Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 28-апрели № 59 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ НЬЮ-ЙОРК ШААРЫНДА 2005-ЖЫЛДЫН 14-СЕНТЯБРЫНДА КОЛ КОЮЛГАН ЯДРОЛУК ТЕРРОРИЗМ АКТЫЛАРЫНА КАРШЫ КүРӨШүү ЖӨНүНДӨ ЭЛАРАЛЫК КОНВЕНЦИЯНЫ РАТИФИКАЦИЯЛОО ТУУРАЛУ 2007-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Нью-Йорк шаарында 2005-жылдын 14-сентябрында кол коюлганядролук терроризм актыларына каршы күрөшүү жөнүндө Эларалык Конвенцияратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигиратификациялоо грамотасын депозитарий болуп саналган Бириккен УлуттарУюмунун Башкы секретариатына депонирлесин. 3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев