Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары2007-жылдын 27-февралы № 24 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу 2007-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку КењешининВедомосттору, 1996-ж., № 7, 101-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана то-луктоо киргизилсин. I. 5-статья төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын. "5-статья. Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин указдары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин, КыргызРеспубликасынын Өкмөтүнүн токтомдору Кыргыз Республикасынын бүткүл ай-магында кучүнө киргенден тартып милдеттүү жана токтоосуз аткарылуугатийиш". II. Мыйзамдын мамлекеттик тилдеги текстинде: 1. Мыйзамдын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "КыргызРеспубликасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" 2. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги "нормативдик" деген сөз "ченемдик"деген сөз менен; "полномочие" деген сөз тиешелүү жөндөмөдөгү жана сан-дагы "ыйгарым укук" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 3. 4-статьянын 1-бөлүгү "68-статьясына" деген сөздөрдүн алдынан"Конституциясынын" деген сөз менен толукталсын. 4. Мыйзамдын 17-статьясынын 2-бөлүгүндөгү "формасында" деген сөз"түрүндө" деген сөз менен алмаштырылсын. 5. VII главанын аталышы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын. "Че-немдик укуктук актыларды чечмелөө (түшүндүрүү)". 6. 50-статьяда: 1-бөлүгүндөгү "мыйзам чыгаруучу" деген сөздөр алып салынсын; 2-бөлүгүндөгү "басылышы" деген сөз "берилиши" деген сөз менен ал-маштырылсын. 7. 51-статьядагы "официалдуу түшүнүк" деген сөздөр "расмий чеч-мелөө" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 8. 52-статьядагы "түшүндүрмө" деген сөз "чечмелөө" деген сөз ме-нен; "көрсөтүү" деген сөз "сунуш" деген сөз менен алмаштырылсын. 9. 53-статьяда: 1-бөлүгүндөгү "актыларга түшүнүк" деген сөздөр "актыларды чечме-леп" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-бөлүгүндөгү "маанисине түшүнүк" деген сөздөр "маанисин чечмелеп"деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев