Редакцияот 31.07.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2007-жылдын 31-июлу №121                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ               Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине              өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө 2007-жылдын 25-июнунда                   Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган      1-статья.      Кыргыз Республикасынын  Граждандык кодексине (Кыргыз Республикасы-нын Жогорку  Кењешинин  Ведомосттору,  1996-ж., N 6, 80-ст.) төмөнкүдөйөзгөртүүлөр киргизилсин:     1. Кодекстин бардык тексти боюнча "камкордук жана көзөмөлдүк орга-ны" деген  сөздөр  тийиштүү  сандарда жана жөндөмөлөрдө "Үй-бүлөнү жанабалдарды колдоо боюнча бөлүм" деген сөздөргө алмаштырылсын.     2. 69-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:     "1. Райондук  мамлекеттик администрациялардын же болбосо жергилик-түү өз  алдынча  башкаруунун аткаруу органдарынын алдында түзүлгөн бал-дардын укуктарын  жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча адистеш-тирилген түзүмдүк бөлүмдөр үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм-дөр деп эсептелет.".     3. 70-статьянын  1-пунктунда  "аталган  органдарга"  деген  сөздөр"аталган бөлүмдөргө" деген сөздөргө алмаштырылсын.     4. 73-статьянын 1-пунктундагы биринчи сүйлөмдөгү жана 78-статьянын1-пунктунун биринчи абзацындагы "бул орган тарабынан" деген сөздөр "булБөлүм тарабынан" деген сөздөргө алмаштырылсын.     5. 86-статьяда:     1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:     "Жамааттык уюмдарды  каттоо  маселелери  тийиштүү  мыйзамдар мененжөнгө салынат.";     экинчи жана  үчүнчү абзацтар ылайыгына жараша үчүнчү жана төртүнчүабзацтар деп эсептелсин.     6. 152-статьянын  3-бөлүгүндөгү  "Кооперация жөнүндө" деген сөздөр"Кооперативдер жөнүндө" деген сөздөргө алмаштырылсын.     7. 153-статьянын  экинчи  сүйлөмүндөгү "үч" деген сөз "жети" дегенсөзгө алмаштырылсын.      2-статья.      Райондук мамлекеттик администрациялардын же болбосо жергиликтүү өзалдынча башкаруунун  аткаруу  органдарынын  алдында балдардын укуктарынжана мыйзамдуу  кызыкчылыктарын  коргоо боюнча адистештирилген түзүмдүкбөлүмдөр -  Үй-бүлөнү  жана  балдарды колдоо боюнча бөлүмдөр түзүлгөнгөчейин, милдетине  балдардын  укуктарын  жана  мыйзамдуу кызыкчылыктарынкоргоо кирген камкордук жана көзөмөлдүк органдары ишин уланта берет.       3-статья.      Бул Мыйзам  2007-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Үй-бүлөнүжана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн милдеттерин жөнгө салуучу жоболор-ду кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.     Кыргыз Республикасынын  Өкмөтү  үч  айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдикукуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.       Кыргыз Республикасынын Президенти                 К.Бакиев