Бишкек шаары2007-жылдын 28-майы № 74 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Жалалабат областынын Каракөл шаарынын калкынын электр энергиясы үчүн акы төлөөсү тууралу 2007-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган Ушул мыйзам электр энергиясына жењилдетилген тарифтер жаатында Ка-ракөл шаарынын жашоочуларын колдоо үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүгө ба-гытталган. 1-статья. Керектөөнүн белгиленген нормаларына ылайык электр энергиясы үчүн акы төлөө Каракөл шаарынын жашоочуларынын тиричилик керектөөлөрүнө жумшалганэлектр энергиясы үчүн акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан150 киловатт саатка чейин белгиленген керектөө нормаларын эсепке алууменен Токтогул ГЭСи иштеп чыгарган электр энергиясынын өздүк наркы бо-юнча жүзөгө ашырылат. 2-статья. Башка жењилдиктер жана кепилдиктер жөнүндө Аталган аймактарда жашап жаткан адамдар үчүн Кыргыз Республикасы-нын башка мыйзамдарында каралган жењилдиктер жана кепилдиктер сакталат. 3-статья. Ушул Мыйзамды бузгандыгы үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын талаптарын бузган күнөөлүү адамдар Кыргыз Республи-касынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 4-статья. Ушул Мыйзамды күчүнө киргизүү жөнүндө Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларынушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев