Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-июлу № 90
Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7-пунктун, 19-беренесинин 7-бөлүгүнө, Борбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы № 375 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, өз каалоолору боюнча Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгаруу жөнүндө Л.К.Байдавлетованын, О.Я.Алексееванын, С.Ф.Пуртованын, Б.Т.Байботоеванын, К.Г.Шевченконун, Т.У.Ерибаеванын, К.Ю.Мулла-Ахунованын, Ш.Н.Эшееванын, В.Б.Садыкованын, Г.К.Болотбекованын, А.С.Баялиеванын, Т.М.Кожокеевдин, А.Р.Бердибековдун, Э.А.Карыбекованын, К.С.Ногойбаевдин, С.Д.Калмаматованын, Т.Ш.Кубаталиевдин, У.Ж.Садыгалиевдин, К.А.Кыдыралиеванын арыздарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан көрсөтүлгөн Байдавлетова Людмила Кыдыргычевна, Алексеева Оксана Яковлевна, Пуртова Светлана Федоровна, Байботоева Бубусара Табалдиевна, Шевченко Клавдия Григорьевна, Ерибаева Тамара Усакеевна, Мулла-Ахунова Карина Юсуповна, Эшеева Шаршенкуль Нарбаевна, Садыкова Венера Болотбековна, Болотбекова Гульсия Казыбековна, Баялиева Асель Сабырбековна, Кожокеев Тойчубек Мырзаевич, Бердибеков Алибек Рысбекович, Карыбекова Эльмира Абдыраевна, Ногойбаев Канат Садырбекович, Калмаматова Суйдумкан Доолотбековна, Кубаталиев Талантбек Шералиевич, Садыгалиев Урмат Жусупович, Кыдыралиева Касиет Абалхановна чыгарылсын.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төраганын ыйгарым укуктарын аткаруучу | А.Шайымкулова |