Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2007-жылдын 5-марты № 31
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор жана өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. Кодекстин 10-главасы төмөндөгүдөй мазмундагы 85-1-статья менен толукталсын:
"85-1-статья. Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу
Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдардын бузулушу,-
жарандарга - бирден үчкө чейин, кызмат адамдарына - ондон жыйырмага чейин, юридикалык кактарга - жүздөн беш жүзгө чейин эсептешүү көрсөткүчтөрүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 397-статьядагы "эсептешүү көрсөткүчтүн 0,1ден 05 өлчөмүндө" деген сөздөр "эсептешүү көрсөткүчтүн бирден үчкө чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. 508-статьянын 1-бөлүгү "85," деген сандан кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын.
4. 511-статьяда:
үчүнчү абзац "транспорттогу ички иштер органдарынын башчылары жана алардын орунбасарлары - " деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын;
төртүнчү абзац "линиялык пункттарынын башчылары -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын;
бешинчи абзац "милициянын участоктук инспекторлору -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын;
алтынчы абзац "жана алардын орунбасарлары -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын;
жетинчи абзац "(ИИБде МАИнин бөлүкчөсү жок болсо) -" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын;
сегизинчи абзац "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын.
5. 514, 516, 517, 518, 539-статьялардын 1-бөлүктөрү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "85-1," деген сандар менен толукталсын.
6. 540-статьянын биринчи бөлүгү "ушул Кодекстин" деген сөздөрдөн кийин "85-1-статьясында," деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2007-жылдын 16-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |