Загрузка документа…
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги № 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Бишкек шаары, 2007-жылдын 28-апрели № 65
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралу
1-статья.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:
597-статьядагы "токтом чыгарылган күндөн тартып жыйырма күндүн ичинде" деген сөздөр "администрациялык жаза колдонуу жөнүндөгү токтомдун көчүрмөсү жаранга берилген же токтом жарыяланган күндөн тартып он күндүн ичинде" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| К.Бакиев |
|
|
|
2007-жылдын 23-мартында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |