КР 2026-жылдын 18-мартындагы N 26 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2007-жылдын 22-февралы № 19 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Эгемендигинин 16 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жањы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу Мунапыс жөнүндө (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 99 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 2007-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жаза-дан, ошондой эле эркиндигинен ажыратылбаган жазадан төмөнкүлөр бошотул-сун: а) жашы жетелектер; б) курагы 55 жаштан өткөн аялдар жана 60 жаштан өткөн эркектер; в) экиден кем эмес жашы жетелек балдары же I жана II топтогу майыпбалдары бар жана атайын адам өлтүрүүгө барбаган үй бүлөнүн жалгыз багу-учусу болуп эсептелген адамдар; г) кош бойлуу аялдар; д) I жана II топтогу майыптар. 2-статья. Анчалык оор эмес кылмыш жана азыраак оор кылмыш жасаган адамдарэркинен ажыратуу түрүндөгү жазык жоопкерчилигинен жана жазадан бошотул-сун. 3-статья. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-статьясынын1-бөлүгүндө жана 2-бөлүгүнүн 1, 2-пункттарында ("Эркинен ажыратуу жайы-нан же абактан качуу"), 337-статьясында ("Эркинен ажыратуу түрүндөгүжазаны өтөөдөн качуу"), 359-статьясында ("Бөлүктү же кызмат ордун өзбетинче таштап кетүү"), 360-статьянын 1-бөлүгүндө ("Аскерден качуу")каралган кылмыш иши үчүн адамдар, эгерде алар ушул Мыйзам жарыяланганкүндөн тартып үч айдын аралыгында жаза өтөп жаткан жерине, абакта ол-турган жерине жана аскер кызматын өтөгөн жерине өз ыктыярлары менен ке-лишсе, жазык жоопкерчилигинен бошотулсун. 4-статья. Ушул Мыйзамдын 1 жана 2-статьяларынын колдонулушу төмөнкүлөргө жа-йылтылбайт. а) 1997-жылдын 1-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазакодексинин 97, 104, 129, 132, 133-статьяларында, 165-статьясынын 2 жана3-бөлүктөрүндө, 166-статьясынын 3-бөлүгүндө, 167-статьясынын 2 жана3-бөлүктөрүндө, 168, 169, 170, 172-статьяларында, 181-статьясынын 2-бө-лүгүндө, 183-статьясынын 2 жана 3-бөлүктөрүндө, 188, 198, 204-статьяла-рында, 208-статьясынын 2-бөлүгүндө, 221, 226, 227, 229-233-статьяларын-да, 234-статьясынын 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 3-бөлүгүндө,245-статьясында, 246-статьясынын 3-бөлүгүндө, 247-249-статьяларында,250-статьясынын 2-бөлүгүндө, 252-статьясында, 254-статьясынын 3-бөлү-гүндө, 292-299, 303-316-статьяларында, 324-статьясынын 3-бөлүгүндө,325-статьясынын 2 жана 3-бөлүгүндө, 326-статьясынын 3-бөлүгүндө,336-статьясынын 2-бөлүгүндө, 340-статьясында, 341-статьясынын 2-бөлү-гүндө, 345, 373-376-статьяларында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазакодексинин 1961-жылкы редакциясынын тийиштүү статьяларында каралганкылмыштарды жасаган адамдарга; б) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 97, 129-статьяла-рында, 164-статьянын 3-бөлүгүндө, 165-статьянын 2 жана 3-бөлүгүндө,167-статьянын 2 жана 3-бөлүгүндө, 168, 169, 226, 227, 229-233-статьяла-рында, 234-статьянын 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 3-бөлүгүндө,246-статьянын 3-бөлүгүндө, 247, 248, 292-296, 298, 299, 345,373-376-статьяларында каралган кылмыштарды жасаган жашы жетелектерге; в) сот тарабынан өзгөчө коркунучтуу рецидивисттер деп табылган,ошондой эле коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу өнөкөткө айланган кылмышжасаган адамдарга; г) оор жана анча оор эмес кылмыш жасаган, акыркы өкүм чыгарылган-дан кийин качып жүргөн издөөдөгү адамдарга. 5-статья. Ушул Мыйзамдын 1-3-статьяларынын колдонулушуна туура келбеген сот-толгон адамдардын жазасынын өтөлбөгөн мөөнөтү төмөндөгүдөй кыскартыл-сын: а) оор жана өзгөчө оор кылмышы үчүн соттолгондорго - үчтөн бирине; б) атайлап кылмыш жасагандыгы үчүн 10 жылга чейинки мөөнөткө эрки-нен ажыратууга соттолгон, түзөтүү колониясында жаза өтөп жатышкан жашыжетелектерге - жарымына; в) атайлап кылмыш жасагандыгы үчүн 15 жылга чейинки мөөнөткө эрки-нен ажыратууга соттолгон, түзөтүү колониясында жаза өтөп жатышкан жашыжетелектерге - үчтөн бирине. 6-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөргө жайылтылбайт. а) өлүм жазасы түрүндөгү өкүмдү кечирим берүү тартибинде эркинди-гинен ажыратууга алмаштырылган адамдарга; б) эркинен ажыратылуу жайларында билип туруп кылмыш жасаган адам-дарга, ушул Мыйзамдын 3-статьясында көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо; в) мурда кечирим берүү же мунапыс актысын колдонуу менен эркиндикберүү жагдайында бошотулган жана билип туруп кайрадан кылмыш жасаганадамдарга; г) Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жазаөтөөнүн белгиленген тартибин одоно бузуучулар деп табылган адамдарга. 7-статья. Ушул мыйзамдын колдонулушу төмөнкүдөй адамдарга жайылтылат: Кыргыз Республикасынын соттору соттогондорго; Башка мамлекеттердин соттору соттоп жана Кыргыз Республикасынынаймагында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга; аларга мунапыс актысын колдо-нуу жөнүндө маселе прокурордун санкциясы менен чечилет. Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан соттолгон, бирок анын че-гинен тышкары жакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткан адамдарга карата мунапысактысын колдонуу тууралуу маселе, соттун өкүмүн аткаруу ишке ашырылыпжаткан мамлекеттин компетенттүү органынын токтому боюнча эл аралык ке-лишимдердин негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы Прокурорунун же анынорунбасарларынын санкциялары менен чечилет. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 25-июлундагы № 99 Мыйзамынынредакциясына ылайык) 8-статья. Айланасындагылар үчүн коркунуч келтирген оорулардан (кургак учук,карантиндик жугуштуу оорулар, венерикалык оорулар) жапа чеккен адамдар-га, ошондой эле медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары дайындалганадамдарга карата жазаны өтөөдөн бошотуу, ушул Мыйзамга ылайык зарылболгон дарылоо курсун аяктагандан кийин мунапыс актысы колдонулат. 9-статья. Мунапыс актысын колдонуу же колдонбоо жөнүндө чечим ар бир адамгаөз алдынча кабыл алынат. Соттолгон адам жөнүндө керектүү маалыматтарболбогон учурда мунапыс актысын колдонуу тууралу маселени кароо кошумчаматериалдар алынганга чейин кийинкиге калтырылат. Мунапыс актысын кол-донууга байланышкан маселелерди чечүү үчүн тиешелүү органдардын су-роо-талаптары баардык уюмдар жана мекемелер, ошондой эле кызмат адамда-ры тарабынан тезинен аткарылууга тийиш. 10-статья. Кечирим берүү же мунапыс тартибинде жаза мөөнөтү мурда кыскартыл-ган адамдарга карата мунапыс актысын колдонууда кечирим берүү же муна-пыс жөнүндө актыга ылайык белгиленген жаза мөөнөтүнө таянуу керек. 11-статья. Эгерде кылмыштардын бири ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келбе-се, кылмыштардын же өкүмдөрдүн жыйындысы болгон учурда мунапыс колдо-нулбайт. 12-статья. Ушул Мыйзамдын 5-статьясын колдонууда ушул Мыйзам күчүнө киргенкүнгө чейин өтөлбөгөн жазанын мөөнөтүнө таянуу керек. 13-статья. Төмөндөгүлөрдү белгилөө керек: а) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын "а" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-га кылмыш жасалган учурда 18 жаш курагына жетпеген адамдар кирет. б) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын "в" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-га ушул Мыйзам колдонууга кирген күнү ата-энелик укугунан ажыратылбаганжана балдары бар, анын ичинде 18 жаш курагына жетпеген, асырап же багыпалынган, болбосо курагына карабастан I жана II топтогу майып балдарыбарлар кирет; в) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын "г" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-га ушул Мыйзам колдонууга кирген күнү кош бойлуу аялдар кирет; г) ушул Мыйзамдын 1-статьясынын "д" пунктунда көрсөтүлгөн адамдар-га ушул Мыйзам колдонууга киргенге чейин мыйзам тартибинде I жана IIтоптогу майыптар деп таанылган адамдар кирет. 14-статья. Ушул Мыйзамды аткаруу төмөнкүлөргө жүктөлөт: а) эркиндигинен ажыратуу жайларында болгон соттолгондорго каратажаза аткаруу органдарына жана мекемелерине, - бир айдын ичинде, б) адамдардын кылмыштары тууралу иштер ошол органдардынөндүрүшүндө турган тергөө органдарына, - эки айдын ичинде; в) сотторго: - ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин кылмыштары тууралу сот өндүрү-шүндө иши турган жана каралбаган адамдарга карата, ошондой эле кылмышиштери каралган, бирок өкүм мыйзамдуу күчүнө кирбеген адамдарга карата; - Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 72-статьясынаылайык өкүмдү аткаруу кийинкиге калтыруу тартибинде соттолгон адамдаргакарата; г) ички иштер органдарына - сыноо мөөнөтү менен шарттуу эркиндиги-нен ажыратууга соттолгон адамдарга, ошондой эле ички иштер органдарынынкөзөмөлүндө турган жана жазаны аткаруудан мөөнөтүнөн мурда шарттуу бо-шотулган адамдарга карата. 15-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу прокурор тарабынан санкцияланган ыйгарымукуктуу органдын (кызмат адамынын) токтомунун негизинде, ошондой элесоттун токтомунун негизинде жүргүзүлөт; мунапыс актысын колдонуу жөнүндө маселени чечүү үчүн зарыл болгонсыйлыктар жана жаза берүүлөр жөнүндө маалымкаттар жана башка документ-тер соттолгондун өздүк көктөмөсүнө токтом менен бирге тиркелет; ушул Мыйзам соттор тарабынан колдонулган учурда прокурордун каты-шуусу милдеттүү; жазаны өтөө ыйгарым укуктуу органдын (кызмат адамынын) токтомупрокурор тарабынан санкцияланган күндөн тартып же мунапыс актысын кол-донуу жөнүндө соттун токтому мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып ток-тотулат. доо арызы бар адамдарга карата кылмыш жана жаза жоопкерчилигиненбошотуу жаатында мунапыс актысын колдонуу жөнүндө чечим алар тарабынанөкүмдө белгиленген материалдык зыяндар толугу менен калыбына келтирил-генден соњ кабыл алынат. 16-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушу 1998-жылдын 1-январына чейин колдонул-ган Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинде каралган кылмыштардыжасаган адамдарга да жайылтылат. Көрсөтүлгөн адамдарга мунапыс актысынколдонууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы Кылмыш-жаза кодекси бо-юнча кылмыштын курамы окшош болуусунан алганда кароо керек. 17-статья. Мунапыска туш келген адам мүлкүн конфискациялоодон тышкары негизгида, ошондой эле кошумча да жазадан бошотулат. 18-статья. Ушул Мыйзамдын колдонулушуна ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейинкылмыш жасаган адамдар туш келишет. 19-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, баардык дењгээлдердеги жергиликтүүмамлекеттик администрациялардын башчылары төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүүнүкамсыз кылууга тийиш: а) ушул Мыйзамдын негизинде жазадан бошотулган жашы жетпегендердиөз учурунда аларды жашаган жерлерине келиши боюнча эсепке алууга, алар-ды ишке орноштурууга же ата-энелеринин, багуучу же көмөкчү органдардынкөзөмөлүнө өткөрүп берүүгө, зарыл болгон учурларда аларды балдар үйлө-рүнө, жатак мектептерге алардын жашаган жерлерине келгенден эки жумаданкеч эмес мөөнөттө жайгаштырууга; жашы жетпегендердин иштери боюнча ко-миссиялардын, ички иштер органдарынын, коомдук уюмдардын жана эмгекколлективдеринин жазадан бошотулган жашы жетпегендерди кайра тарбиялообоюнча иштерин координациялоону ишке ашырууга; б) ушул Мыйзамдын негизинде бошотулган адамдардын бардыгын өз учу-рунда эсепке алууну, алардын жашаган жерлерине келген күндөн тартып экижумадан кеч эмес мөөнөттө ишке жана жашоо тиричиликке ыњгайлаштырып ор-ноштурууну, жазадан бошотулган майыптарды жана карыларды өздөрүнүн ба-гуусуна ала турган жакын туугандары жок болсо, майыптардын же карылар-дын үйлөрүнө жайгаштырууну уюштурууга. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-сынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сак-тоо министрлиги башка органдар менен биргелешип белгиленген тартиптежазадан бошотулган кургак учуктун оор түрү менен ооругандарды эсепкеалууну жана атайын дарылоо мекемелерине жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республика-сынын Юстиция министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми-нистрлиги башка мамлекеттердин жазадан бошотулган жарандарын эсепке ал-сын жана өлкөнүн чегинен чыгарып жиберүүнү уюштурсун. Кыргыз Республи-касынын Башкы прокуратурасы ушул Мыйзамдын так жана бир түрдүү аткары-лышына көзөмөлдү камсыз кылсын. 20-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет жана алты ай-дын аралыгында аткарууга жатат. Ушул Мыйзамды мөөнөтүндө аткарбагандыгыүчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жоопкер-чилик тартат. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев