КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 28-декабры № 210"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу2006-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 2000-ж., № 11, 683-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 7-статьяда: 5-бөлүгүндөгү "баштапкы (нөлдүк)" деген сөздөр "биринчи" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-бөлүгүндө: - экинчи абзацтагы "эњ аз айлык акынын 75 проценти" деген сөздөр "разрядка ылайык тарифтик ставкадан 15 процент" деген сөздөргө алмаштырылсын; - үчүнчү абзацтагы "эњ аз айлык акынын 100 проценти" деген сөздөр "разрядка ылайык тарифтик ставкадан 20 процент" деген сөздөргө алмаштырылсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 8-бөлүк менен толукталсын: "Эгер мугалимдин мурда алган үстөгү, тарифтик ставкадан процент менен белгиленген класс жетекчилик үчүн эмгек акыга үстөктүн өлчөмүнөн жогору болгон учурда, мурда белгиленген үстөк төлөнөт"; 8-бөлүк 9-бөлүк деп эсептелсин; 9-бөлүктөгү "айлык акынын бир өлчөмүндө, айыл жеринде эки өлчөмүндө, чек ара райондорунда - үч өлчөмүндө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган" деген сөздөргө алмаштырылсын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев