Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 4-октябры № 109
2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиялары үчүн документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журналды бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумун өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 9, 15-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнө, 19-беренесинин 6-бөлүгүнө, 21-беренесинин 3-бөлүгүнө, 53-беренесинин 12-бөлүгүнө, 60-беренесинин 9-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо боюнча аймактык шайлоо комиссиялары үчүн документтердин формалары жана үлгүлөрү менен журнал бекитилсин (тиркелет).
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |