Бишкек шаары2007-жылдын 1-марты № 30 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү тууралу 2007-жылдын 11-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин (Кыргыз Республикасы-нын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1996-ж., № 6, 80-ст.) I бөлүгүнөтөмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 335-статьянын: 1-пунктунда: - биринчи абзацтагы "эгерде мыйзамда башкача каралбаса, соттун че-чими боюнча" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайыксоттук же соттон тышкаркы тартипте" деген сөздөр менен алмаштырылсын; - экинчи абзац төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "Күрөө кармоочунун талаптарын күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктүнэсебинен сотко кайрылуусуз канааттандырууга төмөндөгүдөй негиздерде жолберилет: күрөө кармоочу менен күрөө берүүчүнүн ортосунда бир эле учурдакүрөө жөнүндө келишим менен түзүлгөн, болбосо күрөө жөнүндө келишимдинкүчүндө турган мезгилде түзүлгөн нотариалдык жактан ырасталган макулда-шууга. Мындай келишим бул келишимде укугу бузулган адамдын доосу боюнчасот тарабынан жараксыз деп табылышы мүмкүн; күрөө жөнүндө келишиминде күрөө кармоочунун өндүрүп алууну соттонтышкары тартипте күрөөнүн жүйөсүнө айландыруу тууралу укугу болгонучурда нотариустун аткаруу жазуусу болгондо."; статья төмөндөгүдөй мазмундагы 2-пункт менен толукталсын: "2. Күрөө кармоочу нотариуска аткаруу жазуусун бүткөрүш үчүн бил-дирме түзүлгөндөн кийин күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочукойгон талапты канааттандырам деген ниети жок болсо, күрөөнүн өндүрүпалуу жүйөсүнө айландыруу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө кайрылуугаукугу бар. Нотариустун аткаруу жазуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындабелгиленген тартипте салынат."; 2 жана 3-пункттар тиешелүү түрдө 3 жана 4-пункт деп эсептелсин. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев