Бишкек ш., Өкмөт Үйү 2001-жылдын 9-марты ПУ N 11 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН УКАЗЫ Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасы жөнүндө «Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынаылайык, мамлекеттик кызматты мындан ары да реформалоо, мамлекеттиккызматчылардын адептик-этикалык нормаларынын, жарандардынконституциялык укуктары менен эркиндиктеринин мамлекеттик кызматчылартарабынан урматталышын жана сакталышынын артыкчылыктарын белгилөөмаксатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасыныннегиздери жөнүндө жобо
№1 тиркемеге ылайык бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттиккызматчылардын этика маселелери боюнча комиссия
№ 2 тиркемеге ылайыктүзүлсүн (мындан ары – Этика маселелери боюнча комиссия). 3. Этика маселелери боюнча комиссиянын жумушчу органы КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн курамында иштеген секретариатболо тургандыгы белгиленсин. 4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан КыргызРеспубликасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздерижөнүндөгү жобо кыйшаюусуз жетекчиликке алынсын жана анын негизиндемамлекеттик кызматчылардын этикасынын ички ведомстволук нормаларыбелгиленсин. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Указгаылайык келтирсин. 6. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу КыргызРеспубликасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштери жанамамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 7. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев