Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2006-жылдын 29-декабры N 232
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., N 10, 442-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
88-статьянын 5-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) паранын же контрабанда предмети болуп эсептелген акчалар жана башка баалуулуктар жазык мыйзамдарына ылайык соттун өкүмү боюнча мамлекеттин кирешесине жүгүртүлгөнгө алынууга тийиш. Эгерде адам өз ыктыяры менен аны пара берүүгө мажбурлап жаткандыгы жөнүндө билдирсе жана өз колу менен пара алуучуну кармоого мүмкүндүк түзсө, паранын предмети соттун чечими боюнча ага кайтарылып берилет;".
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К. Бакиев |