КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 29-декабры № 230
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө
2006-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасы-
нын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1998-ж., N 7, 229-ст.) төмөнкүдөй
толуктоо киргизилсин:
- 21-глава төмөнкүдөй мазмундагы 172-2-статья менен толукталсын:
"172-2-статья. Турак-жай жана (же) турак-жай эмес имараттарды
жана курулуштарды өзү билип ээлеп алуу жана басып
алуу
(1) Менчигинин түрүнө карабастан турак-жай жана турак-жай эмес
имараттардын жана курулуштардын зыян тартышына алып келген, же менчик
ээсине кыйла материалдык зыян келтирген турак-жай жана (же) турак-жай
эмес имараттарды жана курулуштарды өзү билип ээлеп алуу же басып алуу,
-
эсептик көрсөткүчтүн жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмүндө айып салу-
уга же үч эселенген айып салууга жазаланат.
(2) Ошол эле жосундар, эгер алар:
1) адамдардын тобу тарабынан алдынала бүтүм боюнча;
2) көп жолу;
3) уюмдашкан топ тарабынан жазалса, -
эсептик көрсөткүчтүн беш жүздөн мињге чейинки өлчөмүндө айып са-
лууга же болбосо үч жылдан беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
(3) Ошол эле жосундар, эгер алар:
1) адамдын өмүрүнө же саламаттыгына коркунуч келтирген күч колдо-
нуу же болбосо өлтүрүү коркунучу менен;
2) курал-жарак же курал-жарак катары пайдаланылуучу башка нерсе-
лерди колдонуу менен;
3) жеке пайда табууну көздөө менен же жалдануу боюнча жазалса, -
беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жа-
заланат.
(4) Менчигинин түрүнө карабастан турак-жай жана (же) турак-жай
эмес имараттарды жана курулуштарды мыйзамсыз ээлеп алууну же басып алу-
уну уюштуруу же аны жетектөө, -
алты жылдан сегиз жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.
Эскертүү: имараттарды же курулуштарды ыктыярдуу түрдө бошотуп бер-
ген адам, эгерде анын аракеттеринде кылмыштын башка курамдары болбосо,
кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев