Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-февралы № 20
Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына жана резервдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1, 10-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары - БШК) 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө" Жобого ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын көрсөтмөсүнүн, З.Э.Акунованын арызынын негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан мүчөсү Шаадабеков Далил Доолотбекович чыгарылсын - "Ак-Шам" саясий партиясынан;
- резервден комиссиянын курамына Бейшембаева Марипа Орумбековна киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
2. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- комиссиянын курамынан мүчөсү Акунова Зууракан чыгарылсын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан; Эсенакановна
- резервден комиссиянын курамына Окенова Айсулуу Жанузаковна киргизилсин - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана БШКнын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо БШКнын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Абдраимов
|