Бишкек шаары2007-жылдын 26-февралы №21 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолор киргизүү жөнүндө 2007-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. «Өсүмдүктөр дүйнөсүн жана пайдалануу жөнүндө» КыргызРеспубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининЖарчысы, 2001-ж., №6, 188-ст) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин: 1. 7-статьянын 4-бөлүгү «жаратылышты коргоо» деген сөздөн кийин«жана Кыргыз Республикасында токойчулук тармагын өнүктүрүү» дегенсөздөр менен толукталсын. 2. 25-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы «жаратылышты коргоо»деген сөздөн кийин «жана Кыргыз Республикасында токойчулук тармагынөнүктүрүү» деген сөздөр менен толукталсын. 2-статья. «Экологиялык экспертиза жөнүндө» Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж.,№12, 528-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 21-статьянын 2-бөлүгү «жаратылышты коргоонун» деген сөздөн кийин«жана Кыргыз Республикасында токойчулук тармагын өнүктүрүүнүн» дегенсөздөр менен толукталсын. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнөкирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев