Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-январы № 3 (КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык) КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 26-июнундагы № 86 токтомуна ылайык бул токтомдун жергиликтүү кеңештердин шайланган депутаттары деп таануу жөнүндөгү бөлүктөрү күчүн жоготту. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө |
2012-жылдын 25-ноябрында жергиликтүү кеңештердин депутаттары шайлангандыгына байланыштуу, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1,3-бөлүктөрүнө, 49-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону дайындалсын. 2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын – шаарлардын мэрлерин жана айыл өкмөт башчыларын шайлоону өткөрүү графиги бекитилсин (тиркелет). 3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиялары шайлоону өткөрүүнү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштурсун. 4. Бул токтом “Эркин Тоо” газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн. |
Төрага | Т. Абдраимов
|