Бишкек шаары, Өкмөт үйү2007-жылдын 28-апрели № 63 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Минск шаарында 2006-жылдын 23-июнунда кол коюлган жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө - мамлекеттердин 2003-жылдын 28-апрелиндеги темир жолдорду техникалык калкалоонун бирдиктүү системасын түзүү жөнүндөгү Макулдашуусуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралу Протоколу ратификациялоо жөнүндө 1-статья Минск шаарында 2006-жылдын 23-июнунда кол коюлганжамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюмуна мүчө - мамлекеттердин 2003-жылдын 28-апрелиндеги темир жолдорду техникалык калкалоонун бирдиктүүсистемасын түзүү жөнүндөгү Макулдашуусуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
Протоколу ратификациялансын. 2-статья Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигикөрсөтүлгөн Протоколдун күчүнө кириши үчүн Кыргыз Республикасы зарылболгон мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаргандыгы тууралу жамааттыккоопсуздук жөнүндө Келишим Уюмунун секретариатына билдирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. 2007 - жылдын 22 - мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев