Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 27-февралындагы № 27 «Жергиликтүүкеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана «Муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу" мыйзамы
Бишкек шаары
2007-жылдын 27-февралы № 27
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
«ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕЊЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫНЫН СТАТУСУ
ЖӨНҮНДӨ», «МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖӨНҮНДӨ»
ЖАНА «МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТ ЖӨНҮНДӨ» КЫРГЫЗ
РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМДАРЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР
ЖАНА ТОЛУКТООЛОР КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУ
(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
2007 - жылдын 12 – январында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. «Жергиликтүү кењештердин депутаттарынын статусу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Жарчысы, 2000 - ж., № 5, 228-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
5 - статьянын 1 - бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
«Жергиликтүү кењештин депутаты ушул статьянын төртүнчү бөлүгүндө
каралган учурдан тышкары мамлекеттик кызматта же башка муниципалдык
кызматта боло албайт».
2-статья.
(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3-статья.
(КР 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
4-статья. Ушул Мыйзам иштеп жаткан чакырылыштагы жергиликтүү
кењештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандан
кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев