Бишкек шаары2007-жылдын 25-июну №89 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу 2007-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө
кодекске (Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 1999-ж., № 9, 436-ст.) төмөндөгүдөйөзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: 56-статьяда: 1-пункттун биринчи абзацындагы "күчүнө киргенде же" деген сөздөр"күчүнө киргенде," деген сөздөр менен алмаштырылсын; абзац "жашырыпкойгон учурда" деген сөздөрдөн кийин "же талапкер каза болгон учурда"деген сөздөр менен толукталсын; 3-пункттун биринчи абзацындагы "күчүнө киргенде же" деген сөздөр"күчүнө киргенде,"" деген сөздөр менен алмаштырылсын; абзац "жашырыпкойгон учурда" деген сөздөрдөн кийин "же талапкер каза болгон учурда"деген сөздөр менен толукталсын. 2-статья. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев