Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ  ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН

2016 жылдын 6 ноябрындагы № 190 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

деп табылсын

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

 2012-жылдын 10-октябры № 117

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде аймактык шайлоо комиссияларынын алдында шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топту уюштуруу жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-28-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1, 2, 3-пункттарына, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1,2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын талаптарын сактоо максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2012-жылдын 25-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топ уюштурулсун.

Жумушчу топтун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү А.Т.Асаналиев дайындалсын.

2. Шайлоо мезгилинде шайлоо алдындагы үгүттү жүргүзүүнүн эрежесин сактоону контролдоо боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Жумушчу топтун курамы боюнча сунушун киргизсин.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов