Бишкек шаары2007-жылдын 15-январы № 2 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясы жөнүндө 2006-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган I БӨЛҮМ 1. 2006-жылдын 9-ноябрындагы № 180 "Кыргыз Республикасынын Консти-туциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамыкүчүн жоготту деп табылсын. 2. 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 1340-III "Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мын биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын. 3. 2006-жылдын 8-ноябрындагы № 1341-III "Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-мын экинчи окууда кабыл алуу тууралуу" Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын. II БӨЛҮМ 1993-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин онэкинчи сессиясында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясытөмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Конституциясы Биз, Кыргызстандын эли, кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралышын жана өркүндөшүнкубаттап; кыргыздардын биримдиги өлкөбүздүн туруктуулугунун жана Кыргызстан-дын бүткүл элинин ынтымагынын пайдубалы экенин эстен чыгарбай; ата-бабаларыбыздын биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта жашоожөнүндө айткан осуятын туу тутуп, ушул Конституцияны кабыл алабыз. БИРИНЧИ ГЛАВА КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ 1-статья. 1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) - эгемендүү, унитардык, демок-ратиялык, укуктук, социалдык мамлекет. 2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана анын бүтүндөйаймагын камтыйт. 3. Кыргызстандын эли - эгемендиктин ээси жана Кыргыз Республика-сындагы мамлекеттик бийликтин бирден бир туткасы. 4. Кыргызстандын эли өз бийлигин ушул Конституциянын жана мыйзам-дардын негизинде түздөн-түз шайлоолордо жана референдумдарда, ошондойэле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-дарынын тутуму аркылуу жүргүзөт. Эл шайлаган Президент жана Жогорку Кењеш Кыргызстандын элинин аты-нан чыгууга укуктуу. 5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана мамлекеттик маанидегибашка олуттуу маселелер референдумга (бүткүл элдик добуш берүүгө) кою-лушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзам ме-нен белгиленет. 6. Кыргыз Республикасынын жарандары Президентти, Жогорку Кењештиндепутаттарын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына өзөкүлдөрүн шайлашат. Шайлоо эркин болуп саналат жана жашыруун жалпы добуш берүү менентењ жана тике шайлоо укугунун негизинде өткөрүлөт. Кыргыз Республикасы-нын 18 жашка толгон жарандары шайлоого укуктуу. 2-статья. 1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кандайдыр-бир бөлүгүнөэмес, бүткүл коомго кызмат кылат. 2. Мамлекетте элдин кандайдыр бир бөлүгү, кандайдыр-бир бирикмеси,же жеке адам бийликти ээлеп алууга укуксуз. 3. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-дары жана алардын кызмат адамдары ушул Конституцияда жана мыйзамдардааныкталган ыйгарым укуктардын чегинен чыга албайт. 3-статья. 1. Кыргыз Республикасынын азыркы чегара алкагындагы бүт аймагы колтийгис жана бөлүнгүс. 2. Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунууюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзам менен аныкта-луучу администрациялык-аймактык бирдиктерге бөлүнөт. Бишкек жана Ош шаарлары республикалык маанидеги шаарлар болуп са-налат жана алардын статусу мыйзам менен аныкталат. 4-статья. 1. Кыргыз Республикасында менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципал-дык жана башка түрлөрү таанылат жана корголот. Кыргыз Республикасы менчиктин ар кандай түрлөрүн жана алардын тењукукта корголушун кепилдикке алат. 2. Менчик колтийгис. Эч ким өз мүлкүнөн жөндөн-жөн ажыратылбайт,менчик ээсинин эркинен тышкары аны алып коюуга соттун чечими менен ганажол берилет. 3. Мыйзамда каралган өзгөчө учурларда мамлекеттин муктаждыктарыүчүн мүлк анын ордун алдын ала жана ага тете толтуруу жүргүзүлгөн шарт-та гана ажыратылышы мүмкүн. 4. Кыргыз Республикасы өз жарандарынын жана юридикалык жактарынынмүлккө болгон менчик укугун, ошондой эле башка мамлекеттердин аймагындатурган алардын мүлкүн жана өз менчигин коргойт. 5. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору,өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш ресурстары КыргызРеспубликасынын менчиги болуп саналат, алар Кыргызстандын элинин жа-шоо-тиричилигинин жана иш аракетинин негизи катары пайдаланылат жанамамлекет тарабынан өзгөчө кайтарылууда турат. Жер жана башка жаратылыш ресурстары да менчиктин жеке, муниципал-дык жана башка түрлөрүндө болушу мүмкүн. Жер ээлеринин өз укуктарын жана аларды коргоо кепилдигин ишке ашы-руу чектери жана тартиби мыйзам менен аныкталат. 5-статья. 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили кыргыз тили болуп сана-лат. 2. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили пайдаланы-лат. 3. Кыргыз Республикасы Кыргызстандын элин түзгөн бардык улуттардынөкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттардытүзүү укугуна кепилдик берет. 4. Мамлекеттик же расмий тилди билбегендиги үчүн жарандардын укук-тары менен эркиндиктерин чектөөгө жол берилбейт. 6-статья. 1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго - Тууга, Гербге,Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзамменен белгиленет. 2. Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаары. 3. Кыргыз Республикасынын акча бирдиги - сом. 7-статья. Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик: бүткүл эл тарабынан шайланган мамлекет башчысы - Кыргыз Республи-касынын Президенти өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтинүстөмдүгүнүн; мамлекеттик бийликти мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бутактарынабөлүштүрүүнүн, алардын макулдашып иштешинин жана эриш-аркак аракеттени-шинин; мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган-дарынын эл алдындагы жоопкерчилигинин жана элдин таламдарында алардынөз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусунун; мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башка-руу органдарынын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүүнүнпринциптерине негизденет. 8-статья. 1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү ка-тары таанылышы мүмкүн эмес. 2. Кыргыз Республикасында саясий көп түрдүүлүк таанылат. 3. Кыргыз Республикасында саясий партиялар, кесиптик жана башкакоомдук бирикмелер түзүлүшү мүмкүн, мамлекет алардын укуктарынын жанамыйзамдуу таламдарынын сакталышын камсыз кылат. 4. Саясий партиялар мамлекеттик иштерге ушул Конституцияда жанамыйзамдарда каралган формаларда гана катыша алат. 5. Кыргыз Республикасында: мамлекеттик жана партиялык институттарды бириктирүүгө, ошондой элемамлекет иштерин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ий-дирүүгө; мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда партиялык уюмдарды түзүүгөжана алардын иштешине; эгерде мындай иштер кызматтык ишинен башка учур-ларда жүргүзүлсө, мамлекеттик кызматкерлердин партиялык иштердижүргүзүүсүнө; аскер кызматкерлеринин, укук коргоо органдарынын жана сот органда-рынын партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияны кол-доп чыгышына; диний негиздеги саясий партияларды түзүүгө, диний уюмдардын саясиймаксаттарды жана милдеттерди көздөшүнө; диний уюмдардын жана дин кызматындагылардын мамлекеттик органдар-дын ишине кийлигишүүсүнө; саясий максаттарды көздөгөн чет өлкөлүк саясий партиялардын, коом-дук жана диний уюмдардын, алардын өкүлчүлүктөрү менен филиалдарынын иш-тешине жол берилбейт. 9-статья. 1. Кыргыз Республикасы экспансия, басып алуучулук максаттарды жанааскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекет-тик турмушту милитаризациялаштырууну, мамлекетти жана анын ишин согушжүргүзүү максатына баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргызстандын КуралдууКүчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайыккуралат. 2. Кыргызстанга жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери мененбайланышкан башка мамлекеттерге түздөн-түз кол салынган учурларды кош-погондо согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Курал-дуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка жи-берүүнүн ар бир учуруна Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынынкеминде үчтөн экисинен ашыгынын добушу менен кабыл алынган чечими боюн-ча уруксат берилет. 3. Мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн Кыргыз Республи-касынын Куралдуу Күчтөрүн пайдаланууга тыюу салынат. 4. Кыргыз Республикасы эларалык укуктун жалпы таанылган принципте-рин сактайт, жалпыга бирдей жана адилет тынчтыкка, өз ара пайдалуу кыз-матташууга дүйнөлүк жана жергиликтүү проблемаларды тынчтык жолу мененчечүүгө умтулат. 10-статья. Кыргыз Республикасында өзгөчө абал жана аскер абалы ушул Конститу-цияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартиптекиргизилиши мүмкүн. 11-статья. 1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жанажергиликтүү бюджеттерден турат, ал мамлекеттин чыгашаларын жана киреше-лерин камтыйт. 2. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн, кабыл алу-унун жана аткаруунун тартиби, ошондой эле аларды аткаруунун аудити мый-зам менен аныкталат. Республикалык бюджет жыл сайын мыйзам менен кабылалынат. 3. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык тутуму иштейт.Салыктарды белгилөө укугу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине таан-дык. Жањы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начар-латуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт. 12-статья. 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы эњ жогорку юридикалыккүчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат. 2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдаржана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат. 3. Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамда белги-ленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдер жана макулдашуулар,ошондой эле эларалык укуктун жалпыга таанылган принциптери жана ченем-дери Кыргыз Республикасынын укуктук тутумунун ажыралгыс бөлүгү болупсаналат. ЭКИНЧИ ГЛАВА АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ Биринчи бөлүм Адамдын эркиндиктери жана укуктары 13-статья. 1. Адамдын негизги эркиндиктери жана укуктары ар бир адамгатөрөлгөндөн баштап таандык. Адам эркиндиктери жана укуктары ар дайымкүчүндө болот. Алар талашсыз, ажыратылгыс чындык катары таанылат, мый-зам чыгаруу, аткаруу бийликтеринин, жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандарынын иштеринин маанисин жана мазмунун аныктайт, мыйзам жана сотаркылуу корголот. 2. Кыргыз Республикасында адамдын инсандыгы жана кадыр-баркы ыйыкжана колтийгис. 3. Кыргыз Республикасында бардык адамдар мыйзам жана сот алдындабирдей. Эч ким теги, жынысы, расасы, улуту, тили, туткан дини, саясийжана диний ынанымдары үчүн же жеке жана коомдук мүнөздөгү кандайдыр-бирбашка жагдайлар боюнча басмырланып, эркиндиги жана укугу кысымга алын-байт. 4. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей эркиндик-терге жана укуктарга, ошондой эле аларды жүзөгө ашырууда бирдеймүмкүнчүлүктөргө ээ. 14-статья. 1. Кыргыз Республикасында ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ.Эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес. 2. Ар бир адам өз өмүрүн жана ден соолугун, башка адамдардынөмүрүн жана ден соолугун мыйзамга жат аракеттерден коргоого укуктуу. 3. Турак-жай колтийгис. Эч ким турак-жайга анда жашаган адамдардынэркине каршы кире албайт. Турак-жайга кирүү, тинтүү мыйзамда каралгандан башка учурлардаанын ээсинин уруксаты боюнча же соттун чечими менен гана жүргүзүлүшүмүмкүн. Ар бир адам төмөндөгүлөргө укуктуу: Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинде ары-бери жүрүү эркиндиги-не, бара турган жана жашай турган жерин тандап алууга; өз мүлкүнө, өзүнүн интеллектуалдык, чыгармачылык ишинин натыйжала-рына ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө; экономикалык эркиндикке, мыйзам менен тыюу салынбаган ар кандайэкономикалык иш үчүн өзүнүн жөндөм-шыгын жана өз мүлкүн эркин пайдала-нууга; эмгек эркиндигине, эмгекке болгон өзүнүн жөндөм-шыгын пайдалануу-га, кесипти жана иштин түрүн тандап алууга, ошондой эле эмгеги үчүн сы-йакы алуу жана социалдык жактан корголуу укугуна; мамлекеттик бийлик органдарындагы, жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандарындагы, мекемелердеги жана уюмдардагы өзү жөнүндөгү мамлекеттиксыр болуп эсептелбеген маалыматтар же мыйзам менен корголуучу башка жа-шыруун билдирмелер менен таанышууга; мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга; кызмат милдеттерин аткарган учурда мамлекеттик органдардын, жерги-ликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынынмыйзамсыз иш-аракети менен келтирилген зыяндын ордун мамлекеттин төлөпберишине; өзү жана үй-бүлө мүчөлөрү жөнүндө жалган маалыматтарды төгүнгө чы-гаруу жана аларды алып салуу талабы менен сотко кайрылууга, ошондой элежалган маалыматты жыйноо, сактоо жана жайылтуу менен келтирилген мате-риалдык жана моралдык зыянды төлөтүп алууга; кат алышуунун, телефондук сүйлөшүүлөрдүн, телеграфтык жана башкакабарлашуулардын купуялуулугуна; маалыматты эркин жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки,жазуу жүзүндө же башка жол менен жайылтууга; өзүнүн жеке турмушунун колтийбестигине, ар-намысынын жана ка-дыр-баркынын урматталынышына жана корголушуна; өзүнүн кайсы улутка таандык экендигин эркин аныктоого. 4. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адам жөнүндө анын ма-кулдугусуз жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жанажайылтууга жол берилбейт. 5. Ар бир адамга дин тутуу жана атеисттик ынанымда болуу эркинди-гине кепилдик берилет. 6. Ар бир адам ойлоо, сөз жана басмасөз эркиндигине, ошондой элеошол ойлору менен ынанымдарын тоскоолдуксуз билдирүүгө укуктуу. Эч кимөзүнүн ой-пикирин жана ынанымын билдирүүгө мажбурланышы мүмкүн эмес. 15-статья. 1. Соттун чечими жана мыйзам менен белгиленген негиздер жана тар-тип болмоюнча эч ким камакка алынбайт. 2. Ар бир кармалган адам кармалган учурдан тартып 48 саат өткөнгөчейин анын кармалышынын мыйзамдуу экендиги жөнүндө маселени чечүү үчүнсотко алып келинүүгө тийиш. 3. Камакка алынгандын же кармалгандын ар бирине камакка алуунун жекармоонун жүйөлөрү тез арада билдирилүүгө, анын укуктары түшүндүрүлүүгөжана кармалган учурдан тартып өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын укуктукжардамынан пайдалануу мүмкүнчүлүгү берилүүгө тийиш. 4. Ар бир адамга анын эркиндигин жана укуктарын соттук коргоогокепилдик берилет. Эл алдында же башка жол менен ар кандай күнөө коюлганда ар бирадам өзүнүн ар-намысын, кадыр-баркын, иш беделин жана өз укуктарын сот-то коргоого укуктуу. Кандай гана жагдайларда болбосун, мындай соттуккоргоодон баш тартууга жол берилбейт. 5. Жазык иши боюнча айыпталуучу өзүнүн күнөөлүү эместигин да-лилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экендиги далилденбеген шектенүүлөрайыпталуучунун пайдасына чечмеленет. Эч ким өзүнө, өзүнүн жубайына жана жакын туугандарына каршы күбөөтүүгө милдеттүү эмес, алардын чөйрөсү мыйзам менен аныкталат. Көрсөтмөберүү милдетинен бошотуунун башка да учурлары мыйзам менен белгиленишимүмкүн. Жазык жана администрациялык иштер боюнча күнөөнү далилдөө түйшүгүайыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер таанылбайт жана сотөндүрүшүндө пайдаланылбайт. 6. Мыйзамда каралган учурларда ар бир адам сот арачыларынын каты-шуусу менен ишти сотто каратууга укуктуу. 7. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен күнөөсү таанылмайын-ча ар бир адам кылмыш жасоо жагынан күнөөлүү деп эсептелинбейт. 8. Соттун өкүмү чыкканга чейинки кылмыш үчүн адамдын жоопкерчили-гине жүктөлгөн бардык аракеттерге жол берилбейт жана сот аркылуу мате-риалдык жана моралдык жапа чеккендигинин ордун толтуруу үчүн негиз бо-луп саналат. 9. Эч ким өзүнүн кылмыш жасагандыгын мойнуна алгандыгынын негизин-де гана соттолушу мүмкүн эмес. 10. Жазыктык-кылмыш иши үчүн соттолгон ар бир адам мыйзамда белги-ленген тартипте өкүмдүн жогору турган сот баскычтарында кайра каралышы-на укуктуу, ошондой эле ырайым кылууну же жазаны жењилдетүүнү өтүнүүгөукуктуу. 11. Бир эле укук бузгандык үчүн эч ким эки жолу юридикалык жооп-керчиликке тартылууга тийиш эмес. 12. Жазык мыйзамын окшоштук боюнча колдонууга жол берилбейт. 13. Адамдын жоопкерчилигин аныктаган же оордоткон мыйзам өткөнмезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурда укук бузуу катары тааныл-баган аракеттер үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылууга тийиш эмес. Эгер-де укук бузуу жасалгандан кийин ал үчүн жоопкерчилик жокко чыгарылса жежењилдетилсе, жањы мыйзам колдонулат. 14. Кылмыштан жана бийликти кыянат пайдалануудан жабыркагандардынукуктары мыйзам менен корголот. Мамлекет алардын сот адилеттигинен пай-далануусун жана келтирилген зыяндын же чыгашанын ордун толтуруп алуусункамсыз кылат. 15. Ар бир адам эларалык сотторго кайрылууга укуктуу. 16-статья. 1. Кыргыз Республикасында адам эркиндиктери менен укуктарына кара-ма-каршы келбеген элдик үрп-адаттар, каада-салттар мамлекет тарабынанколдоого алынат. 2. үй-бүлө коомдун башаты; үй-бүлө, ата болуу, эне болуу, балалык- бүткүл коомдун камкордугуна алынат жана мыйзам менен артыкчылыктуукорголот; балдарга камкордук көрүү, аларды тарбиялоо - ата-энелердинтабигый укугу жана жарандык милдети. Бойго жеткен эмгекке жөндөмдүүбалдар ата-энесине камкордук көрүүгө милдеттүү. 3. Мамлекет жетим балдарды жана ата-энесинин камкордугунан ажыра-ган балдарды багууну, тарбиялоону, окутууну камсыз кылат. 4. Улууларды урматтоо, бир туугандарына жана жакындарына камкордуккөрүү - Кыргызстан элдеринин ыйык милдети. 17-статья. 1. Ушул Конституция менен белгиленген эркиндиктер жана укуктар то-лук деп эсептелбейт жана алар адамдын жалпыга таанылган башка эркиндик-тери менен укуктарын тануу же кемсинтүү катары чечмеленбөөгө тийиш. 2. Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башкаадамдардын эркиндиктери менен укуктарын, ар-намысын жана кадыр-баркынурматтоого милдеттүү. 3. Өз эркиндиктери менен укуктарын жүзөгө ашырып жаткан ар бирадам башкалардын эркиндиктери менен укуктарын чектөөгө тийиш эмес. 18-статья. 1. Кыргыз Республикасында адамдын эркиндиктери менен укуктарынжокко чыгаруучу мыйзамдар чыгарылууга тийиш эмес. 2. Башка адамдардын эркиндиктери менен укуктарын, коомдук коопсуз-дукту жана тартипти, аймактык бүтүндүктү камсыз кылуу, конституциялыктүзүлүштү коргоо максатында гана адам эркиндиктери менен укуктарынынчектелишине Конституция жана мыйзамдар менен жол берилет. Мындай учурдаконституциялык эркиндик менен укуктун маани-мањызына доо кетирилбешикерек. 19-статья. 1. Инсандын дене-боюнун жана моралдык колтийбестигине тиешелүүчектөөлөргө жасалган кылмыш үчүн жаза катарында мыйзамдын негизинде чы-гарылган соттун өкүмү боюнча гана жол берилет. Бир да адам кыйноого,зордоого же адамгерчиликке сыйбаган мазактоочу жазалоолорго дуушар бол-боого тийиш. 2. Талапка ылайык жол менен тастыкталган жана ырасталган ыктыярдуумакулдугу болмоюнча адамдарга медициналык, биологиялык, психологиялыктажрыйба жүргүзүүгө тыюу салынат. 3. Кыргыз Республикасы саясий жүйөлөр боюнча куугунтукталган четөлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга мыйзам менен белгилен-ген тартипте башкалкалоо укугун бере алат. Экинчи бөлүм Жарандык. Жарандын укуктары жана милдеттери 20-статья. 1. Адамдын Кыргыз Республикасына таандык экендиги жана анын стату-су жарандыгы аркылуу аныкталат. 2. Кыргыз Республикасынын жараны өзүнүн жарандуулугуна байланыштууукуктарга ээ жана милдеттерди мойнуна алат. 3. Кыргыз Республикасынын бир да жараны өзүнүн жарандыгынан жанаөзүнүн жарандуулугун өзгөртүү укугунан ажыратылышы мүмкүн эмес. КыргызРеспубликасынын жараны болуп эсептелген адамдардын Кыргыз Республикасы-нын мыйзамдарына жана эларалык макулдашууларына ылайык башка мамлекет-тин жарандыгына таандык экендиги таанылат. 4. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башкамамлекеттин жараны болгондугуна карабастан жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиптеКыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алууга укуктуу. Кыргыз Респуб-ликасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарттары мыйзамда белгиле-нет. 5. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен тышкары чы-гарылып салынышы же башка мамлекетке берилиши мүмкүн эмес. 6. Кыргыз Республикасы өзүнүн чегинен тышкары жактарда өз жаранда-рынын корголушуна жана калкаланышына кепилдик берет. 21-статья. 1. Кыргыз Республикасынын жарандары биригүү эркиндигине укуктуу. 2. Жарандардын бирикмелерине аскерлешкен түзүлүштөрдү түзүүгө тыюусалынат. 3. Кыргыз Республикасынын жарандары, алардын бирикмелери ушулКонституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен тыюу салынган-дан жана чектөө коюлгандан башка бардык аракеттерди жана иштердижүргүзүүгө укуктуу. 4. Жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын коргоо, бул жагындагыукук бузууларды болтурбоо жана бузулган укуктарды калыбына келтирүү -мамлекеттин, анын бардык органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башка-руу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын милдети. 5. Кыргыз Республикасы өзүнүн жарандарынын ушул Конституция жанамыйзамдар менен белгиленген бардык эркиндиктерин жана укуктарын сот ар-кылуу корголушуна кепилдик берет. 6. Жарандардын укуктары жана милдеттери жөнүндө мыйзамдар бардыкжарандарга бирдей колдонулууга жана ушул Конституцияда жана жарандардысоциалдык жактан коргоо боюнча мыйзамдарда каралган учурларды кошпогон-до, алардын бирине да эч кандай артыкчылыктарды жана жењилдиктердибербөөгө тийиш. 22-статья. Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте жана учурларда салыктардыжана жыйымдарды төлөөгө милдеттүү. 23-статья. 1. Кыргыз Республикасынын жарандары: мыйзамдар менен республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдер-ди талкуулоого жана аларды кабыл алууга катышууга; мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандарын шайлоого жана аларга шайланууга, ошондой эле конституциялыкмыйзамда каралган тартипте референдумга катышууга укуктуу. 2. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдардын жанажергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын иштеринин маселелери, дагыбашка маанилүү маселелер боюнча кыргыздардын тарыхый ыйык салты болупсаналган элдик курултайларды өткөрүүгө укуктуу. Элдик курултайдын чечи-ми сунуш катары тиешелүү органдарга жиберилет. 3. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик жана муниципалдыккызматка кирүүдө бирдей укуктарга ээ болот. Мамлекеттик жана муниципал-дык кызматтарга кирүүнүн тартиби мыйзам менен белгиленет. 24-статья. 1. Ата Мекенди коргоо - Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйыкпарзы жана милдети. 2. Жарандарды аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернати-валуу кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам мененбелгиленет. 25-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик бийлик органдарын жежергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын алдын ала кабарлоо шарты ме-нен саясий чогулуштарды, митингдерди, жүрүштөрдү, демонстрацияларды жа-на пикеттерди тынч жана куралсыз өткөрүү укугуна ээ. Аларды өткөрүүнүнтартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат. 26-статья. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын чегинен тыш-кары жактарга эркин чыгуу жана тоскоолдуксуз кайтып келүү укугуна ээ. 27-статья. 1. Кыргыз Республикасынын жарандарына улгайганда, ооруп калгандажана эмгекке жарамдуулугун жоготкондо, багып-көрөөрүнөн ажыраганда мый-замда каралган тартипте жана учурларда социалдык жактан камсыз кылуукепилденет. 2. Коомдун экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдыкжардам мыйзамда аныкталган тиричилик каражатынын эњ төмөнкү өлчөмүнөнкем эмес турмуш дењгээлин камсыз кылууга тийиш. 3. Ыктыярдуу социалдык камсыздандыруу, камкордуктун кошумча башкасоциалдык түрлөрүн түзүү жана кайрымдуулук колдоого алынат. 28-статья. 1. Кыргыз Республикасынын жарандары эмгектенүү эркиндигине, эмгек-ке карата өзүнүн жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесипти жана иштинтүрлөрүн тандап алууга, эмгекти коргоо жана коопсуздук жана гигиена та-лаптарына жооп берген эмгек шартына укуктуу, ошондой эле эмгеги үчүнакы төлөө жана мыйзамда белгиленген эњ төмөнкү турмуш дењгээлинен кемэмес социалдык коргоо укугуна ээ болушат. 2. Мамлекет жарандарды кесиптик чеберчиликке даярдоого жана аныжогорулатууга кам көрөт, эмгекке болгон укугун чыњдоо жана бекемдөөмаксатын көздөгөн эларалык уюмдарга көмөк көрсөтөт. 3. Согуш маалын, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу учурларын,эпидемия же башка өзгөчө кырдаалдарды, ошондой эле соттун өкүмү боюнчажаза өтөөдөн башка учурларды кошпогондо, балдардын эмгегинен пайдалану-уга, ошондой эле чоњ адамдарды эмгекке мажбурлап тартууга тыюу салынат. 29-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары республикалык жана жергиликтүүбюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгым-далган каражаттар жөнүндө кабардар болууга укуктуу. Алардын катышуусу-нун тартиби мыйзам менен аныкталат. 30-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары иш таштоого укуктуу. Иш таштоону өткөрүү тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат. 31-статья. 1. Кыргыз Республикасынын жарандары эс алууга укуктуу. 2. Иштин эњ узак убактысы, эс алуунун ар жумалык эњ кыска мөөнөтүжана жыл сайын акы төлөнүүчү өргүү, ошондой эле эс алуу укугун ишкеашыруунун дагы башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат. 32-статья. 1. Кыргыз Республикасынын ар бир жараны билим алууга укуктуу. 2. Жалпы негизги билим - милдеттүү жана акысыз, аны ар бир адаммамлекеттик жана муниципалдык окуу жайларынан алууга укуктуу. 3. Мамлекет ар бир жаранды мектепке чейинки билим берүү мекемеле-ринен тартып негизги билим берүүгө чейин мамлекеттик тилди жана эки четтилди окутуп, үйрөтүүгө шарттарды түзөт. 4. Ар бир жаран акысыз, ошондой эле акы төлөп билим алууга укук-туу. 33-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары турак-жайга укуктуу. Бул укукмамлекеттик, муниципалдык жана жеке турак-жай фондунун өнүгүшү, жаран-дарга мыйзамдарда белгиленген шарттарда жана тартипте турак-жай алуугакөмөк көрсөтүү менен камсыз кылынат. 34-статья. 1. Кыргыз Республикасынын жарандары ден соолугунун коргоого алыны-шына укуктуу. 2. Алгачкы медициналык жардам жана мыйзамда аныкталган ооруулардынайрым түрлөрү боюнча медициналык жардам, ошондой эле калктын социалдыкжактан аялуу катмарларына медициналык жардам акысыз көрсөтүлөт; аны арбир адам мамлекеттик жана жеке медициналык мекемелерден алууга укуктуу. Медициналык жардам алуу тартиби мыйзам менен жөнгө салынат. 35-статья. Кыргыз Республикасынын жарандары жашоосу жана ден соолугу үчүн жа-гымдуу айлана-чөйрөдөн пайдаланууга жана жаратылышты пайдалануучөйрөсүндөгү аракеттерден улам саламаттыгына же мүлкүнө келтирилген зы-яндын ордун толтуртуп алууга укуктуу. 36-статья. 1. Маданият, искусство, адабият, илим жана жалпыга маалымдоо кара-жаттары - эркин. 2. Мамлекет тарыхый эстеликтерди коргойт, адабият, искусство,илим, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана спорттун өнүгүшү үчүн кам-кордук кылат жана зарыл шарттарды түзөт. 3. Жарандар маданий дөөлөттөрдөн пайдаланууга, искусство жана илимжаатында иштөөгө укуктуу. 37-статья. Мамлекеттин социалдык иштери жарандын экономикалык эркиндиги мененжигерин, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн экономикалык жыргалчылыгына өзү же-тишүү мүмкүнчүлүгүн мамлекеттин камкордугу менен алмаштырылышына алыпкелбөөгө тийиш. 38-статья. Жарандык укук мамилелеринен келип чыгуучу талаш-тартыштарды соттонтышкары чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары бейтарап соттордууюштурууга укуктуу. Бейтарап соттордун ыйгарым укуктары, түзүлүү тартиби жана иштешимыйзам менен аныкталат. 39-статья. Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштуруугаукуктуу. Аксакалдар сотторун уюштуруу тартиби, алардын ыйгарым укуктары жа-на иштеши мыйзам менен аныкталат. 40-статья. 1. Ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу.Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебиненкөрсөтүлөт. 2. Адвокаттардын өзүн-өзү башкаруучу, кесиптик коомдоштугу катарыадвокатураны уюштуруу жана анын иши, ошондой эле адвокаттардын укукта-ры, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзамда аныкталат. 41-статья. Адамдын жана жарандын эркиндиктерине, укуктарына жана милдеттеринетиешелүү мыйзамдардын, дагы башка ченемдик укук актыларынын жарыяланышыаларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп саналат. ҮЧҮНЧҮ ГЛАВА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ 42-статья. 1. Президент - мамлекеттин башчысы, Кыргыз Республикасынын эњ жо-горку кызмат адамы. 2. Президент - элдин биримдигинин жана мамлекеттик бийликтин сим-волу, Конституциянын, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндикте-ринин кепили болуп саналат. 3. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыт-тарын аныктайт, өлкөнүн ичинде жана эларалык мамилелерде Кыргыз Респуб-ликасынын атынан иш жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүн жа-на аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча чара көрөт, мамлекеттик бийликтинбиримдигин жана ырааттуулугун, мамлекеттик органдардын макулдашып иште-шин жана өзара шайкеш аракеттенишин, алардын эл алдындагы жоопкерчили-гин камсыз кылат. Биринчи бөлүм Президентти шайлоо 43-статья. 1. Президент беш жылга шайланат. 2. Бир эле адам катары менен эки жолудан ашык мөөнөткө Президентболуп шайлана албайт. 44-статья. 1. Президент болуп 35 жаштан жаш эмес жана 65 жаштан ашпаган, мам-лекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмесжашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат. Кылмыш жасагандыгыүчүн соттолгон, анысы жоюлбаган же мыйзамда белгиленген тартипте алыпсалынбаган жаран Президент болуп шайлана албайт. 2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Пре-зиденттикке талапкер болуп кеминде 50 мињ шайлоочунун колтамгасын топ-тогон адам каттала алат. Президентти шайлоо тартиби мыйзам менен аныкталат. 45-статья. 1. Президент кызматына киришип жатып, Кыргызстандын элинетөмөнкүдөй ант берет: "Мен, ..., Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына киришипжатып, Конституцияны жана мыйзамдарды ыйык тутууга жана сактоого; кыр-гыз мамлекетинин эгемендүүлүгүн жана көз карандысыздыгын коргоого; Кыр-гыз Республикасынын бардык жарандарынын эркиндиги менен укуктарын ур-маттоого жана камсыз кылууга; бүткүл эл ишенип мага жүктөгөн Президент-тин бийик милдетин арнамыстуулук менен талыкпастан аткарууга өз элимдинжана Ата журтумун алдында ант берем.". 2. Президенттик мандат ант берген учурдан тартып иштей баштайт.Президенттин ыйгарым укуктары жањы шайланган Президент кызматка кириш-кен мезгилден тартып токтотулат. 3. Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде Президент-ке жањы шайлоо башталганга чейин саясий партиялардагы жана уюмдардагыөз ишин токтото турат. Экинчи бөлүм Президенттин ыйгарым укуктары 46-статья. 1. Президент: 1) ушул Конституцияда аныкталган тартипте Премьер-министрди жанаӨкмөт мүчөлөрүн дайындайт; 2) Өкмөттүн структурасын Жогорку Кењешке киргизүү үчүн Премьер-ми-нистрге макулдук берет; 3) өзүнүн демилгеси менен же Премьер-министрдин сунушу боюнчаӨкмөт мүчөсүн бошотот; 4) Премьер-министрдин, Өкмөттүн же анын айрым мүчөсүнүн кызматтанкетүү жөнүндө өтүнүчүн кабыл алат; ушул Конституцияда каралган учурлар-да Өкмөттү же анын айрым мүчөсүн кызматтан кетирүү жөнүндө чечим кабылалат; 5) Премьер-министр менен кењешкенден кийин жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялардын башчыларын дайындайт; аларды кызматтан бошотот; 6) Мамлекеттик катчыны дайындайт, анын статусун жана ыйгарым укук-тарын аныктайт; өзүнүн ишин камсыз кылуучу Президенттин Администрация-сын түзөт; 7) Коопсуздук кењешин жана башка координациялоочу органдарды түзөтжана башчылык кылат; 8) өзүнө баш ийген Мамлекеттик күзөт кызматын жана Улуттук гварди-яны түзөт; 9) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга эмгек акы төлөөнүншарттарын аныктайт. 2. Президент: 1) Конституциялык соттун судьяларын кызмат орундарына шайлоо жанааларды кызматтан бошотуу үчүн Жогорку Кењешке сунуш киргизет; 2) Жогорку соттун судьяларын кызмат орундарына шайлоо жана алардыкызмат ордунан бошотуу үчүн Жогорку Кењешке сунуштама киргизет; 3) Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кењештин сунушу жана Жо-горку Кењештин макулдугу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын дайын-дайт; аларды Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук кењештин сунуштамасыменен кызматтарынан бошотот; 4) Жогорку Кењештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт,Башкы прокурордун сунушу боюнча Башкы прокурордун орунбасарларын, ас-кердик прокурорду дайындайт; аларды кызматтан бошотот; 5) Жогорку Кењештин макулдугу менен Улуттук банктын төрагасын да-йындайт; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча төраганын орунбасар-ларын жана Улуттук банктын башкармасынын мүчөлөрүн дайындайт; алардыкызматтан бошотот; 6) Жогорку Кењештин макулдугу менен Шайлоо жана референдум өткөрүүбоюнча борбордук комиссиянын төрагасын дайындайт; Шайлоо жана референ-дум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн курамынын жарымындайындайт; аларды кызматтан бошотот; 7) Жогорку Кењештин макулдугу менен Эсептөө палатасынын төрагасындайындайт; Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамынын жарымын дайын-дайт; аларды кызматтан бошотот; 3. Президент: 1) Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына жетекчиликти жүзөгө ашы-рат; 2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана Кыргыз Республикасынын эларалык ке-лишимдерине кол коет; 3) ратификациялоо грамоталарына кол коет; 4) Жогорку Кењештин тийиштүү комитети менен кењешкенден кийин Кыр-гыз Республикасынын чет мамлекеттердеги жана эларалык уюмдардагы дипло-матиялык өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекет-тердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын жана эларалык уюм-дардын өкүлдөрүнүн ишеним жана кайра чакырып алуу грамоталарын кабылалат; 5) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынанчыгаруу, саясий башбаанек берүү маселелерин чечет. 4. Президент: 1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлайт; 2) Кыргыз Республикасынын ардактуу наамдарын ыйгарат; 3) жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды, класстыкчендерди жана башка атайын наамдарды ыйгарат; 4) ырайым кылат. 5. Президент: 1) Жогорку Кењешке мыйзам долбоорлорун киргизет; 2) мыйзамдарга кол коет жана аларды элге жарыялайт; өзүнүн каршыпикирлери менен аларды Жогорку Кењешке кайтарып берет; 3) өлкөдөгү иштердин абалы жөнүндөгү ар жылдык билдирүү менен Кыр-гызстандын элине кайрылат, ал Жогорку Кењештин жыйналышында окулат. 4) өкмөттүн жана башка аткаруу бийлик органдарынын ченемдик-укук-тук актыларынын колдонулушун токтото турууга укуктуу. 6. Президент: 1) Жогорку Кењештин жыйналышын мөөнөтүнөн мурда чакырууга жана ка-рала турган маселелерди аныктоого укуктуу; 2) өз демилгеси менен референдум дайындайт; кеминде 300 мињ шайло-очунун, Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн де-милгеси боюнча референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат; 3) Ушул Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кењешке шайлоонудайындайт; 4) жергиликтүү кењештерге шайлоону дайындайт; мыйзамда каралганучурларда жергиликтүү кењештерди таркатууну жүзөгө ашырат. 7. Президент конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгонучурда өзгөчө абалды киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет, ал эми за-рыл болгон учурда аны айрым жерлерде алдынала жарыялабай туруп кирги-зет, бул жөнүндө Жогорку Кењешке токтоосуз билдирет. 8. Президент жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт;Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылыккоркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосузЖогорку Кењештин кароосуна киргизет; өлкөнүн жана анын жарандарынын ко-опсуздугун коргоо таламдарында аскер абалын жарыялайт жана бул маселениЖогорку Кењештин кароосуна токтоосуз киргизет. 9. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол-башчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жо-горку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана бошотот. 10. Президент карамагына кирген коргоо, коопсуздук маселелеринтейлеген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну кам-сыз кылат, Премьер-министрдин сунушу боюнча аларды бекитет; алардын же-текчилерин дайындайт жана бошотот. 11. Президент ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарым укук-тарды жүзөгө ашырат. 47-статья. 1. Президент Конституциянын жана мыйзамдардын негизинде жарлыктар-ды жана буйруктарды чыгарат. 2. Президенттин жарлыктары жана буйруктары Кыргыз Республикасынынбардык аймактарында аткарылууга милдеттүү болуп саналат. 48-статья. Президент ушул Конституциянын 46-статьясынын 3-пунктунун 2-пунк-тчасында каралган ыйгарым укуктарын Премьер-министрге, Өкмөт мүчөлөрүнөжана башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу. 49-статья. 1. Президент колтийбестик укугуна ээ. Президенттин ар-намысы жанааброю мыйзам менен корголот. 2. Президенттин, ошондой эле анын үй-бүлөсүн камсыз кылуу, тейлөөжана коргоо мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт. 50-статья. 1. Президенттин ыйгарым укуктары ал арызы менен кызматынан кеткен-де, ушул Конституцияда каралган тартипте анын кызматтан четтетилишининнатыйжасында, ошондой эле оорусуна же анын кайтыш болгондугуна байла-ныштуу ыйгарым укуктарын аткара албай калган учурда токтотулушу мүмкүн. 2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай кал-ган учурда Жогорку Кењеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянынкорутундусунун негизинде Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынынүчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматтан бо-шотуу жөнүндө чечим кабыл алат. 51-статья. 1. Президент мамлекеттик чыккынчылык же башка оор кылмыш жасаган-дыгы үчүн Жогорку Кењеш тарабынан коюлган, Жогорку Кењеш тарабынантүзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу менен ырасталган күнөөнүн неги-зинде гана кызматынан четтетилиши мүмкүн. 2. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы күнөө коюужөнүндө Жогорку Кењештин чечими Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпысанынын көпчүлүгүнүн демилгеси боюнча депутаттардын кеминде үчтөн эки-синин добушу менен жана Жогорку Кењеш тарабынан түзүлгөн атайын комис-сиянын корутундусу болгондо кабыл алынууга тийиш. 3. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кењештин чечимиЖогорку Кењеш күнөө койгон күндөн тартып үч айлык мөөнөттөн кечиктирил-бестен Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын төрттөн үчүнөн кемэмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынууга тийиш. Эгерде ушул мөөнөттөЖогорку Кењештин чечими кабыл алынбаса, күнөө коюу четке кагылды депэсептелинет. 52-статья. 1. Ушул Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өзүнүныйгарым укуктарын аткара албай калган учурда жањы Президент шайлангангачейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кењештин Төрагасы аткарат. Прези-денттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кењештин Төрагасы аткаруугамүмкүнчүлүк болбой калган учурда Президенттин ыйгарым укуктарын Премь-ер-министр аткарат. Мындай учурда жањы Президентти шайлоо Президенттиныйгарым укуктары токтотулган учурдан тартып үч айлык мөөнөттөн кечикти-рилбей өткөрүлүүгө тийиш. 2. Президенттин ыйгарым укуктарын аткарып жаткан кызмат адамдарыЖогорку Кењешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоого, референдум дайын-доого, Өкмөттүн ыйгарым укуктарын токтотууга, ошондой эле Конституциягаөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө сунуш киргизүүгө укуксуз. 53-статья. 1. Ушул Конституциянын 51-статьясында белгиленген тартипте кызма-тынан четтетилгендерден башка, мурдагы бардык президенттер Кыргыз Рес-публикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат. 2. Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу мыйзам мененбелгиленет. ТӨРТҮНЧҮ ГЛАВА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ Биринчи бөлүм Жогорку Кењеш 54-статья. 1. Жогорку Кењеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мыйзам чы-гаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук кылуумилдеттерин жүзөгө ашыруучу өкүлчүлүктүү орган. 2. Жогорку Кењеш беш жылдык мөөнөткө шайлануучу 90 депутаттан ту-рат. Жогорку Кењештин жарым курамы пропорционалдык система боюнча шай-ланат. Жашы 25тен жаш эмес, шайлоо укугуна ээ болгон Кыргыз Республикасы-нын жараны Жогорку Кењештин депутаты болуп шайлана алат. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон жаран, эгерде анын соттолгондугужоюлбаса же мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаса, ЖогоркуКењештин депутаты болуп шайлана албайт. Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоонун тартиби мыйзам менен анык-талат. 55-статья. 1. Жогорку Кењеш өзүнүн биринчи сессиясына конституциялык курамы-нын үчтөн экисинен кем эмеси шайлангандан кийин 30 күндөн кечикпестенчогулат. 2. Жогорку Кењештин биринчи жыйналышын Жогорку Кењештин жашы боюн-ча улуу депутаты ачат. 3. Жогорку Кењештин депутаттарынын ыйгарым укуктары ант бергенкүндөн тартып башталат. 4. Жањы шайланган Жогорку Кењештин биринчи жыйналышы болгон күндөнтартып жана анда жањы шайланган курамдын үчтөн экисинен кем эмес депу-таттары ант бергенден кийин мурдагы чакырылган Жогорку Кењештин ыйгарымукуктары токтотулат. 56-статья. 1. Жогорку Кењештин депутаты колтийбестик укугуна ээ. Ал депутат-тык ишине байланыштуу айткандары же Жогорку Кењеште добуш берүүнүн на-тыйжасы үчүн куугунтуктоого алынбайт. Депутат кылмыш үстүнөн кармалган-дан башка учурларда кармалышы же камакка алынышы, тинтилиши же жекечетекшерилиши мүмкүн эмес. Депутатты жазык жоопкерчилигине, ошондой элесот тартибинде администрациялык жоопкерчиликке тартууга Жогорку Кењеш-тин макулдугу менен гана жол берилет. 2. Жогорку Кењештин депутаты бир эле убакта башка мамлекеттик жемуниципалдык кызматта боло албайт, ишкердик иш менен алектениши, ком-мерциялык уюмдун жетекчи органынын же байкоочулар кењешинин курамынакириши мүмкүн эмес. Эгерде илимий, педагогикалык жана башка чыгармачыл иш ЖогоркуКењештин депутатына депутаттык милдеттерди аткаруусуна залакасын тий-гизбесе, ал мындай ишти аткара алат. 57-статья. 1. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары Жогорку Кењештиныйгарым укуктарынын токтотулушу менен бир учурда токтотулат. 2. Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарым укуктары ушул статьянын1-пунктунда каралган негиздерден тышкары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөнмурда токтотулат: ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткону жөнүндөжазуу жүзүндө арыз бергенде; жарандыктан чыкканда, жарандыгын жоготкон-до же башка жарандыкты алганда; башка ишке которулганда же депутаттыкыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда; шайлоо-лор жараксыз деп табылганда; туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынынчегинен чыгып кеткенде; депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз дептаанылганда; аны дайынсыз жок болду же өлдү деп жарыялоо жөнүндөгү сот-тун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде, ошондой эле депутат каза болгон-до; ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде; бир сес-сиянын ичинде Жогорку Кењештин жыйналыштарына жүйөлүү себепсиз 30 жанаандан да көп жумуш күнү катышпаганда. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кењештин депутатынын ыйгарымукуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөнтартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиянын кабыл алган чечими менен ишке ашы-рылат. 3. Депутаттын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунуннатыйжасында пайда болгон бош мандатты ээлөөнүн тартиби мыйзам мененаныкталат. Экинчи бөлүм Жогорку Кењештин ыйгарым укуктары 58-статья. 1. Жогорку Кењештин карамагына төмөнкүлөр кирет: 1) Конституцияны кабыл алуу, ушул Конституцияга өзгөртүү жана то-луктоо киргизүү, ошондой эле ушул Конституцияда белгиленген тартиптеКонституциянын жањы редакциясын кабыл алуу; 2) мыйзамдарды кабыл алуу; 3) өзү тарабынан кабыл алынган Конституцияны жана мыйзамдарды рас-мий чечмелөө; 4) Кыргыз Республикасынын чегараларын өзгөртүү; 5) Өкмөт киргизген республикалык бюджетти жана анын аткарылышыжөнүндөгү отчетту бекитүү; 6) Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүнүнмаселелерин чечүү; 7) Президентти шайлоону дайындоо; 8) Өкмөт киргизген социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жалпы мамле-кеттик программаларын бекитүү; 9) Премьер-министрдин сунуштамасы боюнча Өкмөттүн структурасын бе-китүү; 10) ушул Конституцияда каралган учурларда Өкмөткө, Өкмөттүн айрыммүчөсүнө ишеним көрсөтпөө; 11) Президенттин сунуштамасы боюнча Конституциялык Соттун судьяла-рын шайлоо жана кызматынан бошотуу; аларды сот тарабынан каралгандайтартипте кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга ма-кулдук берүү; 12) Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Соттун судьяларын шай-лоо жана кызматынан бошотуу; аларды сот тартибинде кылмыш-жазык жанаадминистрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү; 13) Президенттин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн угуу; 14) Башкы прокурорду дайындоого макулдук берүү; аны сот тартибиндекылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдукберүү; 15) Улуттук банктын төрагасын дайындоого макулдук берүү; 16) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянынтөрагасын дайындоого макулдук берүү; 17) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянынкурамынын жарымын шайлоо; аларды мыйзамда каралган тартипте жана учур-ларда кызматтарынан бошотуу; 18) Эсептөө палатасынын төрагасын дайындоого макулдук берүү; 19) Эсептөө палатасынын аудиторлорунун курамынын жарымын шайлоо,аларды мыйзамда каралган тартипте жана учурларда кызматтарынан бошотуу; 20) жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоого макулдук берүү;аларды сот тартибинде кылмыш-жазык жана администрациялык жоопкерчиликкетартууга макулдук берүү; 21) Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орунбасарларын шайлоо жанакызматынан бошотуу; аны сот тартибинде кылмыш-жазык жана администрация-лык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү; 22) мыйзамда белгиленген тартипте эларалык келишимдерди ратифика-циялоо жана денонсациялоо; 23) өзгөчө абалды киргизүү, бул маселе боюнча Президенттин жарлык-тарын бекитүү же жокко чыгаруу; 24) согуш жана тынчтык маселелерин чечүү; согуш абалын киргизүү,согуш абалын жарыялоо, бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бе-китүү же жокко чыгаруу; 25) тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча мамлекеттер аралыккелишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарылчылыгы болгон учурда КыргызРеспубликасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пай-далануу мүмкүнчүлүгүнүн маселесин чечүү; 26) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык ранг-дарын, класстык чендерин жана башка атайын наамдарын белгилөө; 27) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана ардактуунаамдарын уюштуруу; 28) мунапыс жөнүндө актыларды чыгаруу; 29) чет мамлекеттердин, эларалык уюмдардын жетекчилеринин жанабашка өкүлдөрүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүн угуу; 30) Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Акыйкатчынын (Омбудс-мендин) ар жылдык баяндамаларын угуу; 31) Премьер-министрдин Өкмөттүн иши жөнүндө, Башкы прокурордун,Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын ар жылдыкотчетторун угуу; 32) Кыргыз Республикасынын Президентине каршы айып коюу; Прези-дентти кызматынан четтетүү. 2. Ушул статьяда аталган кызмат адамдарынын ар жылдык отчетторунжана баяндамаларын угуу тийиштүү мамлекеттик органдардын жана алардынкызмат адамдарынын өз алдынчалуулугу жана көз карандысыздыгы жөнүндөушул Конституциянын жана мыйзамдардын жоболорун эске алуу менен ишкеашырылат. 3. Жогорку Кењеш ушул Конституцияда каралган дагы башка ыйгарымукуктарды ишке ашырат. 59-статья. 1. Жогорку Кењеш ушул Конституциянын 58-статьясынын 1-пунктунун 1,3-6, 9, 22-28-пунктчаларында көрсөтүлгөн маселелер боюнча мыйзамдарды,мыйзамдардын аткарылышын контролдоону ишке ашырууну кошуп алганда, кал-ган маселелер боюнча токтомдорду кабыл алат. 2. Мыйзамдар жана Жогорку Кењештин токтомдору, эгерде ушул Консти-туцияда кабыл алуунун башка тартиби каралбаса, Жогорку Кењештин депу-таттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. 60-статья. 1. Жогорку Кењеш өз курамынан Жогорку Кењештин Төрагасын жана анынорунбасарларын шайлайт. 2. Жогорку Кењештин Төрагасы: 1) Жогорку Кењештин жыйналыштарын алып барат; 2) Жогорку Кењештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоо-го жалпы жетекчилик кылат; 3) Жогорку Кењеш кабыл алган актыларга кол коет; 4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкаркы жерлерде ЖогоркуКењештин атынан чыгат, Жогорку Кењештин Президент, Өкмөт, мамлекеттикбийликтин аткаруу жана сот бутактары, жергиликтүү өзалдынча башкарууоргандары менен өзара байланышын камсыз кылат; 5) Жогорку Кењештин Аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти ишке ашы-рат жана контролдук кылат; 6) Жогорку Кењештин ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кењештин Регла-ментинде ага жүктөлгөн дагы башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 3. Жогорку Кењештин Төрагасы Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпысанынын көпчүлүк добушу менен жашыруун добуш берүү аркылуу шайланат. Төрага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине отчет берет жанаЖогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмескөпчүлүк добуш менен кабыл алынган Жогорку Кењештин чечими боюнча кайрачакыртып алынышы мүмкүн. 4. Жогорку Кењештин Төрагасынын орунбасарлары жашыруун добуш берүүменен шайланат, Төраганын тапшырмасы боюнча анын айрым милдеттерин ат-карат жана Төрага жок учурда аны алмаштырат. Жогорку Кењештин Төрагасы-нын орунбасарлары Жогорку Кењештин Регламентинде каралган тартипте кай-ра чакыртып алынат. 61-статья. 1. Жогорку Кењеш өз депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондойэле убактылуу комиссияларды, алардын курамын түзөт. 2. Жогорку Кењештин комитеттери Жогорку Кењештин ыйгарым укуктары-на таандык болгон маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишкеашырат, Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечим-дерди турмушка ашырууга контролдук кылат. 3. Мыйзамдар жана Жогорку Кењештин ченемдик укук актылары ЖогоркуКењештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын алакаралгандан кийин кабыл алынат. 4. Жогорку Кењештин ыйгарым укуктарына таандык кылынган кызматадамдарын дайындоо жана шайлоо, мамлекеттик кызмат орундарына дайындоо-го жана кызматтан бошотууга макулдук берүү Жогорку Кењештин тийиштүүкомитеттеринин корутундусу болгон учурда жүргүзүлөт. 62-статья. 1. Жогорку Кењештин сессиясы жыйналыш түрүндө ишке ашырылат жанасентябрдын биринчи жумуш күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркыжумуш күнүнө чейин жүргүзүлөт. 2. Жогорку Кењештин жыйналыштары, эгерде каралып жаткан маселелер-дин мүнөзү жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, ачык жүргүзүлөт. 3. Жогорку Кењештин кезексиз сессиялары Президенттин, Өкмөттүн жеЖогорку Кењештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюн-ча Жогорку Кењештин Төрагасы тарабынан чакырылат. 4. Жогорку Кењештин жыйналышы ага Жогорку Кењештин депутаттарынынжалпы санынын көпчүлүгү катышса ыйгарым укуктуу болот. 5. Жогорку Кењештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын добушберүүсү менен кабыл алынат. 63-статья. 1. Жогорку Кењеш өзүн-өзү таркатуу жөнүндө чечим боюнча таркатылы-шы мүмкүн. 2. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндөгү чечим Жогорку Кењештин депутаттары-нын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабылалынышы мүмкүн. 3. Президент Жогорку Кењештин депутаттарын шайлоону жаӨы шайланганЖогорку Кењеш өзүнүн биринчи жыйналышына мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайын-далган күндөн тартып 60 күндөн кечиктирилбестен чогулгудай кылып дайын-дайт. Үчүнчү бөлүм Мыйзам чыгаруу иши 64-статья. Мыйзам чыгаруу демилге укугу төмөнкүлөргө таандык: 30 мињ шайлоочуга (элдик демилге); Президентке; Жогорку Кењештин депутаттарына; Өкмөткө. 65-статья. 1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кењешке киргизилет. 2. Президент же Өкмөт кечиктирилгис деп аныктаган мыйзам долбоор-лору Жогорку Кењеш тарабынан кезексиз тартипте каралат. 3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабуу каралган чыгымдардыкөбөйтүүнү же анын киреше бөлүгүн кыскартууну караган, мыйзам долбоор-лору Жогорку Кењеш тарабынан каржылоо булактары болгон учурда гана ка-был алынышы мүмкүн. 4. Конституциялык мыйзамдар, Кыргыз Республикасынын Конституциясынжана конституциялык мыйзамдарды чечмелөө жөнүндө мыйзамдар, конституци-ялык мыйзамдарга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө мыйзамдар,мамлекеттик чегараны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар кеминде эки окууданөткөрүлгөндөн кийин, Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынынүчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добуш менен Жогорку Кењеш тарабынанкабыл алынат. 5. өзгөчө жана согуш абалы учурунда Конституцияга жана конституци-ялык мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө тыюу салынат. 6. Сөз жана басмасөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алуугажол берилбейт. 66-статья. 1. Жогорку Кењеш кабыл алган мыйзам бир айдын ичинде Президенткекол коюуга жиберилет. 2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестенага кол коет же аны өзүнүн каршы пикири менен Жогорку Кењешке кайраданкароого кайтарып берет. 3. Президент тарабынан кайтарып берилген мыйзамдар Жогорку Кењештебир айдын ичинде каралууга жатат. 4. Эгерде мыйзам кайталап каралганда добуштардын кем эмес көпчүлүкдобуш менен үчтөн экисинен мурда кабыл алынган редакциясында жактырыл-са, ал эми ушул Конституциянын 65-статьясынын 4-пунктунда көрсөтүлгөнмыйзам Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын кем эмес төрттөнүчүн көпчүлүк добуш менен жактырылса, анда мындай мыйзамга Президенткелип түшкөн күндөн тартып 14 күндүн ичинде кол коюуга тийиш. Мурда кабыл алынган редакцияда жактырылган мыйзамга белгиленгенмөөнөттө кол коюлбаса, мындай мыйзам кол коюлду деп эсептелинет жанажарыяланууга тийиш. 67-статья. Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартибижөнүндөгү мыйзамда башкача каралбаса, анда мыйзам жарыяланган учурдантартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. БЕШИНЧИ ГЛАВА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ 68-статья. 1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Өкмөт, ага баш ийгенминистрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор,аткаруу бийлигинин дагы башка органдары жана жергиликтүү мамлекеттикадминистрациялар ишке ашырат. 2. Өкмөт Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлигинин жо-горку органы болуп саналат. 3. Өкмөттүн ишине Премьер-министр жетекчилик кылат. Өкмөт Премьер-министрден, вице-премьер-министрлерден, министрлерден жана мамлекеттиккомитеттердин төрагаларынан турат. Өкмөттүн структурасын Премьер-министр аныктайт жана өзүнө КыргызРеспубликасынын министрликтерин жана мамлекеттик комитеттерин камтыйт.Өкмөттүн структурасы Жогорку Кењеш тарабынан бекитилет. Биринчи бөлүм Өкмөт 69-статья. 1. Жогорку Кењештин депутаттарынын мандаттарынын 50дөн ашуун пайы-зын алган саясий партия Премьер-министрдин кызмат ордуна дайындоо үчүнталапкерди Президентке киргизет. Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер жањы чакырылыштагы Жо-горку Кењештин биринчи жыйналышы өткөн күндөн тартып беш жумушчу күндөнкечиктирилбестен киргизилет. Президент сунуштама берилген күндөн тартып үч күндөн кечиктирбейПремьер-министрдин кызмат ордуна дайындайт. 2. Дайындалган Премьер-министр Өкмөттүн структурасын жана Өкмөтмүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди аныктайт. Премьер-министр өзү дайындалган күндөн тартып жети жумушчу күндүничинде Президенттин макулдугу менен Өкмөттүн структурасын ЖогоркуКењештин бекитүүсүнө киргизет. Коргоо, коопсуздук маселелерин тейлегенӨкмөт мүчөлөрүнөн башка Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерӨкмөттүн структурасы бекитилген күндөн тартып беш жумушчу күндүн ичиндеПрезидентке киргизилет. Президент талапкерлер сунушталган күндөн тартып үч күндөн кечик-тирбестен Өкмөт мүчөлөрүн дайындайт. 70-статья. 1. Эгерде Жогорку Кењештин депутаттарынын мандаттарынын 50дөн ашу-ун пайызын алган саясий партиядан шайланган депутаттар Премьер-минист-рдин кызмат ордуна талапкерди киргизбесе же дайындалган Премьер-министрЖогорку Кењештин бекитүүсүнө Өкмөттүн структурасын киргизбесе, же Өкмөтмүчөлөрүнүн кызмат орундарына талапкерлерди сунуштабаса, ошондой элемындай партия жок болсо, Президент башка партиядан шайланган депутат-тарга беш жумушчу күндүн ичинде депутаттардын коалициялык көпчүлүгүнтүзүү жолу менен Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди киргизүүнүтапшырат. 2. Эгерде Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерди киргизүүтапшырылган саясий партиянын депутаттары Премьер-министрдин кызмат ор-дуна талапкерди киргизбесе же Премьер-министр ушул Конституциянын69-статьясынын 2-пунктунда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө Жогор-ку Кењештин бекитүүсүнө Өкмөттүн структурасын киргизбесе жана Өкмөтмүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлерди сунуштабаса, анда Президентбашка партиядан шайланган депутаттарга Премьер-министрдин кызмат ордунадепутаттардын коалициялык көпчүлүгүн түзүү жолу менен талапкердикөрсөтүүнү тапшырат. 3. Эгерде ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн саясий партияданшайланган депутаттар да Президентке Премьер-министрдин кызматына талап-керди киргизбесе же Премьер-министр ушул статьянын 2-пунктунда белги-ленген тартипте жана мөөнөттөрдө Жогорку Кењештин бекитүүсүнө Өкмөттүнструктурасын киргизбесе жана Өкмөт мүчөлөрүнүн кызмат орундарына талап-керлерди сунуштабаса, анда Президент үчүнчү саясий партиядан шайлангандепутаттарга Премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттардын коалициялыккөпчүлүгүн түзүү жолу менен талапкерди киргизүүнү тапшырат. 4. Эгерде ушул Конституцияда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдөПрезидентке Премьер-министрдин кызмат ордуна талапкер киргизилбесе, ан-да Президент Жогорку Кењешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү дайын-дап, Өкмөттү түзөт. Президент тарабынан түзүлгөн Өкмөт ушул Конституци-яда каралган тартипте Жогорку Кењештин жањы чакырылышында көрсөтүлгөнсаясий партиялардан шайланган депутаттар Өкмөттү түзгөнгө чейин иштейт. 71-статья. 1. Өкмөт өзүнүн ишинде ушул Конституцияда каралган чектерде Прези-денттин жана Жогорку Кењештин алдында жооптуу болот жана отчет бериптурат. Президент Өкмөттүн жыйналыштарында чыгып сүйлөөгө, мамлекеттин ич-ки жана тышкы саясатынын негизги багыттарына жетишүү боюнча алардын ал-дына максаттарды жана милдеттерди коюуга акылуу. 2. Премьер-министр Өкмөттүн иши жөнүндө жыл сайын Жогорку Кењешкеотчет берип турат. 3. Жогорку Кењеш Премьер-министрдин жылдык отчетун кароонун жыйын-тыгы боюнча Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн бирининдемилгеси боюнча Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат. 4. Өкмөткө, Өкмөттүн жеке мүчөсүнө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтомЖогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ка-был алынат. 5. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселе Жогорку Кењеш тарабынанПрезидентти кезектеги шайлоого чейинки алты айда каралышы мүмкүн эмес. 6. Өкмөткө ишеним көрсөтүлбөгөндөн кийин Президент Өкмөттүн отс-тавкасы жөнүндө чечим кабыл алууга же болбосо Жогорку Кењештин чечиминемакулдук бербөөгө акылуу. 7. Жогорку Кењеш үч айдын ичинде Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндөчечимди кайталап кабыл алган учурда, Президент Өкмөттү отставкага жибе-рет же болбосо Жогорку Кењешке шайлоону мөөнөтүнөн мурда белгилейт. 8. Жогорку Кењеш Өкмөттүн айрым бир мүчөсүнө ишеним көрсөтпөгөнучурунда Президент Өкмөт мүчөсүнүн отставкасы жөнүндө чечим кабыл алуу-га же Жогорку Кењештин чечими менен макул болбоого укуктуу. Эгерде Жогорку Кењеш алты айдын ичинде Өкмөт мүчөсүнө ишенимкөрсөтпөө жөнүндө чечимди кайталап кабыл алса, Президент Өкмөт мүчөсүнотставкага кетирүүгө милдеттүү. 72-статья. 1. Премьер-министр, Өкмөт же Өкмөттүн айрым мүчөсү отставкажөнүндө суранычын берүүгө акылуу, ал Президент тарабынан кабыл алынатжана четке кагылат. 2. Премьер-министрдин отставкасын кабыл алуу Өкмөттүн жана адми-нистрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынынжетекчилеринин отставкага кетүүсүнө алып келет. Өкмөттүн отставкасын кабыл алуу Өкмөттүн бүткүл курамынын жана ад-министрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлигинин башка органдары-нын жетекчилеринин отставкага кетишине алып келет. 3. Өкмөт түзүлгөнгө жана адиминистрациялык ведомстволордун жанааткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери дайындалганга чейинПремьер-министр, Өкмөт мүчөлөрү, администрациялык ведомстволордун жанааткаруу бийлигинин жана башка органдарынын жетекчилери өзүнүн милдетте-рин аткарууну улантат. 4. Премьер-министр, Өкмөт отставкага кеткен учурда Өкмөт ушулКонституциянын 69-70-статьяларында каралган тартипте жана мөөнөттөтүзүлүүгө тийиш. Ошол эле учурда Жогорку Кењештин депутаттарынын ман-даттарынын 50 пайыздан ашуунун алган саясий партиянын депутаттары үчүнПремьер-министрдин кызмат ордуна дайындоого талапкерди Президентке кир-гизүү үчүн эсеп мөөнөтү Президент тарабынан Премьер-министрдин жеӨкмөттүн отставкасын кабыл алган күндөн тартып башталат. 5. Өкмөт мүчөсү отставкага кеткен же кызмат ордунан бошотулганучурда Премьер-министр беш жумушчу күндүн ичинде Өкмөт мүчөсүнүн бошкызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерди Президентке киргизет. 73-статья. 1. Өкмөт ушул Конституцияда Президенттин жана Жогорку Кењештинкомпетенциясына киргизилген ыйгарым укуктардан башка мамлекеттик башка-руунун бардык маселелерин чечет. 2. Өкмөт: 1) Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин ченемдик-укуктукактыларынын, Жогорку Кењештин жана Өкмөттүн токтомдорунун аткарылышын,мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын ишке ашырылышын камсыз кылат; 2) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсызкылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча ча-раларды жүзөгө ашырат; 3) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнүкамсыз кылат; 4) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана Жогорку Кењешке сунуш-тайт жана анын аткарылышын камсыз кылат; республикалык бюджеттин атка-рылышы жөнүндө Жогорку Кењешке отчет берет; 5) маданият, илим, билим берүү, саламаттыкты сактоо, эмгек жана ишменен камсыз кылуу, социалдык камсыздоо, жаратылышты коргоо, экология-лык коопсуздук жана жаратылышты пайдалануу чөйрөлөрүндө бирдиктүү мам-лекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат; 6) экономикалык, социалдык, илимий-техникалык жана маданийөнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгөашырат; 7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонунбирдей шарттарын камсыз кылуу боюнча, мамлекеттик менчик объекттеринбашкаруу боюнча чараларды ишке ашырат; 8) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн, конституциялыктүзүлүштү сактоо боюнча, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн, улуттукжана коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоо боюнча чаралардыишке ашырууну камсыз кылат; 9) тышкы экономикалык иш-аракеттерди, бажы ишин уюштурат жанааларды ишке ашырууну камсыз кылат; 10) жарандык коом менен эриш-аркак иштешүүнү камсыз кылат; 11) Конституция жана мыйзамдар, Президенттин жарлыктары мененөзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат. 3. Өкмөттүн ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам-да аныкталат. 74-статья. 1. Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин, Жогорку Кењеш-тин ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу үчүнӨкмөт токтомдорду жана буйруктарды чыгарат, ошондой эле алардын аткары-лышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат. 2. Өкмөттүн токтомдору менен буйруктары Кыргыз Республикасынынбүткүл аймагында милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш. Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбай коюу же тийиштүүтүрдө аткарбоо мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет. 3. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-циялык ведомстволордун, министрликтердин жана мамлекеттик комитеттердинструктурасына кирбеген аткаруу бийлигинин, аткаруу бийлигинин башка ор-гандарынын, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялык орган-дардын ишине жетекчилик кылат. 4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ве-домстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары өз кызмат укуктарынынчегинде, Конституциянын жана мыйзамдардын, Президенттин актыларынын,Жогорку Кењештин токтомдорунун, Өкмөттүн токтомдору менен буйруктарыныннегизинде жана аларды аткаруу максатында буйруктарды чыгарат, алардынаткарылышын уюштурат, текшерет жана камсыз кылат. 5. Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администра-циялык ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчи-леринин, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчы-ларынын отчетторун угат жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдары-на карама-каршы келген актыларын жокко чыгарат. Экинчи бөлүм Жергиликтүү мамлекеттик администрация 75-статья. 1. Тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында аткаруубийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашырат. 2. Мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктары, ишин уюштуруужана иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат. 76-статья. 1. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын, мый-замдардын, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларынын не-гизинде иштейт. 2. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын, анын өзүнүн компетен-циясынын чегинде кабыл алынган чечимдери тийиштүү аймакта милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш. АЛТЫНЧЫ ГЛАВА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИГИНИН БОРБОРДУК ОРГАНДАРЫ Биринчи бөлүм Прокуратура 77-статья. Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы Кыргыз Республикасынын мый-замдарынын, анын ичинде аткаруу бийлик органдарынын ченемдик укуктукактыларынын так жана бирдей аткарылышына көзөмөлдүк жүргүзөт. Прокура-тура органдары жазык куугунтугун ишке ашырат, мыйзамда каралган учур-ларда жана тартипте иштерди соттук териштирүүгө катышат. Экинчи бөлүм Улуттук банк 78-статья. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын башкарат, Кыр-гыз Республикасында акча кредит саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бир-диктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүргүзөт, акча белгилерининэмиссиясын жүргүзүүнүн өзгөчө укуктарына ээ, банк каржылоосунун ар кан-дай формаларын жана принциптерин жүзөгө ашырат. Улуттук банкты уюштуруужана анын иши мыйзам менен аныкталат. Үчүнчү бөлүм Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия 79-статья. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия КыргызРеспубликасында шайлоону жана референдумду даярдоону жана алардыөткөрүүнү уюштурат. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук ко-миссияны уюштуруу жана анын иши мыйзам менен аныкталат. Төртүнчү бөлүм Эсептөө палатасы 80-статья. Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин, бюд-жеттен тышкаркы каражаттардын, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктипайдаланууну, аткарылышынын аудитин ишке ашырат. Эсептөө палатасын уюш-туруу жана анын иши мыйзам менен аныкталат. Бешинчи бөлүм Акыйкатчы (Омбудсмен) 81-статья. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын эркиндиктери мененукуктарын сактоого контролдук кылуу Омбудсмен (Акыйкатчы) тарабынан иш-ке ашырылат. Омбудсменди (Акыйкатчыны) уюштуруу жана анын иши мыйзамменен аныкталат. ЖЕТИНЧИ ГЛАВА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ 82-статья. 1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат. Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынынжарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышуу укугуна ээ. 2. Сот бийлиги сот өндүрүшүнүн конституциялык, жарандык, жазыктык,администрациялык жана башка түрлөрү аркылуу жүзөгө ашырылат. 3. Кыргыз Республикасынын сот тутуму Конституцияда жана мыйзамда-рында белгиленет жана Конституциялык соттон, Жогорку соттон жана жерги-ликтүү соттордон турат. Конституциялык мыйзам менен адистештирилгенсоттор түзүлүшү мүмкүн. өзгөчө чукул сотторду түзүүгө жол берилбейт. 4. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби мыйзам менен анык-талат. 83-статья. 1. Судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга га-на баш иет. 2. Судья колтийгистик укугуна ээ жана кылмыш үстүнөн кармалгандантышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтүүгө же жеке тек-шерилүүгө тийиш эмес. Конституциялык Соттун, Жогорку Соттун, жергиликтүү соттордун судь-яларын жазыктык жана сот тартибинде салынуучу администрациялык жоопкер-чиликке тартууга Жогорку Кењештин макулдугу менен жол берилет. Судьянынколтийгистиги, ошондой эле анын турак-жайына, кызматтык жайына, пайда-лануучу транспортуна жана байланыш каражаттарына, анын кат-кабарына,ага таандык буюмдарга жана документтерге да жайылтылат. 3. Судьядан конкреттүү бир сот иши боюнча отчет талап кылууга эчкимдин укугу жок. 4. Судья өзүнүн статусуна ылайык өзүнүн көз карандысыздыгынын со-циалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат. 5. Курагы 35 жаштан кем эмес жана 70 жаштан ашпаган, юридикалыкжогорку билими бар жана укуктук кесиби боюнча кеминде 10 жылдык иш ста-жысы бар, анын ичинде беш жылдан кем эмес судья болуп иштеген КыргызРеспубликасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат. Жогорку сотко 35тен жаш эмес, 70 жаштан өтө элек, жогорку юридика-лык билими жана юридикалык кесип боюнча кеминде он жыл, анын ичиндесудьялык кеминде беш жыл стажы бар Кыргыз Республикасынын жараны судьяболо алат. Конституциялык Соттун жана Жогорку Соттун судьялары Президенттинсунушу менен Жогорку Кењеш тарабынан жаш курагынын жогорку чегине жет-кенге чейин шайланат. Президент Конституциялык соттун, Жогорку соттун Жогорку Кењеш та-рабынан шайланган судьяларынын ичинен Жогорку Кењештин макулдугу мененКонституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын жана алардынорунбасарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт. 6. Курагы 30 жаштан кем эмес жана 65 жаштан ашпаган, юридикалыкжогорку билими бар жана юридикалык кесиби боюнча кеминде беш жылдан кемэмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттунсудьясы боло алат. Судьялардын статусу жөнүндөгү конституциялык мыйзам-да Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына карата ко-шумча талаптар белгилениши мүмкүн. Жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттигинин иштери боюнчаулуттук Кењештин сунушу менен Президент тарабынан биринчи ирет беш жыл-дык мөөнөткө, экинчи ирет он жылга, андан кийин жаш курагынын жогоркучегине чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларынын ичинен Сот адилеттигинин иштерибоюнча улуттук Кењештин сунушу менен Президент жергиликтүү соттордунтөрагаларын жана алардын орунбасарларын беш жылдык мөөнөткө дайындайт. 7. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мый-зам менен аныкталат. 84-статья. 1. Бардык соттордун судьялары кызмат орундарын өз ыйгарым укукта-рын жүрүм-туруму кынтыксыз болгонго чейин ээлешет жана сактап калат. 2. Конституциялык соттун судьясы, Жогорку соттун судьясы Прези-денттин сунушу боюнча Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын ке-минде үчтөн эки көпчүлүк добушу менен Жогорку Кењеш тарабынан кызматорундарынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат. 3. Судья өлгөндө, өлдү же дайынсыз жок болду деп жарыяланганда,аракетке жөндөмсүз деп таанылганда; жарандыгын жоготкондо, андан чык-канда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгына ээ болгондо судьянын ый-гарым укуктары конституциялык мыйзамга ылайык негиздер келип чыкканкүндөн тартып аны шайлаган же дайындаган орган тарабынан токтотулат. 4. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкер-лерди тандап алуу, аларды дайындоого жана которууга (ротациялоого), су-нуштоо, кызматынан четтетүү жана бошотуу Сот адилеттиги иши боюнчаулуттук Кењеш тарабынан конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жү-зөгө ашырылат. 5. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кењеш бийликтин мыйзам чы-гаруучу, аткаруучу, сот бутактарынын жана коомдук бирикмелердинөкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт. 6. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кењешти уюштуруу жана аныниши, анын ыйгарым укуктары мыйзамда аныкталат. 85-статья. 1. Конституциялык сот Конституцияны коргоо боюнча сот бийлигининжогорку органы болуп саналат. 2. Конституциялык сот Конституциялык соттун тогуз судьясынан ту-рат. 3. Конституциялык сот: 1) мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар Кыргыз Республи-касынын Конституциясына карама-каршы келген учурда аларды Конституциягаылайык эмес деп табат; 2) Конституциянын иштешине жана колдонулушуна байланыштуу талаш-тартыштарды чечет; 3) Президентти шайлоонун конституциялуулугу жөнүндө корутунду чы-гарат; 4) Конституциянын, ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизүү жөнүндө мыйзамдын, ушул Конституциянын 98-статьясынын 3-пунк-тунун жоболоруна ылайык Конституциянын жањы редакциясынын долбоорунакарата корутунду берет; 5) саясий партиялардын, коомдук бирикмелердин жана диний уюмдардынишинин конституциялуулугу жөнүндө маселени чечет. 4. Конституциялык соттун чечими акыркы чечим болуп саналат жанадаттанууга жатпайт. Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунунконституциялык эмес деп табылышы алардын Кыргыз Республикасынын айма-гында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле конституциялык эмес дептаанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдикукуктук актылардын колдонулушун да жокко чыгарат. Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негиз-делген сот актылары, укуктары жана эркиндиктери козголгон жарандардындаттануулары боюнча ар бир өзүнчө учурда сот тарабынан кайра каралат. 5. Конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамменен жөнгө салынат. 86-статья. 1. Жогорку сот жергиликтүү сотторго караштуу жарандык, жазыктык,экономикалык, администрациялык жана башка иштер боюнча жогорку сот ор-ганы болуп саналат жана мыйзамда каралган тартипте сот процессине каты-шуучулардын кайрылуулары боюнча сот актыларын кайра кароо формасындаалардын ишине көзөмөлдүктү жүзөгө ашырат. 2. Жогорку соттун Пленуму сот практикасынын маселелери боюнчатүшүнүк берет. 3. Жогорку соттун көзөмөлдүк тартибинде кабыл алынган актыларыакыркы актылар болуп саналат жана даттанууга жатпайт. 87-статья. 1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн кар-жылоону жана талаптагыдай шарттарды камсыз кылат. Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жанасот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүнкамсыз кылууга тийиш. 2. Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынчатүзүлөт, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтери менен макулдашуу боюнчареспубликалык бюджетке киргизилет. 88-статья. 1. Териштирүү бардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйна-лышта жүргүзүүгө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттунчечими ачык жарыяланат. 2. Мыйзамда каралган учурдан тышкары, жазык же башка иштерди сот-тордо тыштан кароого жол берилбейт. 3. Сот өндүрүшү тараптардын атаандаштыгынын жана тењ укуктуулугу-нун негизинде жүзөгө ашырылат. 4. Сот актысын жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тара-бынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылышы мүмкүн. 5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, аныничинде чечимдерге, өкүмдөргө жана башка сот актыларына даттануу укугу,ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзамда аныкталат. 89-статья. 1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген акты-лары бардык мамлекеттик органдар, чарбакер субъекттер, коомдук уюмдар,кызмат адамдары жана жарандар үчүн милдеттүү болот жана республиканынбүт аймагында аткарылууга тийиш. 2. Сот актыларын аткарбагандыгы, талаптагыдай эмес аткаргандыгы жеаларды аткарууга жолтоо кылгандыгы, ошондой эле соттордун иштерине кий-лигишкен күнөөлүү адамдар мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчиликкетартылышат. 90-статья. 1. Сот ушул Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актылардыколдонууга акысыз. 2. Эгерде ишти кароодо кандай сот инстанциясында болбосун мыйзам-дын же ишти чечүү ага көз каранды болгон ченемдик укуктук актылардынконституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, сот конституциялык соткосуроо-талабын жөнөтөт. 91-статья. 1. Соттордун ишинин ички маселелерин чечүү үчүн өзалдынча соттукбашкаруу иштейт. 2. Кыргыз Республикасында соттук өзалдынча башкаруу органдары бо-луп Кыргыз Республикасынын Судьяларынын курултайы жана Судьялар Кењешиэсептелет. Судьялар Кењеши судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыкта-рын коргойт, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын контрол-дойт, судьяларды окутууну жана алардын квалификациясын жогорулатуунууюштурат, судьяларды тартип жоопкерчилигине тартуу тууралуу маселелердикарайт. 3. Судьялар курултайынын жана Судьялар Кењешинин ишин уюштуруу жа-на алардын иш-милдеттери мыйзамда аныкталат. 92-статья. 1. Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгөкатышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигиндалилдеген ар кандай учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт. 2. Кыргыз Республикасында бардык соттор жана судьялар үчүн ушулКонституцияда каралбаган сот адилеттигинин принциптери Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарында белгиленет. СЕГИЗИНЧИ ГЛАВА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗАЛДЫНЧА БАШКАРУУ 93-статья. 1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу укугу мыйзамда белгиленген адми-нистрациялык-аймактык бирдиктер менен кепилденет. 2. Кыргыз Республикасында өзалдынча башкаруу жергиликтүү жамааттынмаселелерин чечүүнү камсыз кылат. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу мый-замдын чегинде жана жоопкерчиликти өзүнө алуу менен жергиликтүү маани-деги иштерди башкарат. 3. Жергиликтүү өзалдынча башкарууну финансылоо тийиштүү жерги-ликтүү бюджеттен камсыз кылынат. 94-статья. 1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу тийиштүү Кењештер аркылуу ишкеашырылат. 2. Жергиликтүү Кењештин депутаттары тийиштүү администрациялык-ай-мактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан мыйзамда белгиленген тартип-те шайланышат. 95-статья. 1. Жергиликтүү Кењештер мыйзамга ылайык муниципалдык менчикти баш-карышат, жергиликтүү бюджеттерди бекитишет, ошондой эле жергиликтүү ма-анидеги башка маселелерди чечет. 2. Жергиликтүү Кењештер жергиликтүү жамааттын социалдык-экономика-лык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын бекити-шет. 3. Жергиликтүү Кењештер мыйзамда каралган тартипте жана учурлардажергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды жана алар боюнча жењилдиктердибелгилеши мүмкүн. 4. Жергиликтүү Кењештер ушул Конституцияда жана Кыргыз Республика-сынын мыйзамдарында белгиленген өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегиндеалардын аймагында милдеттүү аткаруучу актыларды кабыл алышат. 5. Мыйзамдарды, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана өздөрүнүнчечимдерин түздөн-түз жүзөгө ашыруу максатында жергиликтүү Кењештерөзүнө отчет бере турган аткаруу органдарын түзүшөт. 96-статья. 1. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарымукуктар ыйгарылып, аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык,финансылык жана башка каражаттар өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Мамлекеттикыйгарым укуктар жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына мыйзамдыннегизинде же келишим боюнча өткөрүлүп берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берил-ген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарымамлекеттик органдарга отчет беришет. 2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын ор-гандары алдында мыйзамдардын сакталышы жана аткарылышы үчүн, жерги-ликтүү жамааттын алдында - өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү бо-лушат. 3. Мамлекеттик органдар, мыйзамда каралган учурлардан тышкары жер-гиликтүү өзалдынча башкаруунун ишине кийлигишүүгө акысыз. 97-статья. 1. Мамлекет жергиликтүү өзалдынча башкарууга колдоо көрсөтөт. 2. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары өздөрүнүн укуктарынынбузулушуна байланыштуу соттук коргоого кайрылууга укуктуу. ТОГУЗУНЧУ ГЛАВА КОНСТИТУЦИЯНЫ, УШУЛ КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР ЖАНА ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗҮҮ ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМДЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ КОНСТИТУЦИЯНЫН ЖАЊЫ РЕДАКЦИЯСЫН КАБЫЛ АЛУУ ТАРТИБИ 98-статья. 1. Конституция, ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизүү жөнүндө мыйзам, ошондой эле Конституциянын жањы редакциясы Жо-горку Кењеш тарабынан Президенттин, Жогорку Кењештин депутаттарынынжалпы санынын көпчүлүгүнүн сунушу боюнча же болбосо кеминде 300 мињшайлоочунун демилгеси боюнча кабыл алынышы мүмкүн. 2. Конституция, ушул Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр жанатолуктоолор жөнүндө мыйзам, ошондой эле Конституциянын жањы редакциясыЖогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын алтымыш пайыздан кем эме-синин макулдугу менен Президент дайындаган референдум тарабынан кабылалынат. 3. Конституция, ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизүү жөнүндө мыйзам, ошондой эле Конституциянын жањы редакциясынындолбоору Жогорку Кењеш тарабынан Конституциялык соттун корутундусун эс-ке алуу менен Жогорку Кењешке сунуштар келип түшкөн күндөн тартып алтыайдан кем эмес мөөнөттө каралат. 4. Конституциянын, ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоорунун, ошондой эле Конституциянын жањыредакциясынын долбоорунун тексти аны Жогорку Кењеште талкуулоонунжүрүшүндө өзгөртүлүшү мүмкүн эмес. 5. Конституция, ушул Конституцияга өзгөртүүлөр жана толуктоолоркиргизүү жөнүндө мыйзам, ошондой эле Конституциянын жањы редакциясы,эгер алар үчүн Жогорку Кењештин депутаттарынын жалпы санынын кеминдеүчтөн экиси жактап добуш берсе, Жогорку Кењеш тарабынан кабыл алындыдеп эсептелинет. 6. Кабыл алынбай калган мыйзам долбоору Жогорку Кењешке кайтаданкеминде бир жылдан кийин киргизилиши мүмкүн.". III БӨЛҮМ 1. Ушул Мыйзамда баяндалган Конституциянын 54-статьясынын 2-пунк-тунун биринчи абзацынын жана 62-статьясынын 4-пунктунун жоболору жањычакырылган Жогорку Кењеш үчүн колдонулат. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин колдонулган мыйзамдар жана башкаченемдик укуктук актылар ушул Мыйзамга каршы келбеген бөлүмүндө колдо-нулат. Конституциялык, жарандык, жазыктык жана администрациялык сотөндүрүшүнүн тартибин жөнгө салуучу мыйзамдар алар Конституцияга ылайыккелтирилгенге чейин колдонулат. Прокуратура органдарынын камакка алууга, камак алдында кармоого,алып коюуга, тинтүүгө, кат-кабарларын, телеграфтык жашыруундуулугунчектөөгө санкция берүү боюнча ыйгарым укуктары жана ушул мыйзамга ылай-ык келген башка ыйгарым укуктары соттордун жүзөгө ашыруусуна жатат,ушул мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып кеминде алты айда кабыл алынуу-га тийиш болгон колдонуудагы мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргиз-генге чейин сакталат. Белгиленген мөөнөттө тийиштүү өзгөртүүлөр кирги-зилбеген же жањы мыйзам кабыл алынбаган учурда аталган ыйгарым укуктарсоттор тарабынан жүзөгө ашырылат. 2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарыжана анын мамлекеттик кызмат адамдары тарабынан 2006-жылдын 9-ноябрынантартып ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кабыл алган ченемдик укуктукжана башка актылары өзүнүн юридикалык күчүн сактап калат. 3. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып "Кыргыз РеспубликасынынКонституциясынын жањы редакциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын2003-жылдын 18-февралындагы № 40 Мыйзамы күчүн жоготту деп таанылсын. 4. Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин жалпы эл шайлаган Президентөзү шайланган мөөнөт аяктаганга чейин ыйгарым укуктарын сактап калат. Президент өзүнүн ыйгарым укуктарын ушул Мыйзамдын жоболорун эскеалуу менен жүзөгө ашырат. 5. Жогорку Кењеш жана ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин шайлангананын депутаттары өздөрү шайланган мөөнөт аяктаганга чейин өздөрүнүн ый-гарым укуктарын сактап калышат. Жогорку Кењештин депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда ток-тоткон учурда бошогон орунга "Кыргыз Республикасынын Конституциясынынжањы редакциясы жөнүндө" 2006-жылдын 9-ноябрындагы № 180 мыйзамы кабылалынганга чейин белгиленген эрежелер боюнча жањы депутат шайланат. Жањы чакырылган Жогорку Кењешти түзүү Конституцияда белгиленгентартипте жүргүзүлөт. 6. Өкмөт түзүлгөнгө чейин Президент Конституцияда белгиленген тар-типте Премьер-министрди Жогорку Кењештин макулдугу менен дайындайт. Өк-мөт мүчөлөрү Премьер-министрдин сунушу боюнча Президент тарабынан дай-ындалышат. Президент Премьер-министрдин, Өкмөттүн жана Өкмөт мүчөсүнүн отс-тавкага кетүү жөнүндө суранычын кабыл алууга акылуу. Жогорку Кењеш түзүлгөнгө чейин Конституцияда каралган тартиптеӨкмөттүн структурасы Премьер-министрдин сунушу боюнча Президент тарабы-нан аныкталат жана Жогорку Кењештин иштеп жаткан курамы тарабынан мый-зам менен бекитилет. Ушул Мыйзам кабыл алынганга чейин дайындалган Өкмөттүн алдындагыадминистрациялык ведомстволордун жана аткаруу бийлик органдарынын же-текчилери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары өздө-рүнүн ыйгарым укуктарын сактап калышат. 7. Конституциялык соттун, Жогорку соттун, жергиликтүү соттордунтөрагалары, алардын орунбасарлары, судьялары өздөрү шайланган же дайын-далган мөөнөт аяктаганга чейин ыйгарым укуктарын сактап калышат. Бош кызмат орундары Конституцияда белгиленген тартипте ээленет. Сот адилеттигинин иштери боюнча улуттук Кењеши жөнүндө мыйзам ка-был алынганга чейин Президент тарабынан бекитилген Президентке караштууСот адилеттиги боюнча улуттук Кењеш жөнүндө Жобо колдонулат. Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кењештин курамы түзүлгөнгөчейин жогоруда аталган мыйзамга ылайык Президент тарабынан түзүлгөнПрезидентке караштуу Сот адилеттиги иштери боюнча улуттук Кењештин ку-рамы өзүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат. 8. Ушул мыйзам кабыл алынганга чейин шайланган же дайындалганЭсептөө палатасынын төрагасы жана аудиторлору, Шайлоо жана референдумөткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү, Башкы про-курор, анын орунбасарлары жана аскердик прокурор, Улуттук банктын баш-кармалыгынын төрагасы жана мүчөлөрү, Омбудсмен (Акыйкатчы) өздөрүнүныйгарым укуктарын сактап калышат. Бош кызмат орундары Конституциядабелгиленген тартипте белгиленет. 9. Жергиликтүү Кењештердин депутаттары, шаарлардын мэрлери, шаар-дык башкармалыктардын жана айыл Өкмөтүнүн башчылары өздөрү шайланганмөөнөт аяктаганга чейин ыйгарым укуктарын сактап калышат. IV БӨЛҮМ Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө ушул Мыйзамданкелип чыгуучу мыйзамдардын долбоорун Жогорку Кењешке киргизсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев