Сравнение редакций…
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 12-октябрындагы № 266 Мыйзамына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары2007-жылдын 31-июлу №120 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 1 жана 2-камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндө 2007-жылдын 19-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанциялары Кыргыз Республикасыүчүн стратегиялык зор мааниге ээ. Ушул Мыйзам 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларынын курулу-шун бүтүрүүнүн жана пайдалануунун укуктук жана уюштуруучулук негиздеринаныктайт. 1-статья. 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануужөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз РеспубликасынынКонституциясына, ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын дагы башкаченемдик укуктук актыларына негизденет. 2-статья. 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруунун жана пайдалануунун шарттары Курулушу толук бүткөрүлө элек 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростан-циялары концессияга берилиши же жањыдан түзүлө турган чарба субъектининуставдык капиталына уюштуруучу төгүм катары киргизилиши мүмкүн. 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларынын курулушун бүткөрүүүчүн жањыдан түзүлө турган чарба субъектинин уставдык капиталындагыКыргыз Республикасынын мамлекеттик үлүшүнүн сатылышы, Кыргыз Республи-касынын тышкы карыздарын тындыруунун эсебине алмаштырылышы мүмкүн эмес,ажыратуунун ар кандай түрүнө берүүгө жана өзгөртүүгө жатпайт. Концессиялык макулдашуунун же 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростан-цияларынын жањыдан түзүлө турган чарба субъектинин уставдык капиталынауюштуруучу төгүм катары киргизүүнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењеши менен макулдашылууга тийиш. 1 жана 2-Камбарата гидроэлектростанцияларын куруу жана пайдалануубоюнча чарба субъектисинде түзүлө турган башкаруу органынын сандык ку-рамы уставдык капиталдагы үлүштөргө пропорционалдуу түрдө түзүлөт. Аталган объекттер боюнча инвестициялык келишимди иштеп чыгууда жа-на конкурс (тендер) өткөрүүдө комиссиялардын курамына Кыргыз Республи-касынын Жогорку Кењешинин депутаттары киргизилүүгө тийиш. 3-статья. Суу ресурстарын пайдалануу режими Кыргыз Республикасындагы суу ресурстарын пайдалануунун режими Кыр-гыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтү тарабынан жана мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген эларалыккелишимдер менен аныкталат. Нарын каскадындагы объекттердин - Камбарата 1 жана 2нин, Токтогулсуу сактагычынын өзгөчө маанисин эске алып, андагы суу ресурстарын пай-далануунун режими Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Курган учурда, пайдаланганда, ошондой эле Кыргыз Республикасындагысуу чарба курулмалар менен дагы башка жарандык укуктук бүтүмдөрдүтүзгөн учурда тиешелүү келишимде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабы-нан аныктала турган Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдалануу-нун режимин сактоонун шарттары каралууга тийиш. Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын пайдалануунун режимининшарттарын сактоо жөнүндөгү талаптар камтылбаган макулдашуулар менен ке-лишимдер жараксыз деп эсептелинет. 4-статья. Ушул Мыйзамдын жоболорун бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамдын жоболорунун бузулушуна күнөөлүү адамдар Кыргыз Рес-публикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. 5-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө: өзүнүн ченемдик укуктук актыларын жана чечимдерин ушул Мыйзамгаылайык келтирсин; Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамгаылайык келтирүү жөнүндөгү сунушту даярдасын жана Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин кароосуна берсин. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев