Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 11-августундагы № 179 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 28-декабры № 225
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2003-ж., № 8, 323-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
32-статьянын 4-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"- илимдин доктору же кандидаты деген илимий даража үчүн - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык;".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |