюмдардын өз ара аракеттенүүсүнө жардам көрсөтүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруусуна зарыл көмөк көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссиялар түзүлсүн.
2. "Шайлоочулардын тизмесин түзүүнүн ачык-айкындыгын камсыз кылуу, сапатын жакшыртуу үчүн аймактык шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча коомдук комиссиялар жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрагас | Т.Абдраимов |