Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 28-апрели № 49 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Москва шаарында 2005-жылдын 26-октябрында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-Мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөткөн учурда өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралу 1-статья. Москва шаарында 2005 - жылдын 26 - октябрында кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө - мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосунда өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөткөн учурда өз ара аракеттенүү жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол - жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына билдирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2007 - жылдын 22 - мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз РеспубликасынынПрезиденти К. Бакиев