Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 203 конституциялык Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2007-жылдын 6-июлу № 97
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу
2007-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысы, 2002-ж., № 10, 437-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо- лор киргизилсин: 1. Мыйзамдын бүткүл текстиндеги ар кандай жөндөмөдөгү "Мыйзам чы- гаруу жыйыны", "Эл өкүлдөр жыйыны", "Мыйзам чыгаруу жыйыны жана Эл өкүлдөр жыйыны", "Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасы" жана "Эл өкүлдөр жыйы- нынын сессияларында" деген сөздөр алып салынсын; "Жогорку Кењеш" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө баяндалсын. 2. II главанын аталышындагы "принциптери" деген сөз "тартиби" де- ген сөз менен алмаштырылсын; 3. 4-статьяда: 1-пункту "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөрдөн кийин "мамлекет- тик жана расмий тилдерди билген, 35тен жаш эмес жана 65 жаштан ашпаган" деген сөздөр менен толукталсын; 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ар бир талапкер боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин тиешелүү комитетинин корутундусу берилет."; 4-пунктундагы "берүү жолу аркылуу" деген сөздөр "пайдаланып" деген сөз менен алмаштырылсын; 6-пунктундагы "жөнөкөй көпчүлүк добушун" деген сөздөр "жалпы саны- нын көпчүлүк добушун" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 7-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7. Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча аларга берилген добуш- тардын бирдей саны менен эки же андан көп талапкер шайланса, ушул та- лапкерлер боюнча добуш берүү бирдиктүү тизме менен жүргүзүлөт жана ки- миси жөнөкөй көпчүлүк добуш алса, ошонусу шайланды деп эсептелинет. До- буш берүү жол-жобосу Омбудсмен (Акыйкатчы) шайланганга чейин уланты- лат."; 11-пунктундагы "белгиленүүгө тийиш" деген сөздөр "өткөрүлүүгө ти- йиш" деген сөздөр менен алмаштырылсын; 15-пунктунун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) орунбасар- ларын кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу "Кыргыз Республикасы- нын Жогорку Кењешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза- мында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.". 4. 5-статьянын 1-пунктунун биринчи абзацындагы "биргелешкен" деген сөз алып салынсын. 5. 6-статьяда: 3 жана 4-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн учурунда жана ал аяктагандан кийин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарган мезгилдеги айткан ой-пикири, жасаган аракеттери же аракетсиздиги үчүн куугунтукка алынышы жана кылмыш-жаза жана администрациялык жоопкерчи- ликке тартылышы мүмкүн эмес. 4. Омбудсмен (Акыйкатчы) өзүнүн ыйгарым укуктарынын бүткүл мөөнө- түнүн ичинде кол тийбестикке ээ жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Ке- њешинин макулдугусуз сот тартибинде берилүүчү кылмыш-жаза жана админис- трациялык жоопкерчиликке тартылышы, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, кармалышы, камакка алынышы, тинтүүгө алынышы, ошондой эле башка адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Кыргыз Рес- публикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, тинтүүгө же анын жеке өзү да текшерүүгө алынышы мүмкүн эмес. Омбудсмендин (Акыйкат- чынын) кол тийбестиги анын турак-жайына жана кызматтык жайына, кол жү- гүнө, жеке жана кызматтык унаа каражаттарына, кат-кабар алышуусуна, ал пайдаланган байланыш каражаттарына, ошондой эле ага таандык болгон до- кументтерге да жайылтылат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) өмүрүнө жана ден соолугуна корку- нуч туулган учурларда анын жана анын үй-бүлөсүнүн коргоого алынышы жана коопсуздугу камсыз кылынат."; 7-9-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 8-10-пункттар деп эсептелсин; 8 жана 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) статусу Кыргыз Республикасынын Жо- горку Кењешинин же жергиликтүү кењештин депутатынын мандаты менен сый- ышпайт. Омбудсмен (Акыйкатчы) педагогикалык, илимий жана чыгармачылык иштен башка акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө укугу жок. 9. Сыйышпастыктын бардык учурларында Омбудсмен (Акыйкатчы) өзү ант бергенге чейин анын статусу менен сыйышпаган бардык иштерди токтотууга тийиш. Ал белгиленген талаптарды аткарбаган учурда анын ыйгарым укукта- ры токтотулат жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши жаны Омбудс- менди (Акыйкатчыны) шайлайт."; 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10. Омбудсменге (Акыйкатчыга) тиешелүү болгон ушул статьянын 8-пункту анын орунбасарларына карата да колдонулат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 11 жана 12-пункттар менен толуктал- сын: "11. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганда ыйгарым укуктары аяктаганына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган учурда мурунку жумушу берилет, ал эми ал болбогон учурда мурдагы иштеген жумуш орду боюнча, же болбосо анын макулдугу менен баш- ка ишканадан, мекемеден, уюмдан, мамлекеттик органдан же жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынан башка ошого тете жумуш (кызмат орду) бери- лет. 12. Омбудсмен (Акыйкатчы) өз ыйгарым укуктарын аткарган мөөнөттө аскер кызматына жана аскер жыйындарына чакырылуудан бошотулат.". 6. 7-статьянын 1-бөлүгүндө: 6-пунктундагы "ишти 10 күндүн ичинде" деген сөздөр "ишти ант бер- генге чейин" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын: "7) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) отчетун жактырбаган учурда;"; 7-9-пункттар тиешелүү түрдө 8-10-пункттар деп эсептелсин; 10-пункт алып салынсын; 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн жоболору (5-пунктту кошпогондо) ошондой эле Омбудсмендин (Акыйкатчынын) орунбасарларына карата да кол- донулат.". 7. 8-статьяда: 1 жана 2-пункттарындагы "жана Жогорку Арбитраждык" деген сөздөр алып салынсын; 3-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын" деген сөздөр менен толукталсын; 6-пункту "же даттанууну" деген сөздөрдөн кийин ", мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын көчүрмөлөрүн" деген сөздөр менен толукталсын; 9-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "9) арызды же даттанууну кароонун жүрүшүндө текшерилип жаткан жаг- дайларга байланыштуу алардан оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүнүктөрдү алуу үчүн кызмат адамдарын, мамлекеттик кызматчыларды, Кыргыз Республи- касынын жарандарын, чет өлкөлүктөрдү жана жарандыгы жок адамдарды чакы- рууга;"; 10-пунктундагы "анда турган адамдардан суроо-жооп алууга" деген сөздөр "анда турган адамдар менен жекеме-жеке ањгемелешүүгө" деген сөз- дөр менен алмаштырылсын; 11-пунктундагы "укук субъекти" деген сөздөр "адамдар" деген сөз менен алмаштырылсын; 13-пункту "таанышууга" деген сөздөн кийин ", андан кийин алардын көчүрмөлөрүн алууга" деген сөздөр менен толукталсын; 15-пунктундагы "белгиленген" деген сөз алып салынсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 18-23-пункттар менен толукталсын: "18) компетенттүү мамлекеттик органдарга жана илимий мекемелерге эксперттик жана талдоо жагынан иликтөөлөрдү жүргүзүүнү тапшырууга; 19) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакта- лышына көзөмөлдү жана контролду ишке ашырууда биргелешкен аракеттердин формаларын жана методдорун өркүндөтүү боюнча сунуштар менен прокурату- ранын жана компетенттүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине кайрылуу- га; 20) сот тажырыйбасын иликтөө жана жалпылоо жана сотторго мыйзам- дарды жана жалпыга таанылган принциптерди жана эларалык укуктун ченем- дерин колдонуу, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кам- сыз кылуу маселелери боюнча жетектөөчү түшүндүрмөлөрдү берүү сунуштары менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна кайрылууга; 21) адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин белги- лүү болгон массалык жана одоно бузууларын иликтөө боюнча парламенттик комиссия түзүү же парламенттик угууларды өткөрүү, аталган комиссиялар- дын ишине же өткөрүлүүчү угууларга катышуу сунуштары менен Кыргыз Рес- публикасынын Жогорку Кењешине кайрылууга; 22) улуттук максаттуу программаларды иштеп чыгуу жана адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча комплекстүү жана тескеё салынган чараларды жүргүзүү, алардын жүзөгө ашырылышына катышуу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Өк- мөтүнө сунуштарды киргизүүгө; 23) администрациялык жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына сунуштарды жөнөтүүгө.". 8. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 8-1, 8-2 жана 8-3-статьялар менен толукталсын: "8-1-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшүү укуктары
Кыргыз Республикасынын адамынын жана жаранынын укуктары жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүгө көмөктөшүү максатында Омбудсмен (Акыйкатчы) төмөнкүлөргө укуктуу: 1) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин жана Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин пландарын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин кароосуна киргизилген мыйзам долбоор- лорун алууга; 2) мыйзам долбоорлорун даярдоо боюнча жумушчу топторуна катышууга; 3) тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн мыйзам долбоорлоруна корутунду берүүгө; 4) мыйзам чыгаруу жагынан демилге укугунун субъекттерине Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралу сунуштар менен кайрылууга; 5) эларалык келишимдерди түзүү, денонсациялоо же колдонулушун ток- тото туруу жөнүндөгү сунуштарды киргизүүгө.
8-2-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) көњүл буруу актылары
Төмөндөгүлөр Омбудсмендин (Акыйкатчынын) көњүл буруу актылары бо- луп саналат: 1) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, алардын кызмат адамдарына бир айлык мөөнөттө чараларды кө- рүү үчүн айкын болгон адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндик- теринин бузулушун четтетүү боюнча Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунушта- масы; 2) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин бузушкан кызмат адамдарына жана кызматкерлерге карата тартипке чакыруу же адми- нистрациялык өндүрүш иштерин козгоо боюнча мамлекеттик бийлик органда- рына, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө ка- рабастан, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга Омбудсмендин (Акыйкат- чынын) сунуштамасы.
8-3-статья. Эларалык кызматташтыкты өнүктурүүтө көмөк көрсөтүү боюнча Омбудсмендин (Акыйкатчынын) иштери
Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы эларалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча иштери мамлекеттин өз жарандарын анын чегинен тышкары жерде кор- гоо жана чет элде жашап жаткан мекендештер менен байланышын чындоо бо- юнча тышкы саясий иштеринин бир бөлүгү болуп саналат. Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктери жагындагы элара- лык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында Омбудсмен (Акый- катчы) төмөнкүлөргө укуктуу: 1) адам укуктарын коргоо боюнча эларалык уюмдар жана мамлекеттер аралык органдар, чет мамлекеттердин адам укуктары боюнча улуттук орган- дары менен түз байланыштарды түзүүгө жана адам укуктарын коргоо жагынан алар менен өз ара жардамдашуу жөнүндө келишимдерди түзүүгө; 2) эларалык мамилелерде адам укуктарын коргоо жагынан эксперт ка- тары мамлекеттин атынан өкүл болууга; 3) адам укуктарын коргоо боюнча мамлекеттер аралык органдарга бе- рилүүчү улуттук баяндамаларды даярдоого жана карап чыгууга катышууга; 4) адам укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына четэлдик (эларалык) байкоочу болууга; мыйзамда белгиленген тартипте четэлдик (эларалык) байкоочуларды чакырууга; 5) мыйзамда белгиленген тартипте адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жагындагы пландарды жана долбоорлорду ишке ашырууга эларалык уюмдардан техникалык, финансылык жана башка жардам- дарды алуу боюнча сунуштарды киргизүүгө.". 9. 9-статьянын 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Омбудсмен (Акыйкатчы) даттанууну текшерип бүткөндөн кийин анын жыйынтыгы тууралу арыз ээсине билдирүүгө милдеттүү.". 10. 10-статьяда: 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргыз Республикасынын жарандарынын, Кыргыз Республикасында жүрүшкөн чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жок адамдардын же болбосо алардын өкүлдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын мам- лекеттик органдардын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын, мекемелердин, ишканалар- дын, кызмат адамдарынын, мамлекеттик кызматчылардын Кыргыз Республика- сынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген эла- ралык келишимдер жана макулдашуулар менен белгиленген адамдын жана жа- рандын укуктарын жана эркиндиктерин бузуп жатышкан чечимдерине же ара- кеттерине (аракетсиздигине) тиешелүү болгон арыздарды жана даттануулар- ды карайт."; 4-пунктундагы "администрациялык" деген сөз алып салынсын; 10-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10. Арыз же даттануу кызыккан адам тарабынан аты-жөнүн жана арыз ээсинин дарегин көрсөтүп кол коюлууга тийиш, арыз ээсинин ою боюнча, анын укуктарын жана эркиндиктерин бузган же бузуучу чечимдердин же ара- кеттердин (аракетсиздиктин) маани-мањызы баяндалып, ошондой эле анын даттануусу боюнча кабыл алынган, эгерде ошондойлор кабыл алынса, чечим- дердин көчүрмөлөрү менен коштолот."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 14-пункт менен толукталсын: "14. Омбудсменге (Акыйкатчыга) берилген даттануу арыз ээси же анын өкүлү тарабынан кайра чакыртып алынышы мүмкүн."; 14-18-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 15-19-пункттар деп эсептел- син; 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17. Омбудсмен (Акыйкатчы) кабыл алынган чечим жөнүндө алар отуз күнгө чейинки мөөнөттүн ичинде териштирилүүгө тийиш болгон маселелер боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү жөнөтүшү үчүн чечим же аракеттер (аракетсиздик) тууралу мамлекеттик органга, ишканага, мекемеге, уюмга, кызмат адамына же болбосо мамлекеттик кызматчыга билдирет.". 11. 11-статьяда: 1-пунктундагы "абалы" деген сөз "сакталышы" деген сөз менен алмаш- тырылсын; 2-пункттун экинчи абзацы алып салынсын; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасында адам укуктары менен эркиндиктерин бузушкан, бул укуктарды калыбына келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сунуштамалары ме- нен эсептешпеген мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор- гандары, ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары ата- лууга тийиш."; 5-пункт алып салынсын; 6-9-пункттар тийиштүүлүгүнө жараша 5-8-пункттар деп эсептелсин; 6-пунктундагы "палаталарынын заседаниелеринин" деген сөздөр "жы- йындарынын" деген сөз менен алмаштырылсын; 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "8. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндама- лары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен токтом кабыл алат."; статья төмөнкүдөй мазмундагы 9-11-пункттар менен толукталсын: "9. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы жана атайын баяндама- лары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчысында жана башка расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга тийиш. 10. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) жыл сайынкы баяндамасы мыйзамда белгиленген тартипте жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында жары- яланууга тийиш. 11. Атайын баяндама жалпыга маалымдоочу басма сөз каражаттарында Омбудсмендин (Акыйкатчынын) чечими боюнча жарыяланат.". 12. Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 11-1, 11-2 жана 11-3-статьялар менен толукталсын: 11-1-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишинин ачык-айкындыгы
1. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) адамдын жана жарандын укуктары ме- нен эркиндиктеринин сакталышына контролду жүзөгө ашыруу боюнча иштери ачык-айкын болуп саналат жана купуя маалыматтардан башкасы жалпыга маа- лымдоо каражаттарында чагылдырылат. 2. Омбудсмен (Акыйкатчы) адамдын жана жарандын укуктары менен эр- киндиктеринин сакталышы жөнүндө, аларды коргоонун методдору жана форма- лары жөнүндө маалыматтарды мезгилдүү басма сөздө жарыялоого, адам укук- тары жөнүндө өзүнүн дагы башка басылмаларына ээ болууга укуктуу. 3. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) ишин жалпыга маалымдоо каражатта- рында чагылдыруу боюнча кепилдиктер мыйзам менен белгиленет.
11-2-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) расмий мезгилдүү басылмасы
Адам укуктары жөнүндө, аларды коргоонун методдору жана формалары жөнүндө билимдерди жайылтуу, ошондой эле адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына контролду ишке ашыруу боюнча Омбудс- мен (Акыйкатчы) расмий мезгилдүү басылманы уюштурат.
11-3-статья. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) сыйлыктары жана эстелик белгилери
Адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоого жана коргоого багыттал- ган иштерди колдоо максаттарында Омбудсмен (Акыйкатчы) сыйлыктарды жана эстелик белгилерди уюштурат.". 13. 12-статьяда: 3-пунктундагы "Жогоруда айтылгандарга байланыштуу" деген сөздөр алып салынсын; 5-пунктундагы "аныктыгын" деген сөз "чындыгын" деген сөз менен ал- маштырылсын. 14. 14-статьяда: 2-пункттун экинчи сүйлөмү "түзүмү" деген сөздөн кийин ", штаттык ырааттамасы," деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөнкүдөй мазмундагы 3, 4 жана 5-пункттар менен толуктал- сын: "3. Омбудсмен (Акыйкатчы) жана анын Аппараты юридикалык жактын укугуна ээ, эсептик жана башка эсептери, өзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби тартылган мөөрү жана бланктары бар мамлекеттик орган болуп саналат. 4. Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппаратынын кызматкерлеринин укук- тары, милдеттери жана жоопкерчиликтери, ошондой эле алардын мамлекеттик кызмат өтөөсүнүн шарттары "Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республи- касынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндөгү мыйзамдары менен аныкталат. 5. Омбудсмен (Акыйкатчы) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши та- рабынан кабыл алынган ченемдик укуктук актылар, ошондой эле Кыргыз Рес- публикасынын Президентинин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Өк- мөтү, Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Жогорку соту, Башкы прокуратурасы жана башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өзалдын- ча башкаруу органдары тарабынан расмий таратылуучу маалыматтар жана маалымдоочу материалдар менен камсыз кылынат.".
2-статья.
Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
|