Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫНЫН
2016 жылдын 9 ноябрындагы №197 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
деп табылсын
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 3-ноябры № 136
"Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобону бекитүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 21-пункттарын, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Президентин, Жогорку Кеңешинин депутаттарын жана жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодогу эл аралык (чет элдик) байкоочулардын ишинин тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө" Жобо (тиркеме) бекитилсин.
2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов |