Бишкек шаары2007-жылдын 8-январы № 1 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2006-жылдын 21-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Үрөн жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 6, 231-ст.) төмөнкү-дөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 1. 1-статьяда: экинчи абзац алып салынсын; бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Пайдаланууга жол берилген сорттордун жана гибриддердин мамлекет-тик реестри - расмий сыноолордон кийин Кыргыз Республикасынын аймагындапайдаланууга жол берилген сорттордун, гибриддердин тизмеги (мындан ары- Мамлекеттик реестр)."; алтынчы абзац алып салынсын; жетинчи абзацтагы "жана ага патент алган" деген сөздөр "жана (же)анын сакталышын камсыз кылган" деген сөздөр менен алмаштырылсын; тогузунчу абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Патент ээси - мыйзамда белгиленген тартипте белгилүү бир сорткопатенти бар жеке же юридикалык жак (селекционер, сорттун автору, жумушберүүчү, укук мураскери, мурасчы) же менчиктин ар кандай түрүндөгүсубъекттер.". он экинчи абзац алып салынсын; он жетинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Сорттук үрөндөр - Мамлекеттик реестрге киргизилген жана тиешелүүылайыктуулук сертификатын алган сорттордун жана гибриддердин үрөндөрү."; статья төмөндөгүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын: "Кыртыш контролу - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана үрөндөрдүн бел-гилүү бир сортуна тиешелүүлүгүн белгилөө жана үрөндөрдү атайын участок-торго себүү жана кийин аларды текшерүү аркылуу өсүмдүктөрдүн сорттуктазалыгын аныктоо. Инспекция - сорттун тазалыгын же өсүмдүктөрдүн типтүүлүгүн, отоочөп басышын, оорууга чалдыгышын аныктоо максатында үрөндөрдүн сорттуксапатын, ошондой эле пайдаланылып жаткан мөмө-жемиш сортторунунэзип-жанчуу жагынан дал келишин белгилөө, ошондой эле гибрид үрөндөрдүөстүргөн учурда технологиялык ченемдердин сакталышын контролдоо. Лицензиялык келишим - бул келишимге ылайык патент ээси (лицензиар)коргоого алынган сортту башка жакка (лицензиатка) берилүүчү укуктардын,мөөнөттөрдүн, сорт өстүрүлүүчү аймакты жана акы төлөөнүн тартибин кели-шимдеги шартталган көлөмдө пайдалануу укугун өткөрүп берет. Коргоого алынган сорт - селекциялык жетишкендиктердин патенти ме-нен коргоого алынган жана Кыргыз Республикасынын коргоого алынган се-лекциялык жетишкендиктердин мамлекеттик реестринде катталган сорт. Патент - "Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен өсүмдүктөрдүн сортторун, гибридде-рин коргоого берилген документ. Үлгү алып туруучу - Мамлекеттик үрөн инспекциясынын үрөндөрдүн са-патын контролдоо үчүн алардын топтомунан үлгү алып турууга укуктуу рас-мий өкүлү. Өсүмдүктөрдүн тизмеси - сорттук жана себүү сапаттарын күбөлөндүрүүүчүн милдеттүү болгон сорттук үрөндөрдүн өсүмдүктөрү. Үрөнчүлүк - өзүнө үрөн өндүрүү, даярдоо, иштетүү, сактоо, ташуу,сатып өткөрүү жана пайдалануу боюнча иш чаралардын комплексин, ошондойэле мамлекеттик контролду, анын ичинде сорттук жана үрөндүк контрольжүргүзүүнү камтыган иш. Үрөн ишканасы - үрөн өндүрүүнү, тазалоону, бөлүп салыштырууну жанасатууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жак. ИСТА - Үрөндөрдү тесттен өткөрүү боюнча эларалык ассоциация(ISТА). Ассоциацияга мүчө болуу жана лабораторияларды аккредитациялооыйгарым укуктуу органга үрөнгө ылайык келүүнүн эларалык сертификатынберүүгө укук берет. ОЕСД - Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму (ОЕСD). Ар кан-дай өсүмдүктөрдүн сорттуу үрөндөрүн өстүрүү ушул уюмдун схемаларынаылайык жүргүзүлөт. Үрөнчүлүк жагындагы объекттерге төмөнкүлөр кирет: сорт (клон, ба-гыт, гибрид, тукум улоо, сорттордун аралашмасы); үрөндөр; үрөндүк жанаүрөн чыгаруу, себүүлөр жана тигүүлөр. Үрөн өстүрүү жагындагы субъекттерге төмөнкүлөр кирет: 1) сорттун автору; 2) сорттун оригинатору; 3) үрөн өндүрүүчүлөр; 4) үрөнчүлүк ишканасы; 5) үрөндү пайдалануучулар, короо алдындагы, багбанчылык, дачадагыжана огороддогу жер участокторунда аларды сатып өткөрүү укугусуз пайда-лануу үчүн үрөн өндүрүү менен алектенген жеке адамдарды кошпогондо; 6) үрөндөрдүн сорттук жана себүү сапаттарын аныктоо, айыл чарбаөсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерин мамлекеттик сыноо боюнчакызматтарды көрсөтүүчү жеке жана (же) юридикалык жактар.". 2. 3-статьяда: 3-пункттагы "Улуттук" деген сөз "Республикалык" деген сөз мененалмаштырылсын. 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "4. Төмөндөгүдөй иштерди жасоого ыйгарым укуктары бар субъекттераткаруу органдары болуп саналат: 1) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сортторун жана гибриддерди КыргызРеспубликасынын аймагында мамлекеттик сыноодон өткөрүүгө жол берүүгө,селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоого алуу үчүн сортторду тест-тен өткөрүүгө; 2) айыл чарба жана башка өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн жана отургузуучуматериалдын сортторун жана себүү сапатын мамлекеттик контролдоого,үрөндөргө ылайыктуулук сертификатын жана күбөлүктөрүн берүүгө.". 3. 4-статьяда: 1-пунктта: - биринчи абзацындагы "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекет-тик органы тарабынан бекитилген" деген сөздөр "Кыргыз Республикасындаиштелип чыккан, ошондой эле ОЕСДынын схемаларына ылайык" деген сөздөрменен алмаштырылсын; - төртүнчү абзацындагы "патент ээлеринин" деген сөздөр ошол бойдонкалтырылсын. - бешинчи абзацындагы "бардык сорттук эгилүүчү материалдар апроба-циядан" деген сөздөр "инспекциядан" деген сөз менен алмаштырылсын. - жетинчи абзацындагы "жүзөгө ашырылат" деген сөздөрдөн мурда"контракт (келишим) боюнча" деген сөздөр менен толукталсын жана "айыл(токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы менен макулдашылгансхемасы боюнча" деген сөздөр алып салынсын. - пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын: "сорттун оригинаторлору оригиналдуу үрөндөрдүн мындай сортторунункамсыздандырылган жана өтмө запасын айыл (токой) чарбасын башкаруунунмамлекеттик органынын тиешелүү ченемдик актысы менен аныкталуучу көлө-мүндө такай кармап турууга милдеттүү."; 2-пунктунда: - биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бе-китилген атайын жобонун негизинде буга атайын ыйгарым укугу бар үрөндүкматериалды" деген сөздөр "айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттикорганы тарабынан бекитилүүчү өсүмдүктөрдүн тизмесинин негизинде" дегенсөздөр менен алмаштырылсын. - экинчи, үчүнчү, төртүнчү абзацтар алып салынсын; - сегизинчи абзацтагы "өзүнчө" деген сөз жана "айыл (токой) чарба-сын башкаруунун мамлекеттик органынын тапшырмасы боюнча" деген сөздөралып салынсын. - пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Үрөндүк материалдын, кыртыш контролунун инспекциясын, үрөндүнтекшерилүүчү үлгүсүн тандап алуунун жана талдоонун методдору КыргызРеспубликасында иштелип чыккан эрежелерге, ошондой эле ОЕСД жана ИСТА-нын эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. Милдеттүү түрдө инспекциялана турган өсүмдүктөрдүн тизмесине кир-бей калган сорттуу үрөндөр баштык, каптагы жана сапаттын коштомо доку-менттеринде көрсөтүлгөндөргө ылайык көбөйтүлөт жана сатып өткөрүлөт."; 3 жана 4-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Сортторду жана гибриддерди сыноо боюнча мамлекеттик комиссия(мындан ары - Мамкомиссия) талаадагы жана лабораториялык сыноолордуннегизинде республиканын ар кандай кыртыш-климаттык зоналар үчүн өсүм-дүктөрдүн сортторунун, гибриддеРДИН чарбалык пайдалуулугун аныктайт,жањы сорттун айырмалуулугун, бир түрдүүлүгүн жана туруктуулугун сактоожөндөмдүүлүгүнүн критейлерине ылайык келтирет. Мамкомиссия сыноо өткөр-гөн учурда сорттун оригинаторунун же үрөндөрдүн ээлеринин маалыматтарынпайдалана алат. 4. Айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы тарабынанКыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берүү үчүн талаадагысыноолордон өтүүгө милдеттүү болгон өсүмдүктөрдүн тизмеги аныкталат."; Статья төмөндөгүдөй мазмундагы 5 жана 6-пункттар менен толуктал-сын: "5. Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга жол берилгенсорттор, гибриддеР Мамлекеттик реестрге киргизилет. Бул үчүн сорт төмөнкүдөй талаптарга ылайык келиши керек: а) сорттун, анын келип чыгышынын жана селекциясынын методунун сы-паттамасына ылайык келген баяндамасы болууга; б) сорттун тиешелүү аты болууга; в) үрөндүн сортторун сыноо боюнча органда өсүмдүктөрдүн сорттору-нун үлгүсү болууга тийиш. 6. Мамлекеттик реестр жалпыга маалымдоо каражаттарында жылына ке-минде бир жолу жарыяланып турат. Сортту эсепке алуунун шарттары сактал-баганда өсүмдүктөрдүн сортторун сыноо боюнча орган сортту реестрден чы-гарып салуу жөнүндө сунуш киргизе алат.". 4. 5-статьяда: 1-пунктта: - биринчи абзацтагы "Ылайык келүү сертификатынын негизинде соодагажүгүртүү үчүн өндүрүлгөн сорттук үрөндөргө этикетка (маркировка) кою-лууга тийиш." деген биринчи сүйлөм "Соода-сатык жүгүртүүсүнө киргизил-ген сорттук үрөндөр тиешелүү баштыкка, капка салынууга жана этикетка(маркировка) чапталууга тийиш." деген сүйлөм менен алмаштырылсын. - экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Этикеткадагы үрөндөрдүн түрүндө жана категориясында камтылганмаалыматтын аныктыгына контролдук текшерүүнү үлгү алып туруучу жүргү-зөт."; 2-пунктунда: - биринчи абзацтын биринчи сүйлөмүндөгү "Эгерде жеке адам же юри-дикалык жак аларды толук сатып өткөрүүнү гарантияласа, айыл (токой)чарбасын башкаруунун мамлекеттик органынан" деген сөздөр алып салынсын;"бир нече жыл бою же бир жылдын ичинде" деген сөздөр ", ошондой элесорттун оригиналдуу атын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - үчүнчү сүйлөм алып салынсын; - экинчи абзац алып салынсын. 5. 6-статьяда: 1-пункттагы "Патент ээсинин таламдарын жана укуктарын эске алууменен" деген сөздөр "Коргоого алынган сорттордун патент ээсинин талам-дарын эске алуу менен үрөндөрдүн ээсинен буга уруксаты бар жана үрөндүкматериалды инспекциялоо органынан үрөндүк материалды өндүрүүчү жана(же) сатып өткөрүүчү катары каттоодон өткөн" деген сөздөр менен алмаш-тырылсын; 2-пункттун экинчи абзацы алып салынсын; 3-пунктта: - төртүнчү абзацындагы "апробациядан" деген сөз "инспекциядан" де-ген сөз менен алмаштырылсын; - пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "сорттун оригинаторунан же үрөндүн ээсинен сорттук үрөндөрдү өндү-рүүгө жана сатууга уруксаты (контракты), ал эми коргоого алынган сорт-торго патент ээси же анын укук мураскери менен түзүлгөн лицензиялык ке-лишими болууга тийиш.". 6. 7-статьяда: 1-пункттагы "Кыргыз Республикасынын райондоштурулган сортторунунмамлекеттик реестрине киргизилген сорттордун сыноодон өткөн үрөндүк ма-териалын" деген сөздөр "үрөндүк сортторду" деген сөздөр менен алмашты-рылсын. 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Үрөндөрдү тазалоо, баштыкка, капка салуу жана аларды сатуу бо-юнча кызматтарды көрсөтүүчү үрөндүк ишканалар да үрөндүк материалды ин-спекциялоо органынан каттоодон өтүүгө тийиш. 3. "Сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүлөрдүн, сатып өткөрүүчүлөрдүн, им-порттоочулардын жана экспорттоочулардын реестри жөнүндөгү" Жобого ылай-ык үрөндүк материалды инспекциялоочу орган бул реестрди өз алдынча жүр-гүзөт."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 4-пункт менен толукталсын: "4. Реестр үрөндүк материалды инспекциялоо органы тарабынан кемин-де жарым жылда бир жолу жарыяланып турат.". 7. 8-статья алып салынсын. 8. 9-статьянын 2-пунктундагы ", эреже катары" деген сөздөр алыпсалынсын. 9. 10-статьяда: 1-пункт "сорттук жана" деген сөздөрдөн кийин "Мамлекеттик реестргекиргизилген" деген сөздөр менен толукталып, андан ары төмөндөгүдөй сүй-лөм кошулсун: "Өсүмдүктөрдүн сортторун жана гибриддерин Мамлекеттикреестрден чыгарган учурда мындай сорттордун партиясы кийинки эки жылдыничинде жүгүртүүдө болушу мүмкүн."; 3-пункттагы "Айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы-нын жетекчиси" деген сөздөр "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунучкелиши менен байланышкан өзгөчө учурларда камсыздандыруу фонддорунунзапастарынын көлөмдөрүн калыбына келтирүү үчүн айыл (токой) чарбасынбашкаруунун мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 5-пунктта: - экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "республиканын экологиясына жана калкынын ден соолугуна коркунуч-туу болгон сортторду, гибриддерди;"; - бешинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "патент ээси менен түзүлгөн лицензиясы жок келишим менен коргоогоалынуучу сортторду, гибриддерди;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 6, 7, 8 жана 9-пункттар менен толук-талсын: "6. Генетикалык жактан өзгөртүлгөн сорттор тиешелүү экосистемалар-да сыноодон жана изилдөөдөн өткөрүлмөйүнчө пайдаланууга жол берилбейт. 7. Өсүмдүктөрдүн генетикалык жактан модификацияланган сортторунөстүрүү ыйгарым укуктуу органдардын контролу астында жүргүзүлөт, мындаыйгарым укуктуу органдар ал сорттордун айлана-чөйрөгө, ошондой элеадамдын ден соолугуна тийгизген таасирине баа берет. 8. Бул сортту экспертизадан өткөргөндөн кийин ыйгарым укуктуу ор-гандар натыйжалар жөнүндө айыл (токой) чарбасын башкаруу органына жанаарыздануучуга билдирүүгө тийиш. 9. Сыноолордун натыйжалары он болгон учурда сорт пайдаланууга жолберүү боюнча мамлекеттик сыноого жиберилет.". 10. 11-статьяда: 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын: "республиканын экологиясына жана калкынын ден соолугуна коркунуч-туу болгон;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы 7, 8 жана 9-пункттар менен толуктал-сын: "7. 4-статьянын 4-пунктунда көрсөтүлгөн өсүмдүктөрдүн тизмегинекиргизилбеген сорттордун үрөндөрүн алып келүүгө уруксат берилет. 8. Үрөндөрдү Кыргыз Республикасынын аймагына импорттогон учурда эларалык үлгүдөгү (ИСТА) сертификаттар, ошондой эле ОЕСДынын сорттук кү-бөлүктөрү болгон кезде кийин улуттук сертификаттарга кайра жол-жоболош-туруу менен алардын сертификаттары боюнча Кыргыз Республикасынын үрөн-дүк материалды инспекциялоочу органы тарабынан сертификатташтыруу боюн-ча органдары менен келишим түзгөн экспорттоочу өлкөлөрдүн үрөндүн сапа-ты жөнүндөгү документтери таанылат. 9. Экспорттоочу өлкөлөрдүн үрөндөрүнүн сапаты жөнүндөгү документ-терин кайра жол-жоболоштурууну жана улуттук сертификаттарды каттоонуүрөндүк материалды инспекциялоочу орган жүзөгө ашырат. Аталган доку-менттердин болушу үрөндөрдүн партиясын инспекциялык контролдон куткар-байт.". 11. 12-статьяда: - 1-пунктта: - биринчи абзацтагы "Ушул Мыйзамдын аткарылышына мамлекеттик конт-ролду айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы өзүнүн тие-шелүү ыйгарым укуктуу структураларынын кызматкерлери жана инспекторлоруаркылуу жүзөгө ашырат" деген сөздөр "Үрөндүк материалдын сапатына мам-лекеттик контроль үрөндүк материалды инспекциялоочу орган тарабынан жү-зөгө ашырылат," деген сөздөр менен алмаштырылсын. - үчүнчү абзацтагы "апробация" деген сөз "үрөндүк материалга инс-пекция" деген сөздөр менен алмаштырылсын; ", талаада иликтөөлөрдү жанагибриддештирилген участокторду каттоону" деген сөздөр алып салынсын;. - алтынчы абзацтагы "тийиштүү сорттун патент ээси менен аны пайда-лануу укугу тууралу лицензиялык келишимсиз" деген сөздөр алып салынсын. - тогузунчу абзацтын биринчи сүйлөмүндөгү "юридикалык жакка жанажеке адамга" деген сөздөр "сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүгө жана сатып өт-көрүүчүгө" деген сөздөр менен экинчи сүйлөмүндөгү "Үрөндүн ээси кемчи-ликтерди четтетүүнү жана үрөндүк материалды экинчи текшерүү үчүн берүү-нү каалабаган" деген сөздөр "Буйрук аткарылбаган" деген сөздөр мененалмаштырылсын. - пункт төмөнкүдөй мазмундагы онунчу жана он биринчи абзацтар ме-нен толукталсын: "коргоого алынуучу сорттун патент ээси же анын укук мураскери ме-нен лицензиялык келишимсиз коргоого алынуучу сорттун үрөнүнө үрөндүкматериалдын сапаты жөнүндөгү документтерди да бербөөгө; чарба жүргүзүүчү субъекттер тарабынан үрөн өстүрүү жагындагы иштижүзөгө ашырган учурдагы административдик укук бузуулар жөнүндө прото-колдорду түзүүгө укуктуу."; 2 жана 3-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2. Айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекеттик органы жана аныныйгарым укуктуу түзүмдөрү үрөн өстүрүү тартибин бир нече жолу бузуугажол берген же үрөндүк материалды коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча улут-тук стандарттардын ченемдеринен чектөө менен сатып жаткан ар кандайюридикалык жана жеке жакты сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүлөрдүн (же сатыпөткөрүүчүлөрдүн) тизмесинен чыгарып салууга, алардан үрөндөрдү өндүрүүжана сатып өткөрүү укугуна уруксатты алып коюуга укуктуу. 3. Сорттук үрөндөрдү өндүрүүчүлөрдүн (же сатып өткөрүүчүлөрдүн)тизмесинен чыгарып салганда айыл (токой) чарбасын башкаруунун мамлекет-тик органы жана анын ыйгарым укуктуу түзүмдөрү тарабынан атайын жарыя-лоо жүргүзүлөт жана керектөөчүлөргө жалпыга маалымдоо каражаттары аркы-луу жеткирилет.". 12. 13-статьяда: 1-пункт "жеке адамдар" деген сөздөрдөн кийин "менен үрөндүк мате-риалдын сапатын контролдоого жооп берүүчү мамлекеттик органдар" дегенсөздөр менен толукталсын. 2-пункттун биринчи абзацындагы "өндүрүүчүнүн жана жөнөтүүчүнүн"деген сөздөр "тартип бузуучунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын; экинчи абзац алып салынсын; 3-пункт алып салынсын. 13. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "Кыргыз Республикасынын райондош-турулган сортторунун мамлекеттик реестри" деген сөздөр "Мамлекеттикреестр" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-йык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев