Загрузка документа…
КР 2014-жылдын 11-январындагы № 6 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2007-жылдын 22-марты № 36 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу 2007-жылдын 23-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку СоветининВедомосттору, 1993-ж., № 3, 90-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин. 1-статьянын 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Эркин экономикалык зоналардын субъекттерине алардын катталуу да-тасына карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык КыргызРеспубликасынын эркин экономикалык зоналарынын аймагында салык жана ба-жы төлөмдөрүн төлөбөстөн акциздик товарларды алып келүүгө, сактоого,өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.". 2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ыла-йык келтирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып, алып келинген акциз-дик товарларды сатуу бөлүгү - 90 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев