Загрузка документа…
КР 2023-жылдын 3-мартындагы № 49 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2006-жылдын 29-декабры № 235
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык
жер участкаларын, калктуу конуштардын жерлерин жана
айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы
үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык
ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу
2006-жылдын 16-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Айыл чарба жерлерин, короо алдындагы жана дачалык жер участкала-
рын, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жер-
лерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын 2005-жылга карата базалык
ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-
касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2005-жыл, № 7, 498-ст.) төмөнкүдөй
өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 5-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5-статья.
Калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жер-
лерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын төмөнкүдөй базалык ставкалар
бекитилсин:
-----------------------------------------------------------------------
|Региондордун аталышы| Калктуу пункттардын жерлери үчүн базалык |
| | ставкалар калкынын саны мињ адам менен |
| | (ч.м /сом) |
| |------------------------------------------------|
| | 5 ке|5,1-|10,1-|20,1-|50,1-|100,1 |250,1-|500,1|
| |чейин|10,1|20 |50 |100 |-250 |500 |ден |
| | | | | | | | |ашык |
|--------------------|-----|----|-----|-----|-----|------|------|-----|
|Баткен облусу | 0,93|1,35| 1,53| 1,68| 1,71| | | |
|--------------------|-----|----|-----|-----|-----|------|------|-----|
|Жалалабат облусу | 1,23|1,59| 1,8 | 1,95| 2,1 | | | |
|--------------------|-----|----|-----|-----|-----|------|------|-----|
|Ысыккөл облусу | 1,23|1,59| 1,8 | 1,95| 2,1 | | | |
|--------------------|-----|----|-----|-----|-----|------|------|-----|
|Нарын облусу | 1,02|1,41| 1,59| 1,74| 1,77| | | |
|--------------------|-----|----|-----|-----|-----|------|------|-----|
|Ош облусу | 1,23|1,59| 1,8 | 1,95| 2,1 | 2,43| 2,55| |
|--------------------|-----|----|-----|-----|-----|------|------|-----|
|Талас облусу | 1,11|1,53| 1,74| 1,86| | | | |
|--------------------|-----|----|-----|-----|-----|------|------|-----|
|Чүй облусу жана | 1,23|1,59| 1,8 | 1,95| 2,1 | 2,43| | 2,94|
|Бишкек шаары | | | | | | | | |
-----------------------------------------------------------------------
".
2. 11-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11-статья.
2007-жылга жер салыгынын ставкалары белгиленген тартипте кабыл
алынганга чейин ушул Мыйзам менен бекитилген ставкалар колдонула бе-
рет.".
3. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 12-статья менен толукталсын:
"12-статья.
"Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн бирдиктүү айыл чарба са-
лыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 1998-жылдын 9-апрелиндеги З №
1028-I токтомунун 9-пункту менен бекитилген трансформацияланууга тийиш
болгон айыл чарба багытындагы жер участоктору үчүн жењилдетилген салык
алуунун мөөнөтү 2010-жылдын 31-декабрына чейин узартылсын.".
4. 12-статья 13-статья деп эсептелсин.
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев