Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2013-жылдын 7-февралы № 22
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Чүй, Ысык-Ата, Ноокат, Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынын айрым протоколдорун жокко чыгаруу тууралу |
(КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 1-мартындагы № 28 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчысы кызматына талапкерлерди каттоодо аймактык шайлоо комиссиялар кетирген бузуулар ачылгандыгына байланыштуу, «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2,24-пункттарга, 2-бөлүктүн 5-пунктка, “Жергиликүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 42,48-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ: 1. Чүй облусунун Чүй районунун Искра айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жокко чыгарылсын. 2. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жокко чыгарылсын. 3. Ош облусунун Ноокат районунун Он Эки-Бел айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жокко чыгарылсын. 4. Ош облусунун башчысын шайлоо болуп өткөн жок деп табылсын Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын протоколдору жокко чыгарылсын. (КР Борборшайлоокомунун 2013-жылдын 1-мартындагы № 28 токтомунун редакциясына ылайык) 5. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын. 6. Бул токтомдун көчүрмөсү райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларына жөнөтүлсүн. 7. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн. |
Төрага | Т. Абдраимов
|