КР 2013-жылдын 19-октябрындагы № 195 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Окмот Уйу2007-жылдын 28-апрели № 45 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ «ЛИЦЕНЗИЯЛОО ЖӨНүНДӨ» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ТОЛУКТОО КИРГИЗүү ТУУРАЛУ 1-статья. «Лицензиялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (КыргызРеспубликасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору, 1997-ж., №3, 12б-ст.) төмөнкүдөйтолуктоо киргизилсин: 9-статьянын 1-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын: «- коркунучтуу өндүрүш объекттерин долбоорло, куруу (түзүү) жанаэксплуатациялоо;». 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган кундөн тартып эки ай өткөндөн кийинкүчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөті өзүнүн укуктук ченемдик актыларын аракеткекирген учурдан тартып үч айлык мөөнөттө ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. 2007 - жыллын 23 - мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев