Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 28- апрели № 60
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн маалыматтар банкы жөнүндөгү Макулдашуу ратификациялоо тууралу 1-статъя. Ташкент шаарында 2004 -жылдын 17 - июнунда кол коюлган Шанхай кызматташтык уюмунун Региондук терроризмге каршы түзүмүнүн маалыматтар банкы жөнүндөгү
Макулдашуу ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги депозитарий болуп саналган Шанхай кызматташтык уюмунун секретариатына Кыргыз Республикасы көрсөтүлгөн Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол - жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2007 - жылдын 22 - мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев