Загрузка документа…
КР 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2006-жылдын 28-декабры № 220
"Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
1-статья.
"Банктарды консервациялоо, жоюу жана банкроттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., N 5, 235-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 24-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "эмгек акынын эң аз өлчөмүнөн" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөрүнөн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 32-статьянын 2-пунктунда:
экинчи жана алтынчы абзацтарындагы "эң аз эмгек акынын" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
сегизинчи абзацтагы "эң аз эмгек акынын" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөрдүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 55-статьянын 3-пунктунун үчүнчү абзацындагы "эмгек акынын эң төмөнкү ставкалары" деген сөздөр "эсептик көрсөткүчтөр" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2006-жылдын 14-ноябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |