Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 8 декабры, № 565 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ «Чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарыӨ.Ч.Текебаев, М.К.Жураев, Б.Э.Шерниязов жана К.К.Иманалиев тарабынандемилге көтөрүлгөн «Чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштаржөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелгенкорутундунун негизинде макулдук берилбесин. 2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин. Премьер-министр Ф.Кулов «Чегара жанындагы калктуу конуштар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктунаылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарыӨ.Ч.Текебаев, М.К.Жураев, Б.Э.Шерниязов жана К.К.Иманалиев тарабынандемилге көтөрүлгөн «Чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштаржөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып,Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй себептерге жана сунуштаргабайланыштуу аны кабыл алууга макулдук бербеди. Сунушталган мыйзам долбоорунда чегара жанындагы аймактарды чыњдоо,ошондой эле мамлекеттик коопсуздукту жана мамлекеттик чегаранынбүтүндүгүн камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын аймагында«чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуш» деген өзгөчө статусберилчү администрациялык-аймактарды түзүү каралган. Бул «Мамлекеттикчегара жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына каршы келет, атапайтканда, Мыйзамда минтип айтылган: - 24-статья: «- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өзалдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын мамлекеттикчегарасын кайтарууга жарандарды ыктыярдуу негизде тартууга шарт түзөтжана көмөктөшөт; - 27-статья: «- юридикалык жактар мамлекеттик чегараны кайтаруугашарт түзүүгө, өз кызматкерлерин, коомдук бирикмелердин мүчөлөрүныктыярдуунегизде тартууга көмөктөшүүгө милдеттүү»; - 28-статья: «Кыргыз Республикасынын жарандары чегараны кайтаруубоюнча ыктыярдуу кошуундардын курамында, ошондой эле чегарааскерлеринин штаттан тышкаркы кызматкери катарында жана башка формадаКыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасын кайтарууга ыктыярдуунегизде катыша алат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынкайтарууга жарандарды тартуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүаныктайт.». «Чегара кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-статьясы Кыргыз Республикасынын Чегара аскерине «- чегара райондорунункалк отурукташкан пункттарында жана мамлекеттик чегарадан өткөрүүпункттарында жергиликтүү калктын арасынан мамлекеттик чегараныкайтарууга катышуу үчүн ыктыярдуу түзүлүштөрдү түзүүгө» укук берет. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасы, ӨзбекстанРеспубликасы, Тажикстан Республикасы жана Кытай Эл Республикасысыяктуу мамлекеттер менен жалпы чегарасы болгондуктан КыргызРеспубликасынын Конституциясынын 9-статьясынын 1-пунктуна ылайыкКыргыз Республикасы экспансия, басып алуучулук максаттарды жанааскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт. Алмамлекеттик турмушту аскерлештирүүнү, мамлекетти жана анын ишин согушжүргүзүү максатына баш ийдирүүнү четке кагаарын белгилеп коюу керек. Ошентип, жогоруда аталган мамлекеттер өздөрүнүн БУУнун Уставын жанаэл аралык укуктун принциптерин жакташаарын ырасташып, 1987-жылдын 18-ноябрындагы Эл аралык мамилелерде күч колдонуу опузасынан же аныколдонуудан баш тартуу принцибин күчөтүү жөнүндө декларацияга, 1992-жылдын 15-майындагы Коллективдүү коопсуздук жөнүндө келишимге, 1993-жылдын 7-августундагы Чегаралардын кол тийгистиги жөнүндө келишимгежана региондогу коопсуздук жана кызматташтык жөнүндө башка эл аралыкмакулдашууларга жана келишимдерге катышуучу болуп эсептелишет. Ошондой эле, Кыргыз Республикасы менен чектешкен мамлекеттер Шанхайкызматташтык уюмуна (ШОС), Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине(КМШ), Евразиядагы экономикалык шериктештикке (ЕврАзЭС) мүчө. Мындан тышкары, коомдук тартипти, адамдын коопсуздугун камсыздоожана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктар КыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык ички иштер органдарына жүктөлгөн,бул жер-жерлерде кошуундарды түзүүгө жол бербейт. Мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасынкайтарууну камсыздоодо, анын ичинде чегара жанындагы аскерлештирилгенкалктуу конуштарды түзүү маселесинде негизги милдетти аткаруучу КыргызРеспубликасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аскеринин ролуаныкталган эмес. Ошондой эле республиканын башка мамлекеттик бийликоргандарынын бул маселедеги ролдору жана өз ара байланыштарычагылдырылган эмес. «Аскерлештирилген калктуу конуштар» терминин колдонуу (мыйзамдолбоордун 5, 6, 7, 8 жана 9-статьялары), республиканын аймагындакандайдыр аскердик кошуундардын болушу «Коргоо жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын кошуундардын тизмесин (тынчтык мезгилдеги)аныктаган жана «Кыргыз Республикасында башка аскердик кошуундардынболушу жана аларды түзүү мыйзам боюнча куугунтукка алынат» депкөрсөткөн статьясына каршы келет. Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук концепциясына ылайык«мамлекеттик коопсуздук» деген терминдин ордуна «улуттук коопсуздук»деген терминди колдонуу ылайыктуу болот. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунун 1-статьясынын 1-абзацын алыпсалууну сунуштайбыз, анткени мамлекеттик чегарага жакын жайгашканкалктуу конуштар «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндө»Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-статьясына ылайык аныкталат,анда: - «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында талаптагыдайтартипти сактап туруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүтарабынан чегара зонасы жана чегара тилкеси белгиленет. Чегара зонасы- мамлекеттик чегарада талаптагыдай тартипти камсыз кылуу максатындамамлекеттик чегарага жамаатташ райондун, шаардын, айылдын аймагынынчегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген жертилкеси» - деп айтылган. 1-статьянын 2-абзацы боюнча. Жарандардын жашоосунун өзгөчө режиминколдонуу жол берилгис, анткени өзгөчө укуктук режим убактылуу мүнөздөболот жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде өзгөчөабал («Өзгөчө абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) жеаскердик абал («Аскердик абал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы)жарыялоо жолу менен киргизилет. 2-статьяны алып салууну сунуштайбыз, анткени чегара жанындагыкалктуу конуштардын тизмеси жана чегаралары жогоруда белгиленгендей«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын ушул статьяданулам келип чыгуучу башка мыйзамдык актыларынын (Кыргыз Республикасынын2004-жылдын 15-майындагы № 362 «Кыргыз Республикасынын чек аразонасында жана чек ара тилкесинде чек аралык режимди орнотуу жөнүндө»токтому) негизинде аныкталат. Мыйзам долбоорунун жарандардын укуктарын чектөөнү караштырган 3-статьясы (мыйзам долбоорунун 2-статьясынын 2-абзацынын 2-пунктунашилтеме: «чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштардажашаган, ошол эле убакта өзүнүн калктуу конушунун чегинен сырткачыгуучу жарандардын санын чектөө») Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын 16-статьясынын: «Ар бир адам Кыргыз Республикасынынаймагынын чегинде орун которуу, өзү баруучу жана жашоочу жерди тандооукугуна ээ» деп аныктаган 8-пунктуна каршы келет. 4-статья боюнча - бул статьянын кереги жоктугу жогоруда негизделди. 5-статья боюнча. Бул статья «Курал жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамын кайталайт жана аскерлештирилген калктуу конуштарда куралдынколдонулушун чектейт. Бул статьяны төмөнкүдөй редакцияда баяндоонусунуш кылабыз: «Курал алуунун, алып жүрүүнүн жана колдонуунун тартиби«Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгөашырылат». 6-статья боюнча, бул статьяны алып салууну сунуштайбыз, анткени 1-абзацында аскердик-дене бой жана күжүрмөн даярдыкка тартылчу 18 ден 45жашка чейинки адамдардын категориясы, башкача айтканда аялдар жеэркектер экени, пландаштырылган жыйындардан аркандай себептер боюнчабошотулчу адамдардын контингенти көрсөтүлгөн эмес. Мындан тышкары, 2-абзацта аскердик-дене бой жана күжүрмөн даярдыктын көлөмүн КыргызРеспубликасынын Өкмөтү аныктайт деп айтылат. Аскердик-дене бой жанакүжүрмөн даярдыктан өтүүнүн тартиби, мөөнөттөрү жана КыргызРеспубликасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Уставы менен аныкталчу казармалыкабал киргизүү учурлары өзгөчө учур болуп эсептелет, турмушта бул андайэмес. Мисалы, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндөпландаштырылган жыйындарда болуу, ошондой эле жыйындардын жанакүжүрмөн даярдыктын мөөнөттөрү жана көлөмү Кыргыз Республикасынынтийиштүү ведомствосунун жыл сайынкы приказы менен аныкталат. 7-статья боюнча. «Казармалык абал» деген терминди колдонуугаболбойт, анткени «Казармалык абал» деген аскерде гана колдонулуучутермин. Мында сунушталып жаткан статьядагы «казармалык абал» дегентермин реалдуу жана мүмкүн болгон коркунуч учурунда коопсуздуктукамсыздоо үчүн жарандардын укуктарын чектөөнү билдирет, бул КыргызРеспубликасынын колдонуудагы нормативдик укуктук актыларына каршыкелет. Кыргыз Республикасынын коопсуздукту камсыздоо, КыргызРеспубликасынын Конституциясынын негизинде жарандардын укуктарынчектөө жагыидагы нормативдик укуктук актылары болуп КыргызРеспубликасынын «Өзгөчө абал жөнүндө» жана «Аскердик абал жөнүндө»мыйзамдары гана эсептелишет. Мыйзам долбоорунун 8-статьясы «Аскер кызматчыларынын статусужөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-статьясына каршы келет,анда «Кыргыз Республикасынын жарандары аскер кызматчынын статусунаскердик кызматка чакырылган (ыктыярдуу же контракт боюнча өткөн) жежыйынга чакырылган күндөн баштап алышат жана аскердик кызматтанбошотулган (аскердик бөлүктүн тизмесинен чыгарылган) же жыйын бүткөнкүндөн баштап ажыратылышат...» деп айтылган. 9-статья боюнча. Аскерлештирилгеы калктуу конуштардын аймагындажашаган жарандар мамлекеттик чегараны чыњдоого көмөк көрсөтүшөөрүнэске алып, аларды Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынынЧегара аскеринин Командачысына баш ийдирүү ылайыктуу, ал эми ыйгарымукуктарын Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегарааскеринин чечими боюнча өзүнчө жобо менен аныктоо туура. Мыйзам долбоорун даярдоодо «Курал жөнүндө» Кыргыз Республикасынын"Мыйзамынын талаптары толук эске алынган эмес, анда республиканынаймагында жарандарга аны ташыгандан башка учурларда өзүн коргоо. үчүндүрмөттүү же дүрмөтсүз курал алып жүрүүгө тыюу салынган. Бул шартошондой эле чегара жанындагы аскерлештирилген калктуу конуштардынтургундарынын митингдерди, көчө бойлогон жүрүштөрдү, пикеттерди жанабашка көпчүлүк катышкан иш-чараларды өткөрүүдө куралды мыйзамсызколодонуу мүмкүндүгүн да жокко чыгарбайт. Мыйзам долбоорунун негизги максаттарынын бири болуп чегаражанындагы аймактарда калктын ички миграциясын токтотуу жана аларгатуруктуу өнүгүү үчүн шарт түзүү болуп эсептелет. Бул максатта Мыйзамдын долбоору жарандардын мындай категорияларыүчүн тийиштүү артыкчылыктарды жана жењилдиктерди (ипотекалык кредитберүү, салыктарды жењилдетүү ж.б.) камтууга тийиш. Бирок каралыпжаткан мыйзам долбоорунда жарандардын милдеттери гана белгиленип,жењилдиктер жана артыкчылыктар боюнча нормалар, ошондой эле башканормалар шилтеме мүнөздө. Жогоруда айтылгандардын негизинде, кандайдыр бир конкреттүүсунуштарды киргизүү мүмкүн эмес деп ойлойбуз, анткени мыйзамдындолбоору так варианттуу жана структуралык фундаменттүү болбогондуктанконкреттүү багыт боюнча сунуш киргизүүнү татаалдатат. Ушугабайланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мамлекеттик чегараны чыњдоожана чегара жанындагы райондордун калкынын турмуш дењгээлинжогорулатуу үчүн аларга тийиштүү укуктарды, жењилдиктерди берүү жанамилдеттерди тагуу, ошондой эле сунушталып жаткан мыйзам долбоорунунчегинде Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгына жооп берүүчү башка иш-чараларды жүргүзүү ылайыксыз деп эсептейт жана Кыргыз Республикасынынбашка нормативдик укуктук актыларына, мисалы Кыргыз Республикасынын«Мамлекеттик чек ара жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушкылат. Премьер-министр Ф.Кулов