Бишкек шаары2007-жылдын 12-июну № 84 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2007-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекске (Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., N 9, 436-ст.) төмөндөгүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 1. Кодекстин бүткүл текстиндеги "Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Элөкүлдөр жыйыны" деген ар кандай жөндөмөдөгү сөздөр алып салынсын. 2. 28-статьяда: 2-пункттун онунчу абзацындагы "бошотулууга" деген сөз "бошонууга"деген сөз менен алмаштырылсын; 4-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Шайлоо өткөрүү учурунда катталган талапкер аскер кызматына же ас-кер жыйындарына чакырылышы мүмкүн эмес". 2-статья. Ушул Мыйзам кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөнтартып бир айдын ичинде өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамгаылайык келтирсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев