Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
2010-жылдын 24-апрели УӨ № 22
Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-февралында кол коюлган, Энергетика секторуна шашылыш жардам берүү долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 1-февралында кол коюлган, Энергетика секторуна шашылыш жардам берүү долбоорун кошумча каржылоо боюнча Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуу күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясына белгиленген тартипте кабарласын.
3-берене.
Бул Декрет кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы |
Р. Отунбаева |