Редакцияот 31.07.2007
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2007-жылдын 31-июлу №123                     КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ                 Камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдү            камсыздандыруу төгүмдөрүн өз убагында жана (же)           толук төлөбөгөндүгү үчүн кошуп эсептелген финансы             санкцияларын жана туумдарын төлөөдөн бошотуу                               жөнүндө  2007-жылдын 26-июнунда                  Кыргыз Республикасынын Жогорку                                         Кењеши тарабынан кабыл алынган       Кыргыз Республикасынын  ушул Мыйзамы мамлекеттик социалдык камсыз-дандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн  финансы-эконо-микалык абалын турукташтырууга жана колдоого,  алардын өткөн жылдардагыкамсыздандыруу акылары боюнча карыздарын алда канча толугураак тындыру-уга,   утурумдук  төлөмдөрдү  өз  убагында  төлөгөнгө  кызыгуусуна  демберүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджети-нин тењ салмактуулугун жакшыртууга багытталган.      1-статья.      1. 2007-жылдын  1-январына карата абал боюнча Кыргыз Республикасы-нын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча карызы бармамлекеттик социалдык  камсыздандыруу  боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнтөлөөчүлөргө жана  2007-жылдын 1-январынан тартып камсыздандыруу төгүм-дөрү боюнча  утурумдук төлөмдөрдү өз убагында жана толук көлөмдө төлөө-чүлөргө камсыздандыруу  төгүмдөрүн  өз убагында жана (же) толук төлөбө-гөндүгү үчүн финансы санкциялары жана туумдар төмөнкүдөй көлөмдөрдө жа-на учурларда жоюлат:     1) кошуп  эсептелген  финансы  санкцияларынын  жана туумдардын 100пайызы - 2007-жылдын 1-октябрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүм-дөрү боюнча негизги карыздарын толук төлөгөндө;     2) кошуп эсептелген финансы санкцияларынын жана туумдардын 50 пай-ызы - 2007-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдө-рү боюнча негизги карыздарын толук төлөгөндө;     3) бириккен дыйкан чарбаларынан,  айыл чарба азык-түлүктөрүн кайраиштетүүчү ишканалардан финансы  санкциялары  жана  туумдар  2008-жылдын1-январына чейинки мөөнөттө камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча негизги ка-рыздарын толук төлөгөн учурда 100 пайыз көлөмүндө жоюлат.     2. 2007-жылдын  1-январына карата карызы бар камсыздандыруу төгүм-дөрүн төлөөчүлөргө  кошуп  эсептелген финансы санкцияларынын жана туум-дардын 30 пайызын 2007-жылдын 1-июлуна чейин төлөгөн шартта гана финан-сы санкцияларынын жана туумдардын калган бөлүгү жоюлат.     3. 2007-жылдын  1-январына  карата  абал  боюнча  карызы  бар жана2007-жылдын утурумдук  төлөмдөрү  боюнча карыздын түзүлүшүнө жол бергенмамлекеттик социалдык  камсыздандыруу  боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнтөлөөчүлөргө ушул статьянын 1-пунктунун жобосу 2007-жыл үчүн камсыздан-дыруу төгүмдөрүн,  финансы  санкцияларын  жана  туумдарды толук төлөгөнучурда гана колдонулат.       2-статья.      1. Укук мураскорлугунун тартибинде укуктарын жана милдеттерин баш-ка жактарга өткөрүп бербестен өзүн-өзү жоюп жиберген ишканалардын,  ме-кемелердин, колхоз/совхоздордун финансы санкциялары жана туумдары боюн-ча түњүлткөн дебитордук карыздары жоюлсун.     2. Кыргыз  Республикасынын Социалдык фондуна карыздарын төлөбөстөнкудуретсиздик процессинин  жол-жобосун аяктаган камсыздандыруу төгүмдө-рүн төлөөчүлөрдүн  финансы  санкциялары  жана туумдары боюнча түњүлткөндебитордук карыздары жоюлсун.       3-статья.      Ушул Мыйзам  расмий  жарыяланган  күндөн  тартып күчүнө кирет жана2007-жыл ичинде колдонулат.       Кыргыз Республикасынын            Президенти                               К.Бакиев