Бишкек шаары2007-жылдын 25-июну № 90 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу 2007-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1-статья. "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" КыргызРеспубликасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ве-домосттору, 1993-ж., № 8, 179-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизил-син: 32-статьянын 3-бөлүгүндөгү "а)" пунктчасында "же 16 жашка толоэлек" деген сөздөр "же 18 жашка толо элек" деген сөздөр менен алмашты-рылсын, "жалпы орто (толук) жана башталгыч кесиптик билим берүү мекеме-лери менен орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелеринин студен-ттери бул окуу жайларын аяктаганга чейин, бирок 21 жаш куракка жеткенгечейин эсептелет" деген сөздөр "күндүзгү окуу формасы боюнча окуган би-лим берүү уюмдарынын окуучулары окуу мөөнөтүн аяктаганга чейин, бирок23 жаштан ашпаган курак эсептелет" деген сөздөр менен алмаштырылсын. 2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев