Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2006-жылдын 28-декабры № 212
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
12-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-статья. Зарыл колдонуу
Ушул Кодексте каралган, администрациялык жоопкерчиликти белгилеген, бирок зарыл коргонуу учурунда жасалган, башкача айтканда, зарыл коргонуу учурунда инсанды, турак жайды, менчикти, жер участогун жана коргонуп жаткан же болбосо башка адамдын укуктарын коомдун жана мамлекеттин таламдарында мыйзам менен корголуучу укукка жат кол салып зыян келтирүүдөн коргоп жаткандагы аракеттер, эгерде мында зарыл коргонуунун чегинен аша чабууга жол берилбесе, администрациялык укук бузуу болуп саналбайт.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2006-жылдын 14-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |