Бишкек шаары
1999-жылдын 6-апрели № 35
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Аскердик наамдарды, класстык чендерди,
атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды
белгилөө жөнүндө
1999-жылдын 9-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин мыйзам чыгаруу жыйыны
тарабынан кабыл алынган
(Кыргыз Республикасынын
2001-жылдын 4-августундагы № 81,
2003-жылдын 11-июнундагы № 98,
2003-жылдын 30-июлундагы № 160,
2004-жылдын 7-августундагы № 109,
2008-жылдын 6-октябрындагы № 205,
2008-жылдын 3-ноябрындагы № 237
2010-жылдын 17-сентябрындагы УӨ № 128, 2013-жылдын 2-февралындагы №11 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Ушул Мыйзам Кыргыз Республикасында аскердик наамдарды, класстык
чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөөнүн
тартибин жана шарттарын аныктайт.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160 мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья. Аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер
жана атайын наамдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын
мыйзамдары
Аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана
атайын наамдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Респуб-
ликасынын Конституциясын, ушул Мыйзамды жана Кыргыз Республикасынын
башка мыйзамдарын камтыйт.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160 мыйзамынын редакциясына ылайык)
2-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык
чендерди жана атайын наамдарды белгилөө
Аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер жана
атайын наамдар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан белгиле-
нет.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160, 2008-жылдын 6-октябрындагы №205 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)
3-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык
чендерди жана атайын наамдарды жиктештирүү
Ички иштер, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин жа-
зык-аткаруу тутумунун, баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым
укуктуу мамлекеттик орган, бажы кызматтарынын жана каржы полициясынын
органдарынын кызматкерлеринин аскердик жана атайын наамдары:
кенже аскердик жана атайын наамдар - катардагы аскер кызматчысынан
(курсанттан) тартып улук прапорщикти кошуу менен;
орто аскердик жана атайын наамдар - кенже лейтенанттан тартып ка-
питанды кошуу менен;
улук аскердик жана атайын наамдар - майордон тартып полковникти
кошуу менен;
жогорку аскердик жана атайын наамдар генерал-майордон тартып андан
жогорку наамдар болуп бөлүнөт.
Салык кызматтарынын кызматкерлеринин атайын наамдары:
орто атайын наамдар - салык кызматынын кенже инспекторунан тартып
салык кызматыныи 1-рангадагы инспекторун кошуу менен;
улук атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангадагы кењешчисинен
тартып салык кызматынын 1-рангадагы кењешчисин кошуу менен;
жогорку атайын наамдар - салык кызматынын 3-рангадагы мамлекеттик
кењешчисинен тартып андан жогорку наамдар болуп бөлүнөт.
Мамлекеттик кызматчылардын класстык чендери төмөнкүчө бөлүнөт:
орто класстык чендер - мамлекеттик кызматтын кенже инспекторунан
тартып мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик инспекторун кошо;
улук класстык чендер - мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекет-
тик кењешчисинен тартып мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик
кењешчисин кошо;
жогорку класстык чендер - 3-класстагы жана андан жогорку мамлекет-
тик кењешчи.
Атайын класстык чендер:
орточо атайын класстык чендер - кенже юристтен тартып 1-класстагы
юристти кошуу менен;
улук атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы кењешчисинен
тартып юстициянын 1-класстагы кењешчисин кошуу менен;
жогорку атайын класстык чендер - юстициянын 3-класстагы мамлекет-
тик кењешчисинен тартып андан жогорку наамдар болуп бөлүнөт.
Аскердик наамдардын, атайын класстык чендердин жана атайын наам-
дардын катышы тиркемеге ылайык аныкталат.
(КР 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2003-жылдын 11-июнундагы №98,
2003-жылдын 30-июлундагы № 160, 2004-жылдын 7-августундагы № 109
мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
4-статья. Аскердик наам
Аскердик наам - бул Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ар
бир аскер кызматчысына жана аскерге милдеттүүгө анын кызматтык абалына,
жумуштук тажрыйбасына, аскердик жана жалпы билимине, кызматынын
мөөнөтүнө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түрүнө, аскерле-
ринин же кызматынын түрүнө жана жеке сињирген эмгегине ылайык ар кимге
өзүнчө ыйгарыла турган наам.
5-статья. Атайын наам
Атайын наам - бул ички иштер Кыргыз Республикасынын Юстиция минис-
трлигинин жазык-аткаруу тутумунун, органдарынын, каржы полициясынын,
баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орга-
нынын,бажы жана салык кызматтарынын аттестацияланган ар бир кызматкери-
не анын кызматтык абалына, жумуштук тажрыйбасына, жалпы билимине,
кызматынын мөөнөтүнө жана жеке сињирген эмгегине ылайык ар кимге
өзүнчө ыйгарыла турган наам.
(КР 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2003-жылдын 11-июнундагы №98,
2004-жылдын 7-августундагы № 109 мыйзамдарынын редакцияларына
ылайык)
5-1-статья. Класстык чен
Класстык чен - "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамында көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген ар бир мам-
лекеттик кызматчынын жеке өзүнө ыйгарылуучу атайын наам.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160 мыйзамынын редакциясына ылайык)
6-статья. Атайын класстык чен
Атайын класстык чен - бул юстиция органдарынын, соттордун аппара-
тынын, Сот департаментинин, прокуратура органдарынын ар бир кызматчысы-
на жана судьяларга ишинин стажына, билимине жана ээлеген кызматына ыла-
йык ар кимге өзүнчө ыйгарыла турган атайын наам.
7-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык
чендерди жана атайын наамдарды ыйгарууга компетенциясы
бар кызмат адамдары
Кенже, орто жана улук аскердик наамдар, класстык чендер, атайын
класстык чендер жана атайын наамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамда- рында белгиленген тартипте тиешелүү мамлекеттик органдардын кызмат адам- дары тарабынан ыйгарылат.
Жогорку аскердик наамдар, класстык чендер, атайын класстык чендер
жана атайын наамдар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгары-
лат.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160, 2013-жылдын 2-февралындагы №11 мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
8-статья. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер
кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө ыйгарылуучу
аскердик наамдар
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына
жана аскерге милдеттүүлөргө:
катардагы аскер кызматчысы (курсант);
ефрейтор;
кенже сержант;
сержант;
улук сержант;
старшина;
прапорщик;
улук прапорщик;
кенже лейтенант;
лейтенант;
улук лейтенант;
капитан;
майор;
подполковник;
полковник;
генерал-майор;
генерал-лейтенант;
генерал-полковник;
армиянын генералы деген аскердик наамдар ыйгарылат.
Юридикалык, медициналык же ветеринардык аскердик-эсептик адистик-
тери бар жана ушул кызматтарда кызмат өтөп жаткан офицерлер үчүн аскер-
дик наамдарына "юстициянын", "медициналык кызматтын" же "ветеринардык
кызматтын" деген сөздөр кошулуп айтылат.
Авиацияда кызмат өтөп жаткан офицердик куралдагы адамдардын аскер-
дик наамдарына "авиациянын" деген сөз кошулуп айтылат.
9-статья. Улуттук коопсуздук органдарынын аскер кызматчыларына
жана аскерге милдеттүүлөргө ыйгарылуучу аскердик наамдар
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын аскер кыз-
матчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө:
катардагы аскер кызматчысы (курсант);
ефрейтор;
кенже сержант;
сержант;
улук сержант;
старшина;
прапорщик;
улук прапорщик;
кенже лейтенант;
лейтенант;
улук лейтенант;
капитан;
майор;
подполковник;
полковник;
генерал-майор;
генерал-лейтенант;
генерал-полковник деген аскердик наамдар ыйгарылат.
10-статья. Аскер прокуратурасынын жана аскер сотунун
кызматкерлерине ыйгарылуучу аскердик наамдар
Кыргыз Республикасынын аскер прокуратурасынын жана аскер сотунун
кызматкерлерине:
юстициянын кенже лейтенанты;
юстициянын лейтенанты;
юстициянын улук лейтенанты;
юстициянын капитаны;
юстициянын майору;
юстициянын подполковниги;
юстициянын полковниги;
юстициянын генерал-майору;
юстициянын генерал-лейтенанты деген аскердик наамдар ыйгарылат.
10-1-статья. Мамлекеттик кызматчыларга ыйгарылуучу класстык чендер
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында
көрсөтүлгөн мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчы-
ларга төмөнкүдөй класстык чендер ыйгарылат:
мамлекеттик кызматтын кенже инспектору;
мамлекеттик кызматтын 3-класстагы инспектору;
мамлекеттик кызматтын 2-класстагы инспектору;
мамлекеттик кызматтын 1-класстагы инспектору;
мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кењешчиси;
мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кењешчиси;
мамлекеттик кызматтын 1-класстагы кењешчиси;
3-класстагы мамлекеттик кењешчи;
2-класстагы мамлекеттик кењешчи;
1-класстагы мамлекеттик кењешчи.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160 мыйзамынын редакциясына ылайык)
11-статья. Юстиция органдарынын, соттордун аппаратынын,
Сот департаментинин, прокуратура органдарынын
кызматкерлерине жана судьяларга ыйгарылуучу
атайын класстык чендер
Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын, соттордун аппаратта-
рынын, Сот департаментинин, прокуратура органдарынын кызматкерлерине
жана судьяларга:
кенже юрист:
3-класстагы юрист;
2-класстагы юрист;
1-класстагы юрист;
юстициянын 3 класстагы кењешчиси;
юстициянын 2 класстагы кењешчиси;
юстициянын 1-класстагы кењешчиси;
юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кењешчиси;
юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кењешчиси;
юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кењешчиси деген атайын класстык
чендер ыйгарылат.
12-статья. Салык кызматтарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын
наамдар
Кыргыз Республикасынын салык кызматтарынын кызматкерлерине:
салык кызматынын кенже инспрктору:
салык кызматынын 3-рангадагы инспектору;
салык кызматынын 2-рангадагы инспектору;
салык кызматынын 1-рангадагы инспектору;
салык кызматьнын 3-рангадагы кењешчиси;
салык кызматьнын 2-рангадагы кењешчиси;
салык кызматынын 1-рангадагы кењешчиси;
салык кызматынын 3-рангадагы мамлекеттик кењешчиси;
салык кызматынын 2-рангадагы мамлекеттик кењешчиси;
салык кызматынын 1-рангадагы мамлекеттик кењешчиси деген атайын
наамдар ыйгарылат.
13-статья. Бажы кызматтарынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын
наамдар
Кыргыз Республикасьшын бажы кызматтарынын кызматкерлерине:
бажы кызматынын катардагы кызматкери;
бажы кызматынын кенже сержанты;
бажы кызматынын сержанты;
бажы кызматынын улук сержанты;
бажы кызматынын старшинасы;
бажы кызматынын прапорщиги;
бажы кызматынын улук прапорщиги;
бажы кызматынын кенже лейтенанты;
бажы кызматынын улук лейтенанты;
бажы кызматынын капитаны;
бажы кызматынын майору;
бажы кызматынын подполковниги;
бажы кызматынын полковниги;
бажы кызматыным генерал-майору;
бажы кьзматынын генерал-лейтенанты деген атайын наамдар ыйгарылат.
14-статья. Ички иштер жана Кыргыз Республикасынын Юстиция
министрлигинин жазык-аткаруу тутумунун органдарынын
кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын наамдар
Кыргыз Республикасыньн ички иштер органдарынын кызматкерлерине:
милициянын (ички кызматтын) катардагы кызматкери (курсанты);
милициянын (ички кызматтын) кенже сержанты;
милициянын (ички кызматтын) сержанты;
милициянын (ички кызматтын) улук сержанты;
милициянын (ички кызматтын) старшинасы;
милициянын (ички кызматтын) прапорщиги;
милициянын (ички кызматтын) улук прапорщиги;
милициянын (ички кызматтын) кенже лейтенанты;
милициянын (ички кызматтын) лейтенанты;
милициянын (ички кызматтын) улук лейтенанты;
милициянын (ички кызматтын) капитаны;
милициянын (ички кызматтын) майору;
милициянын (ички кызматтын) подполковниги;
милициянын (ички кызматтын) полковниги;
милициянын (ички кызматтын) генерал-майору;
милициянын (ички кызматтын) генерал-лейтенанты;
милициянын (ички кызматтын) генерал-полковниги деген атайын наам-
дар ыйгарылат.
(КР 2003-жылдын 11-июнундагы № 98 мыйзамынын редакциясына ылайык)
15-статья. Каржы полициясынын кызматкерлерине ыйгарылуучу атайын
наамдар
Кыргыз Республикасынын каржы полициясынын кызматкерлерине:
каржы полициясынын катардагы кызматкери;
каржы полициясынын кенже сержанты;
каржы полициясынын сержанты;
каржы полициясынын улук сержанты;
каржы полициясынын старшинасы;
каржы полициясынын прапорщиги;
каржы полициясынын кенже лейтенанты;
каржы полициясынын лейтенанты;
каржы полициясынын улук лейтенанты;
каржы полициясынын капитаны;
каржы полициясынын майору;
каржы полициясынын подполковниги;
каржы полициясынын полковниги;
каржы полициясынын генерал-майору деген атайын наамдар ыйгарылат;
финансылык полициянын генерал-лейтенанты.
(КР 2001-жылдын 4-августундагы № 81, 2008-жылдын 3-ноябрындагы № 237
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
15-1-статья. Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органынын кызматкерлерине
ыйгарылуучу атайын наамдар
Баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик
органынын кызматкерлерине төмөнкүдөй атайын наамдар ыйгарылат:
бањги заттарды контролдоо кызматынын кенже сержанты;
бањги заттарды контролдоо кызматынын сержанты;
бањги заттарды контролдоо кызматынын улук сержанты;
бањги заттарды контролдоо кызматынын старшинасы;
бањги заттарды контролдоо кызматынын прапорщиги;
бањги заттарды контролдоо кызматынын улук прапорщиги;
бањги заттарды контролдоо кызматынын кенже лейтенанты;
бањги заттарды контролдоо кызматынын лейтенанты;
бањги заттарды контролдоо кызматынын улук лейтенанты;
бањги заттарды контролдоо кызматынын капитаны;
бањги заттарды контролдоо кызматынын майору;
бањги заттарды контролдоо кызматынын подполковниги;
бањги заттарды контролдоо кызматынын полковниги;
бањги заттарды контролдоо кызматынын генерал-майору;
бањги заттарды контролдоо кызматынын генерал-лейтенанты.
(КР 2004-жылдын 7-августундагы № 109 мыйзамынын редакциясына
ылайык)
16-статья. Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык
чендерди жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун,
ажыратуунун жана төмөндөтүүнүн тартиби
Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди
жана атайын наамдарды сактоонун, ыйгаруунун, ажыратуунун жана төмөндө-
түүнүн тартиби, ошондой эле аскердик наамдарды, класстык чендерди,
атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды алуу учун коюлуучу та-
лаптар тиешелүү мыйзамдар тарабынан аныкталат.
(КР 2003-жылдын 30-июлундагы № 160 мыйзамынын редакциясына ылайык)
17-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү тартиби
Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төмөндөгүлөр:
"Салык полициясынын органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды
белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомсттору, 1997-жыл, № 8, 385-ст.);
"Бажы органдарынын кызматкерлерине атайын наамдарды белгилөө
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 18-декаб-
рындагы N 1103-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин
Ведомосттору, 1993-жыл, " 2, 68-ст.);
"Кыргыз Республикасынын юстиция жана мамлекеттик нотариат органда-
рынын кызматкерлери үчүн класстык чендерди белгилөө жөнүндө" Кыргыз
Республикасынын Жогорку Советинин 1992-жылдын 18-декабрындагы №
1104-XII токтому (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомостто-
ру, 1993-жыл, № 2, 69-ст.) күчүн жоготту деп табылсын.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-
йык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев