Редакцияот 09.03.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Бишкек шаары, 2007-жылдын 9-марты № 33

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолор киргизүү тууралу

1-статья.

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

1. Кодекс төмөндөгүдөй мазмундагы 91-1-статья менен толукталсын:

"91-1-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ВИЧке милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүдөн атайылап качышы

Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ВИЧке милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүдөн атайылап качышы,-

ушул Кодекстин 39-статьясында каралгандай Кыргыз Республикасынын чегинен администрациялык чыгарып салууга алып келет.".

2. 508-статья "87," деген сандан кийин "91-1," деген сан менен толукталсын.

2-статья.

Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

К.Бакиев

 

 

 

2007-жылдын 2-февралында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган