Сравнение редакций…
Бишкек шаары
2007-жылдын 9-июлу № 98
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны
өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик
жөнгө салуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын
2008-жылдын 4-августундагы № 187,
2008-жылдын 17-октябрындагы № 231,
2009-жылдын 24-июлундагы №250,
Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
I глава. Жалпы жоболор
II глава. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны
өндүрүүгө жана жүгүртүүгө коюлуучу талаптар
III глава. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү
жана жүгүртүү боюнча ишти лицензиялоо
IV глава. Ушул мыйзамдын сакталышын контролдоо жана аны бузгандык
үчүн жоопкерчилик
I глава
Жалпы жоболор
1-статья. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү
1. Бул Мыйзам Кыргыз Республикасында этил спиртин, алкогол жана
спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн укуктук негиздерин
белгилейт.
Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жү-
гүртүү тармагындагы мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын эко-
номикалык кызыкчылыктарын коргоого, көрсөтүлгөн продукция менен керек-
төөчүлөрдүн муктаждыктарын камсыздоого, ошондой эле анын сапатын жого-
рулатууга жана жөнгө салынчу тармакта мыйзамдардын, нормалардын жана
эрежелердин сакталышын контролдоого арналган.
2. Бул Мыйзамдын күчү уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин
формасына карабастан ушул Мыйзам менен белгиленген талаптарга жооп
берүүчү юридикалык жактар (уюмдар), ошондой эле алкогол жана спирттүү
продукцияны чекене сатуу боюнча ишкердик жүргүзүшкөн жарандар катышуучу
болгон мамилелерге карата жайылтылат.
3. Бул Мыйзамдын күчү төмөнкүлөргө карата жайылтылбайт:
этил спирттүү продукцияны сатуу максатын көздөбөстөн чыгаруучу жа-
рандардын (жеке адамдардын) иш-аракетине;
аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органында катталган жана Дары
каражаттардын мамлекеттик реестрине киргизилген этил спирттүү дары, да-
рылоочу-профилактикалык, диагностикалык каражаттарды, медициналык буюм-
дарды чыгарууга жана жүгүртүүгө, ошондой эле аткаруучу бийликтин ыйга-
рым укуктуу органдарында каттоодон өткөн дарыкана мекемелеринин, дары
каражаттарды, анын ичинде гомеопатиялык препараттарды, ветеринардык
препараттарды, парфюмериялык-косметикалык продукцияны жекече рецепттер
боюнча жасоого, ошондой эле өндүрүштүк-техникалык башка продукцияны жа-
соого байланышкан уюмдардын ишине;
этил спиртинин үлүшү даяр продукциянын көлөмүнүн 6 процентинен аш-
паган, шарап материалдардан этил спиртин кошпостон жасалган натуралдуу
ичимдиктерди өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке.
2-статья. Бул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр
Бул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) этил спирти - азыктык же азыктык эмес чийки заттан өндүрүлгөн
спирт, анын ичинде денатураланган этил спирти; этил спиртинин негизги
фракциясы (спирт өндүрүшүнүн калдыктары) жана спирт - чийки заты;
2) денатураланган этил спирти (денатурат) - ушул Мыйзамда каралган
концентрацияда денатураланган заттарды камтыган этил спирти;
3) спирттүү продукция - этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн
1,5 пайызынан ашкан азык же азык эмес продукция;
4) спирттүү азыктык продукция - этил спирти бар, чийки азык заттан
жасалган, даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан ашкан тамак-аш про-
дукциясы (анын ичинде шарап материалдар, бардык эритиндилер, эмульсия-
лар, суспензиялар, жүзүмдөн, мөмө-жемиштен жасалган дистилляттар
(спирттүү чийки зат), коньяктын, кальвадостун, вискинин дистилляттары)
(алкогол продукциядан башкалар);
5) спирттүү азыктык эмес продукция - этил спиртин, спирттүү башка
продукцияны же этил спиртинин өндүрүшүнүн спирттүү калдыктарын пайдала-
нып жасалган, этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан аш-
кан азыктык эмес продукция (анын ичинде денатураланган спирттүү продук-
ция, спирттүү парфюмериялык-косметикалык продукция, бардык эритиндилер,
эмульсиялар, суспензиялар);
6) денатураланган спирттүү продукция - ушул Мыйзамда каралган де-
натураланган заттардын концентрациясын камтыган спирттүү азыктык эмес
продукция;
7) алкогол продукциясы - азыктык чийки заттан жасалган этил спир-
тин жана (же) этил спирти даяр продукциянын көлөмүнүн 1,5 пайызынан аш-
кан спирттүү азыктык продукцияны пайдаланып өндүрүлгөн спирттүү азыктык
продукция. Алкогол продукциясы ичүүчү этил спирти, спирттүү ичимдиктер
(анын ичинде арак), шарап (анын ичинде натуралай шарап) сыяктуу түрлөр-
гө бөлүнөт.
8) ичүүчү этил спирти - азыктык чийки заттан жасалып, этил спирти
даяр продукциянын көлөмүнүн 95 пайызынан ашкан жана жумшартылган суу
кошулган ректификацияланган этил спирти;
9) спирт ичимдиктери - азыктык чийки заттан этил спиртин пайдала-
нып өндүрүлгөн жана (же) спирттүү азыктык продукциядан жасалган алкогол
продукциясы; бул ичүүчү этил спиртине жана шарапка кирбейт;
10) суусуз (жүз пайыздуу) спирт - эсеп-кысапта колдонулуучу шарт-
туу түшүнүк;
11) этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү ушун-
дай - продукциянын сатуу жана киреше алуу, ошондой эле жеке муктаждык-
тар үчүн жасалышы;
12) жүгүртүү - сатып алуу (анын ичинде импорт), берүү (анын ичинде
экспорт), сактоо жана чекене сатуу;
13) билдирүү - этил спиртин (анын ичинде денатуратты) жана даяр
продукциянын көлөмүнүн 60 пайызынан ашуун этил спирти бар идиштерге ку-
юла элек спирттүү продукцияны сатып алгандыкты (мунун ичинде жеке мук-
таждык үчүн), берип турууну ырастоочу документ, анын болушу аталган
продукцияны сатып алуучу, берүүчү уюмдар үчүн милдеттүү болот.
3-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны
өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу
жөнүндө мыйзамдар
Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана жү-
гүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамдар ушул Мыйзамдан, Кыр-
гыз Республикасынын башка мыйзамдарынан жана ченемдик укуктук актылар-
дан, ошондой эле аларга ылайык кабыл алынуучу мыйзамдардан жана Кыргыз
Республикасынын мамлекеттик органдарынын башка да ченемдик укуктук ак-
тыларынан турат.
4-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны
өндүрүүгө мамлекеттик монополия
Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүүгө мамлекеттик монопо-
лия коюлат, ал мамлекеттик ишканалар тарабынан гана ишке ашырылат.
5-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү
жана жүгүртүү жагындагы ыйгарым укуктары
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын этил спир-
тин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү жагындагы
ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
этил спиртине, алкогол жана спирттүү продукцияга коюлуучу бааларды
жөнгө салуу;
этил спиртинин, алкогол жана спирттүү продукциянын экспортун, им-
портун жөнгө салуу;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө, жүгүр-
түүгө, сапатына жана коопсуздугуна, этил спиртин, алкогол жана спирттүү
продукцияны өндүрүү жагындагы мыйзамдардын жана лицензияларда каралган
шарттардын сакталышына мамлекеттик контролду уюштуруу жана жүргүзүү;
Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана сатылуучу алко-
гол продукциясын акциздик маркалар менен милдеттүү маркалоону киргизүү;
акцизделчү продукциянын түрлөрүн, этил спиртине, алкогол жана
спирттүү продукцияга коюлуучу акциздердин ставкаларын белгилөө;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жү-
гүртүү жагындагы улуттук стандарттарды белгилөө жана техникалык регла-
менттерди бекитүү;
лицензияланууга тийиш болгон иштин түрлөрүн, этил спиртин, алкогол
жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензияларды бе-
рүүнүн тартибин аныктоо, ошондой эле этил спиртин, алкогол жана спирт-
түү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензияларды берүү;
этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензиялардын мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү;

гүртүү жагындагы мамлекеттик эсепке алууну жана отчеттуулукту уюштуруу
жана ишке ашыруу;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана
жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө декларацияларды тапшыруунун тартибин, ошон-
дой эле аткаруучу бийликтин мамлекеттик статистика чөйрөсүндө тармактар
аралык координациялоо жана иш-милдет жагынан жөнгө салууну жүзөгө ашы-
руучу мамлекеттик органга алкогол продукциясын чекене сатуунун көлөмү
жөнүндө маалыматтарды берүүнүн тартибин белгилөө;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны керектөөчүлөрдүн
ден соолугун жана укуктарын коргоо боюнча чаралардын комплексин белги-
лөө, анын ичинде алкогол жана спирттүү азыктык продукцияны сатып алуу-
га, сактоого жана берүүгө лицензиясы бар уюмдарды аккредитациялоонун
бирдей тартибин белгилөө;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны сертификаттоонун
тартибин белгилөө;

гүртүү үчүн негизги технологиялык жабдууну сертификаттоонун тартибин
белгилөө, ошондой эле ушундай жабдуунун түрлөрүнүн тизмегин бекитүү;

гүртүү жагындагы мамлекеттик максаттуу программаларды, ошондой эле ый-
мансыз атаандаштыкты жоюуга, айлана-чөйрөнүн корголушун камсыздоого ба-
гытталган чараларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
спирттүү продукцияда этил спиртинин болушунун максималдуу чегин
белгилөө;

жүгүртүүнүн көлөмүн эсепке алуучу мамлекеттик автоматташкан бирдиктүү
маалымат системасын бул көрсөтүлгөн продукцияны жасоонун жана жүгүртүү-
нүн көлөмүн мамлекеттик контролдоо үчүн киргизүү (мындан ары мамлекет-
тик бирдиктүү автоматташкан маалымат системасы);
алкогол продукциясын чекене сатууну лицензиялоонун жана лицензия
берүүнүн тартибин аныктоо, берилген, иштетилиши убактылуу токтотулган
жана кайра алынган лицензиялардын мамлекеттик каттоосун жүргүзүү;
алкогол продукциясын чекене сатууга декларация киргизүү жана алко-
гол продукциясын чекене сатуу жөнүндө декларацияларды тапшыруунун тар-
тибин белгилөө;
алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү, жүгүртүүнү жөнгө са-
луучу мыйзамдарды, ошондой эле алкогол продукциясын чекене сатууга ли-
цензияларда каралган шарттарды уюмдардын аткаруусуна мамлекеттик конт-
ролду ишке ашыруу;
алкогол жана спирттүү продукцияны жасоонун жана жүгүртүүнүн бирге-
лешкен программаларын түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө сунуштарды кирги-
зүү;
башка мыйзамдар менен Кыргыз Республикасынын кароосуна кирген этил
спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө
байланышкан дагы башка маселелер.
II глава

6-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү
жана жүгүртүү үчүн жабдууларды пайдалануучу уюмдардын
милдеттери
1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнү ишке
ашыруучу жана ушул максатта Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын
аймагынан тышкары жактарда жасалган негизги технологиялык жабдууну пай-
далануучу уюмдар аталган жабдууда шайкеш келүү сертификатына жана мам-
лекеттик экологиялык экспертизанын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте берилген он корутундусуна ээ болууга милдеттүү.
2. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү үчүн
негизги технологиялык жабдуу, шарап, шарап материалдарын өндүрүү үчүн
жабдуудан жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилөөчү тизмекке ылайык
спирттүү азык эмес продукция жасоо үчүн пайдаланылчу жабдуудан башка да
даяр продукциядагы суусуз спирттин концентрациясын жана көлөмүн, даяр
продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматтык каражаттар
менен жабдылууга тийиш.
Шарап жана шарап материалдарын өндүрүү үчүн негизги технологиялык
жабдуу даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматтык
каражаттар менен жабдылууга тийиш.
Ушул пункттун биринчи жана экинчи абзацтарында көрсөтүлгөн негизги
технологиялык жабдуу жана этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукци-
яны жүгүртүүнүн же жеке максатка пайдалануунун көлөмүн эсептегич жабдуу
(чекене сатуунун көлөмүн эсептөөдөн башка) этил спиртин, алкогол жана
спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө маалы-
матты каттоочу жана мамлекеттик автоматташкан бирдиктүү маалымат систе-
масына берүүчү, катталуучу жана берилүүчү маалыматтын бурмаланышын жана
жасалмаланышын болтурбоочу маалыматты коргоочу каражаттарды өзүнө кам-
тыган техникалык каражаттар менен жабдылууга тийиш.
Даяр продукциядагы суусуз спирттин концентрациясын жана көлөмүн,
даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматтык кара-
жаттарга, этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны жасоонун жана
жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматты каттоочу жана мамлекеттик авто-
матташкан бирдиктүү маалымат системасын берүүчү техникалык каражаттарга
коюлуучу талаптарды, мамлекеттик автоматташкан бирдиктүү маалымат сис-
темасынын иш тартибин жана ишке киргизүү мөөнөтүн Кыргыз Республикасы-
нын Өкмөтү аныктайт.

гүртүү үчүн негизги технологиялык жабдуунун түрлөрүнүн тизмесин Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү бекитет.
3. Этил спиртин өндүрүү үчүн ишке жаны киргизилип же модерндешти-
рилип жаткан негизги технологиялык жабдууну эксплуатациялоого спирт өн-
дүрүшүнүн негизги калдыктарын (барданы) толугу менен иштетүүгө же утил-
дештирүүгө мүмкүндүк берүүчү жабдуу киргизилгенде жана мамлекеттик эко-
логиялык экспертизанын оњ корутундусу болгондо гана жол берилет.
4. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
жүгүртүү үчүн негизги технологиялык жабдууну ижарага берүүгө жол берил-
бейт.
5. Этил спиртин, анын ичинде денатурат өндүрүү үчүн Кыргыз Респуб-
ликасында өндүрүлгөн азыктык жана азыктык эмес чийки зат колдонулат,
анын тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте аныкта-
лат.
6. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарда өндүрүлгөн чий-
ки заттан бир жолу этил спиртин өндүрүүгө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
тарабынан төмөндөгүдөй учурларда жол берилет:
- Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн чийки зат жетишсиз өлчөмдө
болсо;
- эгерде Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн чийки заттын баасы Кыр-
гыз Республикасынан тышкары жактарда өндүрүлгөн чийки заттан бир топ
жогору болуп, спирттин өзүнө турган наркынын жогорулап кетишине таасир
эте турган болсо.
7-статья. Этил спиртин жүгүртүү жана алкогол жана спирттүү
продукциянын берилип турушу
1. Алкогол жана спирттүү продукция өндүрүү жана (же) жеке муктаж-
дык үчүн этил спиртин сатып алуу билдирүү тапшырылган шартта ишке ашы-
рылат.
2. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны мамлекеттик
муктаждыктар үчүн берип туруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мук-
таждыктар үчүн продукция берип туруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык ишке
ашырылат.
3. Этил спиртин, даяр продукциянын көлөмүнүн 60 пайыздан ашууну
этил спиртинен турган тиешелүү идиштерге куюштурула элек спирттүү про-
дукцияны берип туруу билдирүү тапшырылган шартта ишке ашырылат.
4. Этил спиртин берип туруу, алкогол жана спирттүү продукцияны,
анын ичинде денатуратты өндүрүү, сактоо жана берип туруу лицензиясы бар
уюмдар тарабынан гана ишке ашырылат.
5. Уюмдардын билдирүүлөрдү берүүсүнүн тартибин жана алардын форма-
сын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет.
8-статья. Денатураланган этил спиртин жана спирттүү азык эмес
продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө коюлчу талаптар
1. Этил спирти жана азык эмес спирттүү продукция аларды өндүрүүчү
уюмдун тандоосу боюнча төмөнкүдөй денатуралоочу заттар же алардын ара-
лашмалары болгон шартта денатураланды деп эсептелет.
1) керосин же бензин этил спиртинин көлөмүнүн 0,5 пайызынан кем
эмес концентрацияда;
2) денатониум бензонат (битрекс) спирттин салмагынын 0,0015 пайы-
зынан кем эмес концентрацияда;
3) кротондуу альдегид спирттин көлөмүнүн 0,2 пайызынан кем эмес
концентрацияда.
2. Эгер этил спиртин жасоо процессинде табигый аралашма түрүндөгү
денатуралачу заттар ушул статьянын 1-пунктунда белгиленген концентраци-
ядан кем эмес концентрацияда пайда болсо, этил спиртин өндүрүү жана жү-
гүртүү ушул Мыйзамда денатурат өндүрүү жана жүгүртүү үчүн белгиленген
тартипте жөнгө салынат.
3. Этил спирти жана ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн денату-
ралачу заттары бар спирттүү азык эмес продукцияны денатуралоо процесси-
не мамлекеттик контролдун тартибин, ошондой эле денатуратты же денату-
раланган спирттүү продукцияны пайдалануунун тартибин Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү аныктайт.
4. Чекене сатыла турган спирттүү азык эмес продукциянын этикетка-
ларында спирттүү азык эмес продукцияны тамак-аш катары колдонууга бол-
бостугу жөнүндө маалымат болууга тийиш (мында денатураланган спирттүү
продукцияда "этил спирт" деген сөздүн ордуна "денатурат" деген сөз жа-
зылууга тийиш). Бул маалымат этикетканын бетине жазылууга жана аянпъш
10 пайыздан кем эмесин ээлөөгө тийиш (парфюмердик-косметикалык продук-
циянын этикеткасынан башкаларда).
9-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны
жүгүртүүдөгү коштоочу документтер
1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны жүгүртүү аларды
өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун ырастоочу төмөнкүдөй коштоо-
чу документтер болсо гана ишке ашырылат:
1) товардык-транспорттук коштомо (накладной);
2) жүктүн бажы декларациясына тиркелчү маалымкаты (импорттолгон
этил спирти, алкогол жана спирттүү продукция үчүн);
3) товардык-транспорттук коштомого тиркелчү маалымкат (Кыргыз Рес-
публикасынын аймагында өндүрүлүүчү этил спирти, алкогол жана спирттүү
продукция үчүн);
4) билдирме (этил спирти (анын ичинде денатурат) даяр продукциянын
60 пайыздан ашууну этил спиртинен турган, идиштерине куюла элек спирт-
түү продукция үчүн).
2. Ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн коштоочу документтери
жок же айрымдары жок жүгүртүлгөн этил спирти, алкогол жана спирттүү
продукция мыйзамсыз жүгүртүүдөгү продукция деп эсептелет.
3. жүктүн бажы декларациясына тиркелчү маалымкатынын формасын, то-
вар-транспорт коштомосуна тиркелүүчү маалымкатынын формасын жана андай
маалымкаттарды толтуруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бел-
гилейт.
10-статья. Алкогол жана спирттүү продукция өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө коюлуучу өзгөчө талаптар
1. Алкоголдуу жана спирттүү продукция өндүрүүнү жана жүгүртүүнү
ишканалар тийиштүү лицензиясы болгондо ишке ашырышат.
2. Алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү үчүн азык чийки заты-
нан алынган этил спиртти гана пайдаланууга уруксат берилет.
2.1. Даяр продукциясынын (арактан башка) көлөмүндө 15 пайыздан
ашуун этил спирти бар алкогол продукциясын өндүрүүгө жана жүгүртүүгө
(чекене соодалоодон башка) мамлекеттик ишканалар, ошондой эле кеминде 1
миллион сомдук төлөнгөн уставдык капиталы бар дагы башка ишканалар
укуктуу.
2.2. Арак өндүрүүгө мамлекеттик ишканалар, ошондой эле 5 миллион
сомдон кем эмес төлөнгөн уставдык капиталы бар башка уюмдар укуктуу.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында чекене сатыктагы алкоголу про-
дукциясы кыргыз жана орус тилиндеги маалымат менен коштолууга тийиш,
анда төмөнкүлөр болушу керек:
алкогол продукциянын аталышы;
алкогол продукциянын баасы;
өндүрүүчүнүн аталышы (юридикалык дареги);
алкогол продукцияны өндүргөн өлкө;
алкогол продукциясынын сертификациясы;
талаптарына алкогол продукция шайкеш келе турган техникалык регла-
менттер;
керектөө тарасындагы алкогол продукциясынын көлөмү;
алкогол продукциясынын даамына жана жытына таасир этүүчү негизги
кошундулардын аталыштары;
техникалык регламенттердин милдеттүү талаптарына салыштырганда ден
соолук үчүн зыяндуу заттар жана аны колдонуудагы терс көрсөткүчтөр;
жасалган күнү жана колдонуу мөөнөтү же колдонсо боло турган акыркы
мөөнөтү.
Бул көрсөтүлгөн маалыматтар керектөөчүлөргө Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү аныктаган тартипте жеткирилет.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алкогол продукциясынын керектөө-
чүлүк тарасынын бекитилиши боюнча жалпы талаптарды аныктайт, алар тара-
нын ачылгандык фактысын көз менен көрүп аныктоого мүмкүндүк болгудай
камсыздалат.
11-статья. Алкогол продукциянын түрлөрү
1. Алкогол продукциясына төмөндөгүлөр кирет:
1) арактар жана өзгөчө арактар;
2) коньяктар;
3) брендилер;
4) ликер-арак ичимдиктери;
5) шараптар;
6) маркалуу шараптар;
7) коллекция түрүндөгү шараптар;
8) шарап түрүндөгү суусундуктар;
9) көбүрмө шараптар жана шампанское;
10) шарап материалы;
11) пиво;
12) дагы башка алкогол күчтүү ичимдиктер;
13) дагы башка жумшак алкогол ичимдиктери.
2. Арактар жана өзгөчө арактар - суу-спирт эритиндисин адсорбент
менен атайлап иштетип, соњунан чыпкадан өткөрүү менен ингредиенттерди
кошуп же кошпой 38-45 пайызга, 50 пайызга жана 56 пайызга жеткирилген
күчтүү алкогол ичимдиктери.
3. Кант ширеси, эфир майлары, жүзүм шараптары, коньяк, лимон кис-
лотасы, дагы башка тамак-аш азыктары, ошондой эле спирт жана суу кошул-
ган мөмө-жемиш жана жыпар жыттуу чийки өсүмдүктөрдү кайра иштетүүдөн
алынган ар кандай спирт ширелеринен, морстордон, тундурмалардан жана
жыттуу спирттерден турган күчтүүлүгү 12-60 пайыздуу ичимдиктер ли-
кер-арак ичимдиктери болуп эсептелет.
Күчтүү ликер-арак ичимдиктери - күчтүүлүгү 30 пайыздан 60 пайызга
чейин ликер-арак ичимдиктери.
Аз градустуу ликер-арак ичимдиктери - күчтүүлүгү 12 пайыздан 30
пайызга чейинки ликер-арак ичимдиктери.
4. Жүзүм шараптары - этил спиртин кошуп же кошпой жүзүм ачымасын
же мезгини (эзилген жүзүм) спиртте ачытуунун натыйжасында алынган ша-
раптар.
5. Мөмө-жемиш шараптары - кантта жана этил спиртин кошуп же кошпой
жањы мөмө-жемиштердин ширесин же мезгини спиртте ачытуу жолу менен да-
ярдалган шараптар.
6. Маркалуу шарап - жумшак даамы жана буркураган (гүлдүн) жыты
бар, бөтөлкөгө куяр алдында милдеттүү түрдө 2 жылдан кем эмес кармал-
ган, климаты жылуу жерде өскөн жүзүмдүн белгилүү бир сортторунан же
алардын атайын иргелип алынган аралашмасынан атайын технология аркылуу
алынуучу жогорку жана туруктуу сапаттагы шарап.
7. Коллекциялык шарап - стационардык резервуарда кармоо аяктаган-
дан кийин бөтөлкөлөргө куюлуп, дагы 3 жылдан кем эмес кармалган марка-
луу шарап.
8. Көбүрмө шараптар, шампанское - иштетилген шарап материалдарын
бөтөлкөлөрдө, резервуарларда же резервуарлардын тутумунда басым астында
экинчи жолу ачытып эндоген тектүү көмүртектин кош кычкылын кошуу менен
даярдалган шараптар.
9. Газдалган (ак) шараптар - зарылчылык болгондо кантты жана лимон
кислотасын кошуу менен даярдалган шарапка көмүртектин кош кычкылын ко-
шуу аркылуу алынган шараптар.
10. Жыттуу шараптар - жыпар жыттуу өсүмдүктү, кантты, этил спиртин
пайдалануу менен даярдалган шараптар.
11. Шарап ичимдиктери - кантты, эмен аралашмасын, колдо өстүрүлгөн
жыттуу тамак-аш азыктарын, боечу заттарды жана сууну кошуп, же этил
спиртин жана күчтүү шарап материалдарын кошпой, кадимки жүзүм жана ша-
раптык мөмө-жемиштерден жасалган күчтүүлүгү 12 пайыздан ашпаган алко-
голдук ичимдиктер.
12. Шарап материалы - шарап даярдоого же шараптарды купаждоого ар-
налган 1,5 пайыздан ашуун этил спирти бар, ачытылышын токтото туруу ык-
масына көз каранды болбогон, ачытылган же ачуу процессинде турган шарап
ачымасы, мөмө-жемиш ширеси.
13. Коньяк - эмен челектеринде же эмен тактайчаларын пайдалануу
менен же эмалданган резервуарларда 3 жылдан кем эмес кармалган коньяк
спиртинен даярдалган өзүнө тиешелүү ањкыган жыты жана даамы бар күчтүү
алкоголдук ичимдик.
14. Бренди - коньяк, шарап спирттеринен же шарап материалдарын жа-
на эмен жыгачынын ар кандай заттарын кошуп, ар кандай мөмө-жемиш чийки
затын кайнатуу жолу менен алынган спирттен жасалган күчтүү алкогол
ичимдиги.
15. Пиво - кулмактуу угут шагын пивонун ачыткысын ачытуу менен
алынган алкоголу азыраак, көмүртектин кош кычкылы кошулган көбүрмө
ичимдик.
16. Башка күчтүү алкогол ичимдиктерине ром, виски, джин, бальзам,
курамында 30 жана андан да көбүрөөк пайыз этил спирти бар дагы башка
ичкиликтер кирет.
17. Дагы башка жумшак алкогол ичкиликтерине 30 пайыздан азыраак
спирти бар алкогол ичимдиктери кирет.
12-статья. Алкоголдук продукцияларга салык салуу
Алкоголдук продукцияларды чыгарууга, импорттоого жана сатууга са-
лык салуу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык
жүргүзүлөт.
(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына
ылайык)
13-статья. Спирттин, алкогол продукциясынын, экспортун жана
импортун жөнгө салуу
1. Спиртти импорттоого төмөндөгүдөй учурларда гана жол берилет:
- Кыргыз Республикасында этил спиртин өндүрүү токтотулганда же
токтото турулганда;
- Кыргыз Республикасында алкогол продукцияны өндүрүүчү тарабынан
өндүрүлүүчү спирттин көлөмү кыскарганда же суралган спирттин көлөмү кө-
бөйгөндө;
- Кыргыз Республикасында өндүрүлбөй турган спирттин түрлөрү колдо-
нулуучу алкогол продукциясынын айрым түрлөрүн өндүрүүдө.
2. Спирттин жана алкогол продукциясынын импортун мамлекеттик жөнгө
салуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- импорттолчу продукциянын сапатына контролдоо;
- импорттолчу спиртке жана алкогол продукциясына акциздик салыкты
аныктоо;
- спирттин жана алкогол продукциянын көлөмүн квоталоо.
Спиртти жана алкогол продукциясын квоталоонун жана импорттоонун
көлөмүн аныктоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир жолку
тартипте белгилейт.
3. Уюмдар алкогол продукциясын Кыргыз Республикасынын бажы аймагы-
нан алып чыгууну же алып кирүүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
аныкталган тартипте, ушул Мыйзамда аныкталган талаптарды аткаруу менен
ишке ашырышат.
4. Кыргыз Республикасынын аймагына алынып келчү алкогол продукция-
сынын сапаты техникалык регламенттерде каралган алкогол продукциясынын
сапатынан төмөн болбоого тийиш.
5. Алкогол продукциясынын импортун жөнгө салуунун жана Кыргыз Рес-
публикасынын бажылык аймагына алынып келчү алкогол продукциясынын сапа-
тын контролдоонун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
14-статья. Этил спиртин пайдалануунун көлөмүн декларациялоо
Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны сатып алуучу уюм-
дар этил спиртин пайдалануунун көлөмүн декларациялоого тийиш.
15-статья. Алкогол жана спирттүү азык продукцияны жүгүртүүнү ишке
ашыруучу уюмдарды аккредитациялоо
1. Чекене сатыкка түшүүчү алкогол жана спирттүү продукциянын сапа-
тын жана көлөмүн контролдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
алкогол жана спирттүү продукцияны сатып алууга, сактоого жана берүүгө
лицензия алган уюмдарды аккредитациялоонун бирдей тартибин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик башкаруу орган-
дары уюмдарды ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөндөй бирдей тартипте
аккредитациялай алышат.
16-статья. Алкогол продукциясын берип туруунун жана чекене
соодалоонун тартиби
1. Алкогол продукциясын берип турууну жана чекене соодалоону уюм-
дар ишке ашырышат. Жеке ишкерлер алкогол продукциясын чекене соодала-
шат. Мындай иштер тийиштүү лицензия болгон шартта гана жүргүзүлөт.
2. Алкогол продукциясын төмөндөгүдөй жагдайларда сатууга жол бе-
рилбейт:
балдар, билим берүү уюмдарында жана алардын жанындагы 100 метр ра-
диустагы аймактарда, ошондой эле тикеден-тике медициналык мекемелердин
өзүндө;
шаардык жана шаар четине каттаган коомдук (жалпы пайдалануудагы)
транспорттун бардык түрлөрүндө;
маданият мекемелеринде (аларда жайгашкан коомдук тамактануу уюмда-
рын же пункттарын, анын ичинде юридикалык жак болуп түзүлбөгөнүн кошпо-
гондо), ден соолукту чыњдоочу жана дене тарбия-спорт жайларында;
жашы жете электерге;
ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунун талаптарына ылайык кош-
тоочу документтерисиз, шайкеш келүү сертификатысыз жана маркалоосуз.
3. Даяр продукция көлөмүндө 15 пайызынан ашкан этил спирти бар ал-
коголдук продукцияны массалык иш-чаралар өтүүчү жайларда, аскердик ба-
гыттагы объекттерде, ошондой эле чатырларда, контейнерлерде, колдон,
лотоктордо, автомашиналарда, башка ушул продукцияларды сатуу үчүн ыњ-
гайлашпаган жерлерде чекене сатууга жана таркатууга болбойт.
Жанаша аймактар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабы-
нан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкта-
лат.
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
даяр продукциянын көлөмүндө 15 пайыздан ашуун этил спирти бар алкогол
продукцияны чекене сатуу убактысына кошумча чектөөлөрдү белгилөөгө
укуктуу.
4. Даяр продукциянын көлөмүндө 15 пайыздан ашуун этил спирти бар
алкоголдук продукцияны шаарларда чекене сатуучу уюмдардын бул максат
үчүн контролдук-кассалык техникасы бар соодалык жана кампалык жайлары
болууга тийиш.
(КР 2008-жылдын 4-августундагы № 187, 2008-жылдын 17-октябрындагы
№ 231, 2009-жылдын 24-июлундагы №250 Мыйзамынын редакцияларына ылайык)
16-1-берене. Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашырган
адамдардын сатып алуучулардан инсандыгын ырастаган
документтерди көрсөтүүсүн талап кылуу укугу
Алкоголдук продукцияларды сатууну жүзөгө ашырган адамдар жашы болжол-
дуу түрдө он сегиз жашка жетпеген курактагы адамдарга карата төмөндөгү-
лөргө укуктуу:
- алардан инсандыгын тастыктоочу документтерди "Кыргыз Республикасынын
жаранынын паспортун (ID карта) же аны алмаштыруучу документти көрсөтүүнү
талап кылуу. Паспортту алмаштыруучу документтерге төмөнкүлөр кирет: ас-
кер кызматчысы экендигин аныктаган офицердик күбөлүк, мөөнөттүү кызмат
өтөгөн аскер кызматчысынын аскердик билети, айдоочулук күбөлүгү;
- инсандыгын ырастаган документтерин көрсөтпөгөн учурда аларга алкогол-
дук продукцияларды сатуудан баш тартууга.
Ушул статьянын жоболорун бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында карал-
ган жоопкерчиликтерге тартылат.
(КР 2009-жылдын 24-июлундагы №250 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
III глава

өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти лицензиялоо
17-статья. Лицензияланууга тийиш иштердин түрлөрү
1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
жүгүртүү боюнча иштин түрлөрү лицензияланууга тийиш.
2. Лицензия иштин төмөнкүдөй түрлөрүн жүргүзүү үчүн берилет:
өндүрүлгөн этил спиртин, анын ичинде денатуратты өндүрүүгө, сакто-
ого жана берүүгө;
өндүрүлгөн алкогол жана спирттүү тамак-аш продукциясын сактоого
жана берип турууга;
этил спиртин, алкогол жана спирт кошулуучу тамак-аш продукциясын
сактоого;
спирт кошулуучу тамак-аштык эмес продукцияны өндүрүүгө, сактоого
жана берүүгө;
алкогол продукциясын чекене сатууга.
3. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
өндүрүлгөн продукция чекене соодага берилген жана келип түшкөн ар бир
түрү боюнча лицензияланууга тийиш.
4. Ушул статьянын 2-пунктунун бешинчи жана алтынчы абзацтарында
көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия алкогол продукциясы-
на, спирттүү тамак-аш азыктарына жана спирттүү азыктык эмес продукцияга
өзүнчө берилет.
5. өндүрүлгөн этил спиртин, алкогол жана спирттүү азыктык продук-
цияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө лицензия ушул Мыйзамдын 7-статьясынын
талаптарына жооп бергидей жабдуулары бар уюмдарга гана берилет.
6. Бешинчи жана алтынчы абзацтарда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн
кошпогондо, ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн иштердин түрлөрүн
жүргүзүүгө лицензия ушул Мыйзамда белгиленген тартипте берилет.
7. Ушул статьянын 2-пунктунун бешинчи абзацында көрсөтүлгөн иштер-
дин түрлөрүн жүргүзүүгө лицензия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-
нан белгилеген тартипте берилет. Мындай лицензиялар Кыргыз Республика-
сынын Өкмөтү тийиштүү түрдө ыйгарым укук берген Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик аткаруу бийлик органдары тарабынан берилет.
18-статья. Лицензияларды берүү тартиби
1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны жана ушул Мый-
замдын 17-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн продукцияны өндүрүүгө
байланышкан иштин түрлөрүнүн бирин жүргүзүүгө лицензия алуу үчүн уюмдар
лицензиялоочу органга төмөнкүдөй документтерди беришет:
1) юридикалык жактын (уюмдун) толук жана/же кыскартылган аталышын
жана уюштуруу-укуктук формасын, анын жайгашкан жерин, иштин лицензияла-
нуучу түрлөрүн жүзөгө ашыруучу обочолонгон бөлүмдөрү жайгашкан жердин,
банктын аталышын жана уюм жүргүзүүгө ниеттенген иштин лицензиялануучу
түрүн, анын банктагы алыш-бериш эсебинин номерин, продукциянын түрүн
(ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 3 жана 4-пункттарына ылайык), лицензия
суралган мөөнөттү көрсөтүү менен лицензия берүү жөнүндө арызды;
2) уюмдаштыруу документтеринин көчүрмөлөрүн жана юридикалык жакты
- уюмду мамлекеттик каттоо жөнүндө документтин көчүрмөсүн (эгерде доку-
менттердин көчүрмөсү нотариуста күбөлөндүрүлбөсө түп нускаларын көрсө-
түү менен);
3) салык органында уюмдун учетко тургандыгы жөнүндө документтин
көчүрмөсүн;
4) лицензия берилгендиги үчүн жыйым төлөнгөндүгү жөнүндө документ-
тин көчүрмөсүн;
5) уюмдун салыктарды жана жыйымдарды төлөө боюнча карызы жок эке-
нин ырастаган салык органынын маалымкатын;
6) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар берген уюмдун өндү-
рүштүк жана кампа жайларынын санитардык-эпидемиологиялык, өрткө каршы,
экологиялык нормалар менен талаптарга ылайык келиши жөнүндө корутунду-
сун;
7) этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукциянын өндүрүлүшүн
химиялык жана технологиялык жактан контролдоочу лабораториянын техника-
лык компетенттүүлүгүн (аккредитациясын) тастыктоочу документти же
көрсөтүлгөн контролду жүргүзүүгө ушундай лаборатория менен түзүлгөн ке-
лишимдин көчүрмөсүн;
8) негизги технологиялык жабдуулардын ылайык келүү сертификаттары-
нын көчүрмөсүн;
9) ушул Мыйзамдын 10-статьясынын экинчи жана үчүнчү абзацтарына
ылайык уюмдун уставдык капиталынын (уставдык фондунун) болушун тастык-
тоочу документти;
10) лицензиялык комиссиянын ишканага жана технологиялык жабдуулар-
га жүргүзгөн текшерүүсү жөнүндө корутундусун;
11) продукцияга коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча сертификация жана
метрология боюнча орган тарабынан белгиленген тартипте берилген ылайык
келүү сертификатын;
12) алкогол продукциясын, спиртти жана пивону (арак үчүн кеминде
50 мињ далл) өндүрүүнүн болжолдонгон жылдык көлөмүн.
2. Уюмдардан ушул статьянын 1-пунктунда каралбаган документтерди
талап кылууга жол берилбейт.
3. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны жана ушул Мый-
замдын 17-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн продукцияны жүгүртүүгө
(чекене соодадан башка) байланыштуу иштин түрлөрүнүн бирин жүргүзүүгө
лицензия алуу үчүн уюм лицензиялоочу органга алкогол продукциясын сак-
тоо үчүн арналган жайларга карата экологиялык экспертиза жүргүзүүгө ый-
гарым укуктуу аткаруу бийлик органынын корутундусун берүү талабы коюл-
ган бөлүгүндө ушул статьянын 1-пунктунун 6-пунктчасында, ошондой эле
ушул статьянын 1-пунктунун 7-пунктчасында каралган документтерди кошпо-
гондо, ушул статьянын 1-пунктунда каралган документтерди берет.
4. Ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн иштин
түрлөрүнүн бирин (алкогол продукциясын чекене сатууну кошпогондо) жүр-
гүзүүгө лицензиясы бар уюм этил спиртин, алкогол жана спирттүү продук-
цияны чыгарууга байланыштуу иштерден тышкаркы иш-аракеттин башка түрүн
жүргүзүүгө лицензия алууда лицензиялоочу органга лицензия берүүнү сура-
ган арызды, лицензия үчүн жыйымды төлөгөндүгү жөнүндө документтин кө-
чүрмөсү жана уюмдун салыктар менен жыйымдарды төлөө боюнча карыздарынын
жоктугу тууралуу салык органынын маалымкатын гана берет.
5. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензия алуу үчүн уюмдун лицензиялоочу органга берген доку-
менттери катталат жана лицензиялоочу орган тарабынан экспертизадан
өтүүгө тийиш.
6. Берилген лицензияларды, колдонулушу убактылуу токтотулган жана
кайра алынып коюлган лицензияларды мамлекеттик каттоо жүргүзүү ушундай
реестрди жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу аткаруу бийлик органы тарабынан иш-
ке ашырылат.
7. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензия берүү же аны берүүдөн баш тартуу тууралу чечим
арызды жана бардык зарыл документтерди алган күндөн тартып 30 күндүн
ичинде кабыл алынат. Кошумча экспертиза жүргүзүү зарыл болгон учурда
көрсөтүлгөн мөөнөт аны жүргүзүүгө кеткен мезгилге, бирок 30 күндөн аш-
пагандай узартылышы мүмкүн.
8. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензия берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ан-
дан баш тартуу себептерин жазуу жүзүндө көрсөтүү менен тийиштүү чечим
кабыл алынгандан кийин 3 күндүн аралыгында уюмга жиберилет.
9. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны чыгарууга жана
жүгүртүүгө лицензия берүүдөн төмөнкүдөй учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) берилген документтерде туура эмес же бурмаланган маалымат анык-
талса;
2) ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптары бузулса;
3) арыз ээсине карата иштин ушундай түрүн жүргүзүүгө тыюу салуучу
соттун чечими болсо;
4) алкогол продукцияны жана спиртти өндүрүүнүн минималдуу көлөмүн
(арак үчүн 50 мињ далл) аткарбаса;
5) ушул Мыйзамда белгиленген башка лицензиялык талаптарга уюм ыла-
йык келбеген учурларда.
10. Этил спиртин жана алкогол продукциясын өндүрүү үчүн колдонула
турган жаны негизги технологиялык жабдуу сатып алынган учурда лицензиат
ошол жабдуунун түрлөрүнүн тизмесин жана ылайык келүү сертификатын ли-
цензиялоочу органга берүүгө милдеттүү. Лицензиялоочу орган көрсөтүлгөн
документтерди алган учурдан тартып 30 күндүн ичинде карап чыгат.
Эгерде берилген документтерде туура эмес маалыматтар аныкталса жа-
на (же) ушул Мыйзамдын 6-статьясынын талаптары лицензиат тарабынан бу-
зулса, лицензиялоочу орган жаны негизги технологиялык жабдууну этил
спиртин жана алкогол продукциясын чыгаруу үчүн колдонууга жол бербөө
тууралуу чечим кабыл алат. Мындай чечим жөнүндө лицензиялоочу орган аны
кабыл алгандан кийин 3 күндүн аралыгында лицензиатка жазуу жүзүндө ка-
барлайт.
Этил спиртин жана алкогол продукциясын чыгаруу үчүн жањы негизги
технологиялык жабдууну колдонууга ушул пункттун экинчи абзацында көрсө-
түлгөн чечим болбогон шартта ошол жабдуунун түрлөрүнүн тизмесин жана
ылайык келүү сертификаттарын лицензиялоочу органга бергенден кийин 45
күн аяктаган соњ жол берилет.
Ушул пункттун экинчи абзацында көрсөтүлгөн чечим болсо, этил спир-
тин жана алкогол продукциясын чыгаруу үчүн жањы негизги технологиялык
жабдууну пайдаланууга жол берилбейт.
11. Уюм өзгөртүлүп кайра түзүлгөн учурда лицензияны кайра жол-жо-
болоштуруу аны алуу үчүн белгиленген тартипте уюмдун же анын укук му-
раскорунун арызы боюнча ишке ашырылат.
12. Эгерде уюмдун аталышы өзгөрсө (өзү өзгөртүлүп түзүлбөсө), анын
жайгашкан жери же лицензияда көрсөтүлгөн анын обочолонгон бөлүмдөрүнүн
жайгашкан жери өзгөрсө, лицензияда көрсөтүлгүн башка маалыматтары өз-
гөрсө, ошондой эле лицензиясын жоготуп жиберген учурда аны кайра
жол-жоболоштуруу көрсөтүлгөн өзгөрүүлөрдү же лицензиянын жоголгондугун
тастыктоочу документтерди тиркөө менен уюм берген арыздын негизинде иш-
ке ашырылат. Мындай учурларда лицензияны кайра жол-жоболоштуруу лицен-
зиянын колдонулуш мөөнөтүн сактоо жана мурда берилген лицензияны (аны
жоготуп жиберген учурдан тышкары) лицензиялоочу органга кайтарып берүү
менен ага жаны лицензия берүү аркылуу ишке ашырылат.
13. Лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз лицензиялоочу
органга аны кайра жол-жоболоштуруу зарылдыгы келип чыккан кырдаалдар
пайда болгон күндөн тартып 30 күндүн ичинде берилет.
14. Лицензияны кайра жол-жоболоштурганга чейин уюм же анын укук
мураскору өз ишин мурда берилген лицензиянын негизинде жүргүзө алат.
15. Лицензиялоочу орган лицензия берүү жөнүндө чечим кабыл алын-
ганга чейин уюмдун ушул Мыйзамда белгиленген лицензиялык талаптарга
шайкеш келер-келбестагин текшерүүгө укуктуу.
16. Лицензиялоочу орган тарабынан лицензияны кайра жол-жоболошту-
руу жөнүндө чечим кабыл алуу мөөнөтүн лицензия берүү же аны берүүдөн
баш тартуу жөнүндө чечимди кабыл алуу үчүн белгиленген мөөнөттөн ашпоо-
го тийиш.
17. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензия уюм көрсөткөн мөөнөткө, бирок 5 жылдан ашпагандай
убакытка берилет. Мындай лицензияны колдонуу мөөнөтү лицензиялоочу ор-
ганга уюмдун жазуу жүзүндө берген арызынын, салыктар менен жыйымдарды
төлөө боюнча карызынын жоктугу тууралуу салык органынын маалымкатынын
жана ушул статьянын 18-пунктуна ылайык жыйымдарды төлөгөндүгү тууралуу
документтин көчүрмөсүнүн негизинде уюмдун өтүнүчү боюнча узартылат.
Мындай лицензия уюмдун өтүнүчү боюнча 5 жылдан аз мөөнөткө да узартылы-
шы мүмкүн. Лицензиялоочу орган лицензиянын колдонулуш мөөнөтүн узартуу
жөнүндө арызды 15 күндүн аралыгында карап, ушул мөөнөткө лицензиянын
колдонулуш мезгилин узартуу же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл
алат, тийиштүү чечим кабыл алынгандан кийин 3 күндүн ичинде өзүнүн че-
чими тууралуу уюмга жазуу жүзүндө кабар билдирет, ал эми лицензиянын
колдонулуш мөөнөтүн узартуудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алса,
анын себептерин көрсөтөт.
18. Алкогол продукциясын чекене сатууга лицензияларды кошпогондо
ушул Мыйзамдын 17-статьясынын 2-пунктунда көрсөтүлгөн иштин түрлөрүн
жүргүзүүгө лицензия берүү, мындай лицензиялардын колдонулуш мөөнөтүн
узартуу жана аларды кайра жол-жоболоштуруу үчүн мыйзамда белгиленген
өлчөмдө жана тартипте жыйымдар алынат.
19. Лицензияда лицензиялоочу органдын толук жана (же) кыскартылган
аталышы, уюмдун уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан жери, иштин лицен-
зиялануучу түрлөрүн жүргүзүүчү анын обочолонгон бөлүмдөрү орун алган
жери, иш-аракеттин лицензиялануучу түрү, продукциянын түрү, лицензияны
колдонуу мөөнөтү, анын номери жана берилген датасы көрсөтүлөт. Маалы-
маттардын ушул көрсөтүлгөн тизмеги толук деп эсептелет.
20. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
жүгүртүү үчүн уюмга берилген лицензиянын күчү лицензияда жайгашкан жери
көрсөтүлгөндө гана анын обочолонгон бөлүмдөрүнүн ишине кошо жайылтылат.
19-статья. Лицензиянын колдонулушун убактылуу токтотуу, калыбына
келтирүү, биротоло токтотуу жана кайра алып коюу
1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензиянын колдонулушу ушул Мыйзамдын сакталышына контрол-
дук жана көзөмөл жүргүзгөн органдар тарабынан берилген материалдардын
негизинде лицензиялоочу органдын чечими менен, ошондой эле анын компе-
тенциясынын чегинде лицензиялоочу органдын өзүнүн демилгеси боюнча тө-
мөнкүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
лицензиялоочу органдын лицензияны колдонуу шарттары бузулуп колдо-
нулуп жаткан учурлар четтетилсин деген буйрук-көрсөтмөлөрү уюм тарабы-
нан аткарылбаганда;
лицензияны кайра жол-жоболоштуруу жөнүндө арыз белгиленген мөөнөт-
тө берилбегенде;
азыктык чийки заттан чыгарылган этил спиртин жана (же) алкогол
продукциясын өндүрүүгө жана (же) аларды сактоого ылайыкталган негизги
технологиялык жабдуу пайдаланылганда, ошол эле жабдууда негизги өндүрүш
калдыктарынан башка азыктык эмес продукция өндүрүлгөндө жана (же) сак-
талганда;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жү-
гүртүүгө (чекене соодасын эсепке албаганда) ылайыкталган, даяр продук-
циядагы суусуз спирттан концентрациясын жана көлөмүн, даяр продукциянын
көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматташкан каражаттар, этил спир-
ттин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн кө-
лөмү жөнүндө маалыматты каттоочу жана ушул Мыйзамдын 6-статьясынын та-
лаптарына ылайык мамлекеттик бирдиктүү автоматташкан маалымат система-
сына өткөрүп берүүчү техникалык каражаттар менен жабдылбаган негизги
технологиялык жабдуу пайдаланылганда;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны ушул Мыйзамдын
9-статьясында каралган талаптар бузулуу менен, ал эми спирттүү азыктык
эмес продукция ушул Мыйзамдын 8-статьясынын 4-пунктунда каралган талап-
тар бузулуу менен жүгүртүлгөндө;
уюм тарабынан мамлекеттик статистика чөйрөсүндө тармактар аралык
координациялоону жана иш-милдети жагынан жөнгө салууну ишке ашыруучу
аткаруу бийлик органына алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
берип туруу жөнүндө маалыматтар белгиленген мөөнөттө берилбегенде;
этил спирти, анын ичинде денатурат жана даяр продукциянын көлөмү-
нүн 60 пайызынан ашуунун этил спирти түзгөн, идишке куюштурулбаган
спирттүү продукция кабарланбастан туруп берилгенде, сатып алынган учу-
рунда;
этил спиртин жана алкогол продукциясын өндүрүү үчүн ушул Мыйзамдын
18-статьясынын 10-пунктунун талаптарын бузуу менен жаны негизги техно-
логиялык жабдуулар колдонулганда;
ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү аб-
зацтарынын талаптары бузулганда;
акциздик маркалар башка уюмдарга өткөрүп берилгенде;
пайдаланылышы мыйзамсыз экени жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген-
ден кийин патенттер менен корголгон катталган товардык белгилер, ошон-
дой эле ойлоп табуулар жана өнөр жайлык үлгүлөр колдонулганда.
Лицензиянын колдонулушу аныкталган тартип бузууларды четтетүү үчүн
зарыл мөөнөткө токтото турулат. Көрсөтүлгөн мөөнөт 3 айдан ашпоого тий-
иш. Эгерде белгиленген мөөнөттө арыз ээси көрсөтүлгөн шарттарды четтет-
песе, лицензиялоочу орган лицензияны кайра алып коюуга укуктуу.
Лицензиялоочу орган лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө че-
чим кабыл алынган күндөн тартып 7 күндөн ашпаган мөөнөттө даяр продук-
циянын калдыктарын, аны өндүрүү үчүн колдонулуучу чийки заттар менен
чала фабрикаттарды алып коюуну, ошондой эле этил спиртин, алкогол жана
спирттүү продукцияны өндүрүүнү жана сатууну четтетүү максатында жабдуу-
лар менен коммуникацияларга пломба коюуну ишке ашырат.
Лицензиянын колдонулушун убактылуу токтотууга алып келген себеп-
терди четтетүү жөнүндө уюмдан арыз түшкөндөн кийин лицензиялоочу орган
10 күндүн ичинде лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү же калыбына
келтирүүдөн баш тартуу жана лицензияны кайра алып коюу жөнүндө чечим
кабыл алууга милдеттүү. Лицензиялоочу орган көрсөтүлгөн мөөнөттө ушул
чечимдердин бирин кабыл албаса, лицензиянын колдонулушу калыбына келти-
рилди деп эсептелет.
Лицензиянын колдонулушун токтото туруу жөнүндө лицензиялоочу орган
кабыл алган чечим тууралу сотко даттанылса болот.
2. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензиянын колдонулушу арыз ээси өзү берген арыздын неги-
зинде же мындай лицензиянын колдонулуш мөөнөтү бүткөндө токтотулушу
мүмкүн.
3. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензия лицензиялоочу органдын чечиминин негизинде кайра
алынып коюлушу мүмкүн.
Мындай лицензияны кайра алып коюу үчүн төмөндөгүлөр негиз болот:
лицензия алуу үчүн уюм тарабынан берилген документтерде туура эмес
маалыматтар табылышы;
этил спирти, анын ичинде денатурат тиешелүү лицензиясы же билди-
рүүлөрү болбогон керектөөчүлөргө берилиши;
маркаланбаган же жасалма маркалар чапталган алкогол продукциясы
жүгүртүлүшү;
алкогол жана спирттүү азыктык продукция мыйзамда каралган лицензи-
ясы жок уюмдарга берилиши;
лицензиялоочу органдын лицензиянын колдонулушун токтото туруу жө-
нүндө чечими аткарылышы;

гүртүү көлөмү жөнүндө декларацияларга бир жылдын ичинде туура эмес маа-
лыматтардын кайталап билдирилиши же бир жылдын аралыгында лицензиялоочу
органга көрсөтүлгөн декларациялар өз учурунда берилбеши;
техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбеген продукция
чыгарылышы;
тиешелүү лицензиялары болбогон уюмдар үчүн келишимдик же келишим-
дик эмес негизде этил спиртинин, алкогол жана спирттүү продукциянын чы-
гарылышы жана сатылышы;
бир жылдын ичинде бир эле тартип бузуу жасалгандыгы үчүн лицензия-
ны колдонуунун кайрадан токтотулушу;
лицензиялоочу органга уюмдун лицензиядагы талаптарга шайкеш ке-
лер-келбестигин текшерүүгө, даяр продукциядагы суусуз спирттин концент-
рациясын жана көлөмүн, даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке
алуучу автоматташкан каражаттардын жана этил спиртин, алкогол жана
спирттүү продукциянын көлөмү жөнүндө маалыматты каттоочу жана мамлекет-
тик бирдиктүү автоматташкан маалымат системасына өткөрүп берүүчү техни-
калык каражаттардын иштетилишине контроль жасоого жана алардан көрсөт-
күчтөрдү алууга мүмкүндүк берилбеши;
коммуникацияларда же даяр продукциядагы суусуз спирттин концентра-
циясын жана көлөмүн, даяр продукциянын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке
алуучу автоматташкан каражаттарда жана этил спиртин, алкогол, спирттүү
продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмү жөнүндө маалыматты кат-
тоочу жана мамлекеттик бирдиктүү маалымат системасына өткөрүп берүүчү,
лицензиялоочу орган тарабынан пломбаланган (мөөрлөнүп бекитилген) тех-
никалык каражаттарда пломбалары жок болгондо же бузулуп калганда негиз-
ги технологиялык жабдуунун иштетилиши;
ушул Мыйзамдын 5-статьясынын он алтынчы абзацына ылайык составында
спирти бар продукцияда белгиленген максималдуу үлүштөн арбын этил спир-
ти бар спирттүү продукциянын өндүрүлүшү жана жүгүртүлүшү;
денатураттын же ушул Мыйзамда бекитилген тизмекке шайкеш келбеген
денатураланган заттары бар денатураланган спирттүү продукциянын жана
денатураланган заттардын концентрациясынын же болбосо денатураттын же
денатураланган спирттүү продукциянын пайдалануу тартиби бузулуу менен
берип турулушу;
тиешелүү лицензиялары болбогон уюмдарга этил спиртинин берип туру-
лушу жана этил спиртинин билдирүүсүз жыл ичинде кайталанып берилиши;
лицензиянын колдонулушун токтото турууга алып келүүчү шарттардын
белгиленген мөөнөттө четтетилбеши.
4. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана
жүгүртүүгө лицензиянын колдонулушун токтото туруу же мындай лицензияны
кайра алып коюу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндөн ке-
чиктирилбестен жүйөлүү себеби көрсөтүлүү менен лицензиялоочу орган та-
рабынан жазуу жүзүндө арыз ээсине билдирилет.
5. Лицензияны алып койгон учурда лицензиялоочу орган лицензияны
кайра алып коюу негиздерин эске алуу менен уюмдун арызынын негизинде
лицензияга өзгөчө белги коюп, көлөмүн көрсөтүү менен этил спиртинин,
алкогол жана спирттүү продукциянын калдыктарын сактоо жана сатуу укугу-
на убактылуу уруксат берүүгө укуктуу. Мындай продукциянын калдыктарын
сатуу лицензиялоочу органдын контролдугу менен ишке ашырылат.

20-статья. Лицензиялоочу органдын чечимине даттануу тартиби
Лицензиялоочу органдын чечимине карата арыз ээси лицензиялоочу ор-
ганга жана (же) сотко даттанышы мүмкүн. Арыз ээсинин кайрылуусу боюнча
даттанууну кароо үчүн арыз ээсинин, лицензиялоочу органдардын өкүлдөрү-
нүн жана экспертиза жүргүзүү үчүн көз карандысыз адистердин катышуусу
менен көз карандысыз эксперттик комиссия түзүлүшү мүмкүн. Эксперттик
комиссия жөнүндө жобо тиешелүү түрдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана
Кыргыз Республикасынын бийлик субъекттеринин органдары тарабынан алар-
дын компетенциясынын чегинде бекитилет.
IV глава
Ушул мыйзамдын сакталышын контролдоо
жана аны бузгандык үчүн жоопкерчилик
21-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны
өндүрүүгө, жүгүртүүгө, анын сапатына жана
коопсуздугуна, бул тармактагы мыйзамдардын жана
тийиштүү лицензияда каралган шарттардын сакталышына
мамлекеттик контроль
1. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүүгө, жү-
гүртүүгө, анын сапатына жана коопсуздугуна жана бул тармактагы мыйзам-
дардын жана тийиштүү лицензияда каралган шарттардын сакталышына мамле-
кеттик контролду Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин ыйгарым
укуктуу мамлекеттик органдары өздөрүнүн компетенциясынын чегинде ишке
ашырат.
2. Текшерилүүчү уюмдардын каражаттарынын эсебинен мамлекеттик кон-
тролду жүргүзүүгө жол берилбейт.
22-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны
мыйзамсыз жүгүртүүдөн алып коюу жана конфискациялоо
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укук берил-
ген органдардын чечимдеринин негизинде этил спиртин, алкогол жана спир-
ттүү продукцияны, эгерде алар төмөнкүдөй сатылса, мыйзамсыз жүгүртүүдөн
алып коюуга жол берилет:
тиешелүү лицензиясыз;
шайкеш келүү сертификатысыз;
этил спиртин жана спирттүү продукцияны жүгүртүүнү кошпогондо марка
чапталбаган, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда же болбосо жасалма
акциз маркалары чапталган учурларда;
техникалык регламенттердин талаптарына ылайык келбесе;
составында азыктык эмес чийки заттан жасалган же азыктык эмес
спирттүү продукцияны кошпогондо, денатуралоочу кошмолору болсо;
ээсиз мүлк катары;
мындай продукцияны өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн мыйзамдуулугун тас-
тыктоочу документтери жок болсо.
2. Мыйзамсыз жүгүртүүдөгү этил спиртин, алкогол жана спирттүү про-
дукцияны конфискациялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке
ашырылат
3. Алынып коюлган этил спирти, алкогол жана спирттүү продукция
аларды алып коюну жүргүзгөн органдардын чечиминде көрсөтүлгөн жерлерде
сакталат.
4. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбегендиктен
алып коюлган этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны, ошондой
эле өзүнүн составында азыктык эмес чийки заттан жасалган этил спиртин
камтыган же денатуралоочу кошмолору бар алкогол продукциясы техникалык
муктаждыктар үчүн этил спиртине же болбосо азыктык эмес спирттүү про-
дукцияга келишимдик негизде кайра иштетилүүгө тийиш. Мындай кайра иште-
түүнү жүргүзүүгө мүмкүн болбогондо алынып коюлган этил спирти, алкогол
жана спирттүү продукция жок кылынууга тийиш.

23-статья. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны
өндүрүү жана жүгүртүү жагындагы чектөөлөр

жүгүртүү жагында төмөндөгүлөргө тыюу салынат:
азыктык эмес чийки заттан жасалган этил спиртин жана алкогол,
спирттүү азыктык продукцияны даярдоо үчүн азыктык эмес спирт кошулуучу
продукцияны колдонууга;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны (шарапты, шарап
материалдарын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү
тизмекке ылайык спирттүү азыктык эмес продукцияны кошпогондо) даяр про-
дукциядагы суусуз спирттин концентрациясын жана көлөмүн, даяр продукци-
янын көлөмүн өлчөөчү жана эсепке алуучу автоматтык каражаттар менен
эсептебей өндүрүү, ошондой эле шарапты жана шарап материалдарды даяр

менен эсептебей, ошондой эле этил спиртин, алкогол жана спирттүү про-
дукциянын көлөмү жөнүндө маалыматты каттоочу жана мамлекеттик бирдиктүү
автоматташкан маалымат системасына өткөрүп берүүчү техникалык каражат-
тарсыз өндүрүүгө;
этил спиртин чекене сатууга;
тиешелүү лицензияларсыз этил спиртин, алкогол жана спирттүү про-
дукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө;
ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык белгиленген коштооч документ-
терсиз этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны жүгүртүүгө;
марка чапталбаган же болбосо шайкеш келүү сертификаты болбогон же
болбосо жасалма акциз маркалары чапталган алкогол продукциясын жүгүр-
түүгө;
техникалык регламенттердин талаптарына шайкеш келбеген идиште ал-
когол продукциясын берип турууга;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү үчүн не-
гизги технологиялык жабдууларды ижарага берүүгө;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукция алмашуучу товар бо-
луп саналса, аны алмашуу келишимдерин түзүүгө. Мындай учурда түзүлгөн
келишим жараксыз деп эсептелет;
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү же жүгүр-
түү көлөмү жөнүндө декларацияны бурмалоого жана (же) белгиленген мөө-
нөттөрдө бербөөгө;
үй шартында, анын ичинде жеке адамдар тарабынан чыгарылган жана
этил спирти бар продукцияны берүүгө жана чекене сатууга;
денатуралануучу заттарды жоюу максатында денатураланган этил спир-
тин же денатурланган спирттүү продукцияны кайра иштетүү боюнча ар кан-
дай технологиялык процесстерди жана операцияларды ишке ашырууга;
азыктык эмес чийки заттан этил спиртин чыгарууда азыктык чийки
затты пайдаланууга;
мамлекеттик статистика чөйрөсүндө тармактар аралык координациялоо-
ну жана иш-милдет жагынан жөнгө салууну ишке ашыруучу аткаруу бийлиги-
нин мамлекеттик органдарына алкогол продукцияны чекене сатуунун көлөмү
жөнүндө маалыматтарды бербестен, алкоголдук продукцияны чекене сатууга;
ушул Мыйзамдын 5-статьясынын он алтынчы абзацына ылайык белгилен-
ген спирттүү продукцияга этил спиртин максималдуу өлчөмдөн ашыкча кошуу
менен спирттүү продукцияны өндүрүүгө жана жүгүртүүгө;
ушул Мыйзамда белгиленген денатуралануучу заттардын тизмегине жана
концентрациясына ылайык келбеген денатуралоочу заттарды камтуучу же
болбосо денатуратты же денатураланган спирттүү продукцияны колдонуу
тартибин бузуу менен аларды өндүрүүгө;
азыктык эмес чийки заттан же денатураланган заттардан чыгарылган
этил спиртин камтуучу алкогол продукциясын чекене сатууга;
ушул Мыйзамдын 10-статьясынын 3-пунктунда каралган коштоочу доку-
менттерсиз алкогол продукцияны чекене сатууга;
ушул Мыйзамдын 16-статьясынын 2-пунктунун жана 3-пунктунун биринчи
абзацынын талаптарын бузуу менен алкогол продукциясын чекене сатууга;
ушул Мыйзамдын 16-статьясынын 4-пунктунда каралган учурларды кош-
погондо этил спиртин, ичүүчү этил спиртин чекене сатууга;
алкоголдуу продукцияны чекене сатуунун мыйзамда белгиленген эреже-
лерин бузууга.
2. Этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана
жүгүртүү жагында ушул мыйзамда каралган чектөөлөр менен катар башка
чектөөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында ишке ашырылуучу
этил спиртин, алкогол жана спирттүү продукцияны берип турууга тиешелүү
чектөөлөр мыйзам менен гана белгиленет.
3. Ушул мыйзамдын талаптарын бузган юридикалык жактар, кызмат
адамдары жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жооп-
керчилик тартышат.

24-статья. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүүнүн тартиби
1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизилсин.
2. "Спиртти жана алкогол продукциясын өндүрүүгө, сактоого жана са-
тып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Ведомосттору,
1998-ж., № 3, 72-ст.) күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын
ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
2006-жылдын 30-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењеши тарабынан кабыл алынган
Кыргыз Республикасынын
2009-жылдын 13-октябрындагы № 269 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ