Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2007-жылдын 1-марты № 29
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 31-1-глава менен толукталсын:
"31-1-глава Кызыл Жарым Айдын жана Кызыл Кресттин эмблемаларын пайдалануу эрежелерин колдонууга жасалган администрациялык укук бузуулар
431-1-статья. Кызыл Жарым Айдын жана Кызыл Кресттин эмблемаларын мыйзамсыз пайдалануу
Кызыл Жарым Айдын жана/же Кызыл Кресттин эмблемаларын, "Кызыл Жарым Ай" же "Кызыл Крест" деген аттарды, айырмаланып туруучу сигналын же ар кандай башка белгисин, аларга окшош болгон же жаңылыштан ошондой кабыл алынышы мүмкүн болгон белгилерди же сигналды мыйзамсыз пайдалануу, аталган эмблемалардын сүрөттөрүн же белгилердеги сөздөрдү плакаттарда, кулактандырууларда, жарнама барактарында же коммерциялык документтерде жайгаштыруу же аларды товарларды же таңгактарды маркировкалоо үчүн пайдалануу, сатууга сунуш кылуу же мына ушинтип маркировкаланган товарларды сатуу -
жарандарга - бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмдөгү эсептик көрсөткүчтөрдүн өлчөмүндө администрациялык айып салынып, ишкердиктин белгилүү бир түрү боюнча алектенүүдөн бир жылга чейинки мөөнөткө лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.
431-2-статья. Кызыл түстүн фонунда ак крестти мыйзамсыз пайдалануу
Кызыл түстүн фонунда ак крестти же ага окшош ар кандай башка белгини соода же фабрикалык белги катары, же болбосо мындай белгилердин курамдык бөлүгү катары пайдалануу, ошондой эле ак ниет коммерцияга карама-каршы келген максаттарга пайдалануу, -
жарандарга - бештен онго чейинки, кызмат адамдарына - ондон элүүгө чейинки, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүзгө чейинки өлчөмдөгү эң аз айлык акынын өлчөмүндө администрациялык айып салынып, ишкердиктин белгилүү бир түрү боюнча алектенүүдөн бир жылга чейинки мөөнөткө лицензиядан (уруксаттан) ажыратууга алып келет.".
2. 514-статьянын 1-бөлүгү "286, 306, 410" деген сандардан кийин "431-1, 431-2" деген сандар менен толукталсын.
Эскертүү!
Мыйзамдын 431-2-статьяcынын орусча редакциясында айып өлчөмү "эсептешүү көрсөткүчүндө" берилген.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2007-жылдын 11-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |