КУЧУН ЖОГОТТУКР 2008-жылдын 18-декабындагы №267
Мыйзамынын редакциясында Бишкек шаары2002-жылдын 29-декабры № 229 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу 2006-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Депутатынын статусу жө-нүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин Жарчысы, 2005-ж.. № 11, 902-ст.) төмөндөгүдөй толуктоо кирги-зилсин: Мыйзам төмөндөгүдөй мазмундагы 38-1-статья менен толукталсын: "38-1-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутатын социалдык жактан коргоо 1. Депутаттык ыйгарым укуктарын аткарышына байланыштуу Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешинин депутаты курман болгон учурда же депу-таттык ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда жарадар болгондон, жара-кат алгандан, оорунун кесепетинен ыйгарым укуктарын токтоткондон кийинкөз жумганда каза болгондун (өлгөн адамдын) үй-бүлөсүнө жана анын ба-гуусундагыларга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каража-тынан каза болгондун (өлгөн адамдын) багуусундагыларга жыйырма жолкубир жылдык эмгек акысынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнүп берилет. Эмгек акы дегенге жылдын толук календарлык мезгилинин ичинде депу-тат тарабынан алынган орточо эмгек акысы, бардык кошумчалар, компенса-циялар, сыйакылар жана башка төлөмдөр кирет. Депутаттык милдеттерин биркалендарлык жылдан азыраак аткарган учурда шарттуу эсептешүү толук ка-лендарлык жылдын ичинде депутат алууга тийиш болгон болжолдуу төлөмдөр-дүн негизинде жүргүзүлөт. 2. Ушул статьянын Жобосу 2005-жылдын январынан тартып келип чыкканмамилелерге жайылтылат.". 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев