Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-январы № 13
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Н.А.Мадалиевди каттоо жөнүндө
"Ар-Намыс" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Мамытов Токтокүчүк Болотбековичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2, 25-пункттарга, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Ар-Намыс" саясий партиясынан Мадалиев Нуркамил Апишевич Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
2. "Ар-Намыс" саясий партиясынан талапкерлердин тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин катталган депутаты Мадалиев Нуркамил Апишевичке белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы | Т.Абдраимов
|