Загрузка документа…
КР 2022-жылдын 1-ноябрындагы № 100 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2007-жылдын 30-июлу № 102
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
«Талаачылык иштерин жүргүзүү үчүн айыл жериндеги товар
өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө»
(КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
1-статья. Талаачылык иштерин жүргүзгөн мезгилде талаачылык
иштерин жүргүзүү үчүн айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөрдүн
муктаждыктарын камсыз кылуү үчүн мамлекеттик резервдик көлөмүнөн
күйүүчү-майлоочу материалдарды алып келгенде жана андан ары
жеткирүүдө бажы төлөмдөрүнөн, салык жана жыйымдардан бошотүлсун.
2-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- талаачылык иштерин жүргүзгөн мезгилде айыл - жериндеги товар
өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн зарыл болгон күйүүчү-майлоочу
материалдардын көлөмүн аныктасын;
- талаачылык иштерин жүргүзгөн мезгилде мамлекеттик резервдин
көлөмүнөн айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөрдүн муктаждыктарын
камсыз кылуу үчүн күйүүчү - майлоочу материалдарды алып келүү жана
бөлүштүрүү тартибип аныктасын;
- талаачылык иштерин жүргүзгөн мезгилде мамлекеттик резервдин
көлөмүнөн айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөрдүн муктаждыктарын
камсыз кылуу үчүн күйүүчу-майлоочу материалдарды ар бир региондогу
аймактык жоопттуу сактоочуларга чейин жеткирүүнү камсыз кылсын;
- табигый кырсыктардан жапа чеккен жана анклавдарда, чегарага
чектеш жайгашкан бийик тоолуу айылдардагы айылдык товар
өндүрүүчүлөргө жыл сайын артыкчылыктуу шарттарда мамлекеттик
жардам көрсөтсүн;
- талаачылык иштерин жүргүзгөн мезгилде мамлекеттик резервдин
көлөмүнөн айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөрдүн муктаждыктарын
камсыз кылуу үчүн күйүүчү-майлоочу материалдардын сапаты үчүн
жоопкерчиликти жана контролду камсыз кылуучу мамлекеттик ыйгарым
укуктуу органдарды аныктасын;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаттарына
талаачылык иштерин жүргүзгөн мезгилде мамлекеттик жардам бериле
турган айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөр жөнүндө жыл сайын
маалымат берип турсун;
- өзүнун ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык
келтирсин.
3-статья. Талаачылык иштерин жүргүзгөн мезгилде
керектөөчүлөргө сапатсыз материалдарды же ошондой эле сапаты,
көлөмү жөнүндө жалган маалыматты атайылап же жоопкерсиздик менен
берген, тиешелүү ыйгарым укуктары болбой туруп сертификаттарын,
маркировкасын же расмий эсепке алуунун башка түрлөрүн бурмалаган
же үлгүлөрүн атайлап жасалмалаган, айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн
муктаждыктарын камсыз кылуу боюнча иш менен байланыштуу юридикалык
жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына
ылайык жоопкерчилик тартышат.
Сапатсыз материалдарды сатып алуунун натыйжасында айылдык
товар өндүрүүчүлөргө келтирилген чыгым күнөлүү жактардын жана
бузучуулардын мүлкүнүн эсебинен жабылат
.
4-статья.
Ушул Мыйзам 2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
(КР 2008-жылдын 25-апрелиндеги N 69 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев