Загрузка документа…
Бишкек шаары, Өкмөт үйү
2007-жылдын 4- майы № 66
КР 2023-жылдын 20-февралындагы № 35 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
Ардак грамотасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу
2007-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ардак
грамотасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркинтоо»
газетасы, 2006 - жыл 22 -август, № 62) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр
киргизилсин:
1. 3 - статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3 -статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ардак
грамотасы менен жарандар же уюмдар сыйланышы мүмкүн.».
2. 4 - статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешињин Төрагасы Ардак грамотасы
менен сыйлоо жөнүндө сунушталган расмий өтүнүчтү Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кенеши тарабынан түзүлгөн комиссияга
жөнөтөт.».
3. 5 -статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«5 - статья. Комиссия келип түшкөн материалдарды карайт жана Ардак
грамота менен сыйлоо жөнүндөгү маселени Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кенешинин кароосуна киргизет.».
4. 6 - статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«6-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Ардак грамота
менен сыйлоо жөнүндөгү комиссия сунуштаган документтерди карайт жана
тиешелүү чечим кабыл алат.».
5. 9 - статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ардак грамотасы менен
экинчи жолу сыйлоо жүргүзүлбөйт.».
2-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти
К. Бакиев